Карабак жаңжалы: Түркиянын кийлигишүүсү, Армениянын дооматы

Карабахтагы жаңжал уланууда, тараптар бири-бирин артиллерия менен аткылоодо

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карабактагы жаңжал уланууда, тараптар бири-бирин артиллерия менен аткылоодо

Шейшембиде Түркиянын расмийлери Карабак жаңжалында Азербайжанды колдогон билдирүүлөрү менен чыкты. Түркиянын тышкы иштер министри тынчтык сүйлөшүүлөрү маңызын жоготконун жана Карабак көйгөйүн чечүүнүн убактысы келгенин айткан. Армения билдирүү жасап, согушка түркиялык аскер учактары түз аралашууда деп айыптады. Бирок азырынча далилдерди көрсөткөн жок.

"Биз бул маселени тынчтык жолу менен чечүү үчүн көп иштедик. Эми биз аны тамырынан чечкибиз келет",-деди Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу. Ал Анкарадагы Азербайжан элчилигине барды.

27-сентябрда Тоолуу Карабакта кагылышуу башталгандан тарта эле президент Режеп Тайип Эрдогандан баштап, түркиялык расмийлер Азербайжанды катуу колдоп жатат.

Тирешип жаткан тараптардын билдирүүлөрү мурдагыдай эле кыска жана анын чын-бышыгын текшерүү мүмкүн эмес. Шейшембиде эки тарап тең чабуулга өткөнүн кабарлады. Бирок кармаш тилкесинде кырдаал көп деле өзгөргөн жок.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу

Армения өзүнүн аймагында аба соккусуна учураганын айтууда. Бул операциянын жүрүшүндө түркиялык F-16 аскер учагы армяниялык Су-25 учагын атып түшүрдү, дейт Армения тарап.

Армениянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: азербайжандык аба күчтөрү эрте менен Армения аймагындагы Варденис шаарчасынын жака-белине аба соккуларын жолдогон. Мындан бир киши каза таап, чабуулду токтотууга армяндык аскер учактары абага көтөрүлгөн. Азербайжандын Гянж шаарындагы аэродромдон түркиялык F-16 учуп чыккан. Алардын бири Азербайжандын аба мейкиндигинде туруп, ракета менен армяндык аскер учагын атып түшүрдү. Буга далилдерди Армения көрсөткөн жок.

Түркия президентинин басма сөз катчысы Фахреттин Алтун бул айыптоону четке кагып, "түккө турбаган пропагандалык оюн" атады.

Тоолуу Карабахтагы Степанакертте тургундар болжолдуу чабуулдардан коргонуп, жер төлөгө жашынууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тоолуу Карабактагы Степанакертте тургундар болжолдуу чабуулдардан коргонуп, жер төлөгө жашынууда

Армения Орусия менен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө. Бул уюмдун мүчөлөрүнүн бирине чабуул болсо, башкалары көмөк көрсөтүү тууралуу милдеттеме алган. Бирок Тоолуу Карабак формалдуу түрдө Армениянын аймагы саналбайт. Азербайжандын эл аралык коомчулук тарабанын таанылган аймагы. Согуштук аракеттер ушул аймакта жүрүп жаткандыктан, ЖККУ же Орусия кийгилише албайт. Ошондуктан ок атышууну токтотууга чакырууда.

карта

Армениянын Орусиядагы элчиси Вардан Тоганян РИА Новости агенттигине берген маегинде, азырынча Ереван ЖККУга жардам сурап кайрылбаганын айтты. Бирок өлкө жетекчилиги бул маселени талкуулап жатат деп билдирген.

Эл аралык коомчулук тараптарды тынчтык сүйлөшүүлөрүнө үндөп жатат. БУУнун Коопсуздук кеңеши Армения менен Азербайжанды "тез арада согушту токтотууга" жана сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды. Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабактагы кырдаалды талкуулоо үчүн Нью-Йоркто чукул жыйынга чогулган эле. Шейшембиде Карабактагы кырдаал ЕККУнун Туруктуу кеңешинде талкууланды. (AbA)