Кытайдын экономикасы кайрадан өсүп жатат. Бул эмнеге маанилүү?

China's economy grew 3.2% in the second quarter following after a record slump.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

2020-жылдын экинчи кварталында Кытайдын экономикасы 3,2 пайызга өстү. Бул жаңылыкты дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер жылуу кабыл алды.

Дүйнөнүн экинчи ири экономикасы жылдын башындагы коронавируска байланыштуу карантин чектөөлөрүнөн улам катуу жабыркаган.

Адистер болсо соңку статистикадан кийин Кытайдын экономикасы жанданат деп айтуудан тартынып жатышат. Экономисттер бул өсүүдөн кийин көрсөткүчтөр кайрадан төмөндөйт деп жоромолдошууда.

line

Кытайдын экономикасы жанданабы?

Марико Ой, Би-Би-Синин Сингапурдагы кабарчысы

Анализ

Карантин чектөөлөрү алынгандан кийин Кытайдын экономикасы күтүлгөндөн тез өстү. Демек, Бээжиндин экономиканы колдоого багытталган кадамдары жемиштүү болду. Учурда заводдор ишин кайра жандантып, өндүрүштүн көрсөткүчтөр өсүп жатат.

Бирок өлкөгө маанилүү болгон тейлөө тармагы бийликтин үмүтүн актаган жок. Экинчи кварталда дагы кытайлыктар акчасын коротуудан карманды. Өлкө бийлиги кандай жолдор менен тейлөө тармагын жандантат дагы деле белгисиз.

Ошол эле учурда Гонконгго байланыштуу Кытай-АКШ тирешүүсү Бээжинге сокку болушу ыктымал. Дал ушул себептен эксперттер Кытайдын экономикасы кайрадан солгундайт деген жоромолун айтууда.

"Керектөөчүлөр Covid-19 вирусуна чейинки деңгээлде акча коротпой жатат. Бирок мунун көбү саякаттоо, ресторандарда тамактануу жана көңүл ачуу тармагы менен байланыштуу. Коронавирус пандемиясынан улам бул тармак жакын арада жанданбайт",-деди Deutsche Bank.

line
Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Май айында Кытай коронавирус пандемиясынан улам быйыл экономикалык өсүү максаты жарыяланбайт деп маалымдаган.

Ошондо Бээжин 1990-жылдан бери биринчи жолу 2020-жылга ички дүң өндүрүмүнүн өсүүсү боюнча так максат койгон жок. (AT)