Коронавирус: кытайлык ишкерлер келечегине кабатыр

Huang Xuefeng an employee at Lotus United in Jiangsu, eastern China.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Заводдо иштеген Хуаң Хуфеңдин эмгек акысы 50 пайызга кыскарды

Хуаң иштеген заводдо саналуу гана жумушчулар калды. Имараттын жарымы бош. Заводдун ээси Европадан кайтып келе албай жатканы менен АКШдан жаңы буюртмалар деле жок.

"Буга чейин күнү-түнү тынбай иштейт элек. Чет өлкөдөн улам жаңы буюртмалар келип турчу. Азыр жумушчуларды бошотууга аргасыз болуп турабыз, эмгек акысын төлөй албай калдык. Албетте, бул кадамга баргым келбейт, бирок айла жок. Бизнес жакында жабылат окшойт",- дейт Италиядан маек курган заводдун ээси Юля Якубова.

Lotus United Кытайдын жээк аймагында жайгашкан заводдордун бири. Ишкана дүкөндөрдө колдонулган темир буюмдарды жасайт. Заводдун жүздөн ашык кызматкери бар эле. Эми ишканадагы жабдыктар өчүрүлүп, жерде жаткан картондор көзгө урунат.

Хуаңдын эмгек акысы элүү пайызга же 200 долларга кыскарды.

"Азыр тапкан акча күнүмдүк тиричиликке гана жетет",- дейт ал. Хуаңдын жубайы дагы ушул ишканада эмгектенчү. Жумушсуз калган үй-бүлө учурда экономикалык кыйынчылыкка туш болду.

Хуаң менен жубайы миграцияда жүргөн миллиондогон кытайлыктардын бири. Алыскы кыштакта Хуаңдын кызы жана ата-энеси акча күтүп жатат.

"2012-жылы келгенбиз. Андан бери үйгө бара элекмин, акча жетпейт. Топтогон акчабызды кызыбызга, ата-энебизге салып турабыз. Азыр эми ал дагы жок",- дейт Хуаң.

The shop floor of manufacturer Lotus United in Jiangsu, eastern China.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Lotus United заводу дээрлик бош калды

Lotus United сыяктуу жеке менчик компаниялар Кытайда эң көп иш орун түзүп келген. Бирок пандемия кризисинен улам дал ушул заводдор жабылууда.

Соңку айларда Кытайдын бийлиги жана Коммунисттик партия мамлекет ээлик кылган ишканаларга жардам берип жатты. Өзгөчө өндүрүш, транспорт, телеком жана каржы гиганттары өкмөт тарабынан жардам алышты.

Ал эми Lotus сыяктуу ишканалар АКШ менен Европага байланып калгандыктан, бизнес жабылуу коркунучунда турат.

Жумушсуздук чоң көйгөйгө айланышы ыктымал

Кытайдын лидерлери жумушсуздук чоң көйгөйгө айланышы мүмкүн экенин мойнуна алышты. Коммунисттик партия жумушсуздуктун коомдук абалга таасиринен чочулап турат.

Апрель айында эле Ухань шаарында жумушсуздукка каршы чакан нааразылык акциялар өткөн. Соода борборлорунда дүкөндөрдү ижарага алып иштеткен ишкерлер жеңилдик талап кылышып, шаар бийлигине кайрылган. Мындай көрүнүш Кытайда көп катталбайт.

Worker Huang Xuefeng welding in a factory in Jiangsu, eastern China.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Lotus United жүзгө чукул кызматкеринин көбүн бошотууга аргасыз болду

Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян өткөн айда эле жумушсуздук өкмөт болжогон алты пайызга жеткенин айтып чыккан. Ошондой эле экспортко иштеген заводдорго колдоо көрсөтүлөрүн убада кылган.

Италиядан чыга албай жаткан Lotus United ишканасынын ээси Юля Якубова болсо үч айдан кийин бизнес кайра жанданат деп үмүттөнүүдө. Бирок өкмөт тараптан колдоо болбосо, чакан бизнестер кайра ачылбай калышы толук ыктымал.

Huang Xuefeng an employee at Lotus United in Jiangsu, eastern China.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хуаң Хуфең заводдогу ишинен айрылса, кайрадан дыйканчылык менен алектенүүгө аргасыз болот

Хуаң азырынча кыштакка кетпей турсамбы дейт. Ал жубайы менен күзүндө өлкөнүн түндүк тарабына көчүп барып, иш табууну караштырууда. Миллиондогон кытайлык мигранттын дал ушундай кадамга баруусу күтүлүүдө.