Экономикага сокку: коронавирус мигранттарды үйүнө кайтарды

Үй-бүлөсүн багуу айласы менен чыгып кеткен мигранттар жылдап балдарын көрбөй калышат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үй-бүлөсүн багуу айласы менен чыгып кеткен мигранттар жылдап балдарын көрбөй калышат
    • Author, Наргиза Рыскулова
    • Role, Би-Би-Си, Бишкек

Орусия аймагында иштеп жүргөн жүз миңдеген мигранттар карантинден улам жумушсуз калды. Эмгек мигранттарынын айрымдары мекенине кайтууда. Ал жакта жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе.

Кыргызстандын экономикасы мигранттар тапкан каражатка көз каранды. Ошондуктан мигранттардын кайтып келиши экономикага олуттуу таасирин тийгизет. Муну менен карапайым кишилердин жашоосуна дагы оорчулук жаралбай койбойт.

23 жаштагы кыргызстандык мигрант Дамир соңку бир жарым жылдан бери Москвадагы курулуш тармагында иштеп жүргөн. Март айында анын такыр акчасы калбай калды. Анткени ал иштеген курулуш жумушун убактылуу токтотуп, акыркы эки айдын айлыгын берген эмес. Айылдагы карыган ата-энеси, эки кызы Дамирдин колун карап жашайт.

"Бир жыл мурун эгиз кызыбыз төрөлгөндөн кийин унаамды үч миң долларга сатып, Москвага келдим. Ага чейин Бишкекте такси кызматында иштегем. Күнүмдүк тапкан каражатым менен үй-бүлөнү багуу кыйын болорун түшүндүм. Кээде жалаяк сатып алганга дагы акчабыз жетпей калчу",-дейт Дамир.

Дамирдин жубайы 21 жаштагы Майрам балдары менен ата-энесинин үйүндө калган. Эч кимиси иштебегендиктен ай сайын күйөөсүнөн келген акчага муктаждыктарын алышат. Биринчи кезекте бир айлык азык-түлүк камдап алып, электр жана башка төлөмдөрдү жабышат.

Анан калган ачкага балдар үчүн кийим-кечек сатып алып, башка керектөөлөрүбүзгө жумшайбыз, деп айтып берди Майрам.

Эгерде Дамир көп каражат жөнөтүп калса, ага мал алып коюшат. Жайында жайлоого чабанга беришет.

жайлоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жайлоо

"Мал кармаган жакшы инвестиция. Акчаны жөн эле жок кылып салышыбыз мүмкүн. Мал-жандык алып койсок, күзгө чейин акчасы кошулуп, сатканда пайда түшөт. Акыркы жолу өзүмө бирдеме сатып алган учурумду эстей албайм",-деди Майрам.

Дамирдин ата-энесинин чакан үйү бар. Үч бөлмөлүү, анчейин чоң эмес там аркасы менен. Майрам кайненеси экөөлөп помидор, бадыраң жана картөшкө эгип алышат.

Дамирдин салган акчасынан сырткары үй-бүлөнүн дагы бир кирешеси апасынын пенсиясы. Айына 6000 сом (80 доллар) өлчөмүндөгү пенсиянын көбү кайра эле өзүнүн (диабет) дарылануусуна кетет.

Жаш жубайлар Москвадан иштеп үйүн жаңылап, жаңы автоунаалуу болууну кыялданышкан.

Орусияга жумуш издеп агылган жаштардын көбү элет жеринен. 6,5 миллион калкы бар өлкөнүн 72 пайызы айыл жеринде жашайт.

2019-жылдагы маалыматтар боюнча ар бир бешинчи тургун жакырчылыкта жашайт.

Бул деген 1,3 млн кыргызстандык күнүгө бир жарым доллар менен тирчилик кылат дегендик. Улуттук статистика комитетинин эсебинде, эгерде мигранттардан акча которуулар болбогондо калктын 30 пайызы жакырчылыктын сазына батмак.

Ар кандай эсептөөлөр боюнча Орусия аймагында жашап, иштеген кыргызстандыктар саны 600 миңден миллионго чейин. Алар которгон каражат өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн үчтөн бирине барабар.

6,5 миллион калкы бар өлкөнүн 72 пайызы айыл жеринде жашайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 6,5 миллион калкы бар өлкөнүн 72 пайызы айыл жеринде жашайт.

Тилекке каршы 2020-жылы мигранттар которгон акча кескин кыскарды. Кыргызстандын Улуттук банкы биринчи кварталда 19 пайыз кыскарганын ырастады. Бул соңку үч жылдагы эң төмөн көрсөткүч.

Аймактагы башка өлкөлөрдөн барган мигранттар дагы жумушунан жана кирешесинен ажырады. Өзбек бийлиги ырастагандай, жарым миллион мигрант мекенине кайтып келди. Тажикстанда дагы акча которуулар кескин кыскарып, мигранттардын колун карап жашаган миңдеген үй-бүлөлөр каржалып жатат.

Дүйнөлүк банктын божомолунда, коронавирус пандемиясынан улам мигранттар которгон акчалар 20 пайызга чейин кыскарат. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттардын которуулары 28 пайызга чейин азайышы мүмкүн.

Кыргызстан үчүн мигранттар салган каражаттын кыскарышы экономиканы олку-солку кылат.

"Мигранттардан келген каражат улуттук валютаны жана калктын жашоо сапатын кармап турат. Бул акчаларсыз Кыргызстанда жашоо кыйындайт",-дейт экономист Нургуль Акимова.

"Жыргаган жашоодон келмек белек"

Адатта кыргыз мигранттары үй алсам же үй курсам, автоунаалуу болсом, үйлөнүү той өткөрсөм деген максаттар менен сыртка жумуш издеп чыгып кетет.

Көп учурда үйүндөгүлөр банктан насыя алып, миграцияга бараткан жакыны жакшы иштеп төлөйт деп үмүттөнүшөт. Улуттук банктын маалыматына караганда, жашы жеткен кыргызстандыктардын ар бир бешинчисинин банктан насыясы бар.

Москвада мигранттар чогулуп алып, батир жалдашат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москвада мигранттар батирди чогулуп алып жалдашат. Алар акчасы арзан болсун деп, тыгылып жашаганга дагы макул

45 жаштагы Гүлнура банктагы насыясын жабуу үчүн акча табам деп, Москвага эки жыл мурун келген. Насыянын үй курам деп жолдошу алган. Насыя алуу үчүн жолдошунун ата-энесинин үйүн күрөөгө коюшкан. Бирок банктан алган акчага жер тилкеси менен эле пайдубалын түптөөгө мүмкүн болду. Калган каражаттын баарын Гүлнара иштеп жаап жатат. Алардын беш баласы бар.

Гүлнура акыркы жолу карантиндин алдында каражат жөнөткөн. Эки айдан бери жумушу жок олтуруп калды. Банктан алган насыянын карызы өсүп жатат. Эгер карызды төгө албаса, күрөөгө койгон ата-энесинин үйүнөн дагы айырылып калышы мүмкүн.

"Жыргаган жашоомон балдарымды таштап, бөтөн жерде жүрмөк белем. Жолдошум экинчи топтогу майып, жумушу жок. Кыргыздын салты боюнча ата-энесинин үйү эң кичүү баласына калат. Биз үй салалы деп насыя алганда эле, сыртка иштеп келүүгө менин чыгаарым чечилген",-деди Гүлнура.

Гүлнара Кыргызстанда банкта кассир болуп иштечү. Москвага келгенден кийин банкты жууп-тазалап иштеп калды. Карантин маалында көптөрдү үй шартында иштөөгө жөнөткөндө, анын жумушу дагы кыскарып кетти.

Үч айдан бери башка жумуш таба албай жатат. Дүйнөлүк банктын белгилөөсүндө, пандемияга чейин эле мигранттар дискриминация жана ксенофобияга кабылып келген. Жумуш ордун кыскартууга туура келсе, биринчи эле мигранттардан башташат.

Эгерде пандемия тууралуу алдын ала билгенде, балдардын кашында болот элем дейт Гүлнура. Эң кичүү баласы жакында эле төрт жашка чыкты. Аны эки жашында калтырып келген. ЮНИСЕФ маалыматы боюнча эмгек миграциясынан улам Кыргызстандагы балдардын 12 пайызы ата-энесинин биринин мээримин көрбөй эр жетүүдө.

Үйгө кайтуу

москвадагы кыргыз элчилиги

Сүрөттүн булагы, Stanislav Krasilnikov/TASS

Кыргызстанда эмгек миграциясы өлкө ичиндеги жумушсуздукту жапкан жана жакырчылыктын чегинен чыгууга жардам берген бирден бир жол болуп калды.

Кыргызстандагы айлык менен өзүңдү араң камсыздай аласың, дейт 15 жылдан бери Орусия аймагында иштеген Гүлзада. Бул аралыкта ал апасына үй куруп берип, инилеринин биринин жогорку билим алуусуна шарт түздү. Гүлзада карантин маалында жумушсуз олтуруп калып, үйүнө дагы каражат жөнөтө албай калды. Бирок буга карабастан Москвада калууну туура көрдү. Жакында эле орус жарандыгын алган.

"Өткөн жылы үйгө кайтып барып, Бишкекте иштөөгө аракет кылдым. Кызмат көрсөтүү тармагында, мисалы, кафе жана ресторандарда айлык акы 10-15 миң сом. Ал эми Орусияда үч эсе көп аласың. Бишкекте батир акчасы жана азык-түлүк арзан эмес. Анан кантип акча топтоого болот, элестете албайм",-деп айтып берди Гүлзада.

Акча которуулардын көбү Орусиядагы мигранттардан келет. Орусиядагы элчиликтин маалыматына караганда, кыргыз мигранттарынын жарымынан көбү жумушунан айрылды. Алардын кайсыл бир бөлүгү мекенине кайтууга мажбур болот.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанга 10 миң мигрант кайтып келди. Дагы 11 миң киши алып кетүү өтүнүчүн билдирген. Айрым божомолдор боюнча 100-200 миң мигрант мекенине кайтып келиши мүмкүн.

Дамир Кыргызстан менен Орусия ортосундагы аба каттамдары токтоп калган маалда үйүнө кайтууга мажбур болду. Жүздөгөн мекендештери менен чогуу орус-казак чек арасында эки апта туруп, атайын жөнөтүлгөн автобус менен мекенине кайтып келди. Эми ал Кыргызстанда жумуш табышы керек. (AbA)