Москвада чайналган мигранттар: же үйдөн жок, же жумуштан жок

Сүрөттүн булагы, Vladimir Gerdo/TASS
Орусияда пандемиядан эң катуу жабыр тартып, биринчи сокку алган мигранттар болду. Алар мамлекеттик жардамга дагы үмүт арта алышпайт. Би-Би-Си карантин шартында Москвада мигранттар кантип жашап жатканына кызыкты.
"Мен жумушсуз калуудан аябай коркчумун. Батирге төлөй албай, балдарды Кыргызстанга жөнөтүп, алар менен жылдап көрүшпөй калуу деген эмне? Өзүңдү күнөөкөр сезип, колуңдан эч нерсе келбей турганын билгенде катуу азаптанасың. Нике шакегимди дагы ломбардга таштоого мажбур болдум",-дейт мигранттардын бири Гулиза.
Алар жолдошу экөө тең эки айдан бери жумушсуз олтурат. Батирине төлөй албай, ар кимден карызга алып, акыры жердештери жашаган "хрущевка" үйгө көчүп келүүгө аргасыз болушту.
Бул үйдө жашаган үч балалуу үй-бүлө алар менен тапканын чогуу ортого коюп, эптеп күн көрүп жатышат.
Гулиза Москвага 2000-жылдары келген. Ал Бишкектен юридикалык академияны бүтүргөн. Ошол маалда жумушсуздук күчөп турган эле. Үч жаштагы уулун жолдошуна калтырып, Орусиядан бакыт издөөдөн башка арга таба алышкан эмес. Алгач сатуучу болуп ишке кирет.
"Миграцияга жол ачылганда көптөр жарым жыл иштеп, жакшы акча таап, кайра артка кайтып жатышты. Башында алты гана ай жүрөм деп келгем. Бирок жумуш таап, кичине акча топтогонго бир жыл өтүп кетти. Анан жолдошум дагы Москвага иштөө үчүн келди. Бирок балабызды алып келүүгө чамабыз жетпейт эле. Уранды Ысык-Көлдөгү чоң энесинин колуна бердик",-дейт Гулиза.
12 жылдан кийин гана өспүрүм куракка келип калган Уранды алып келишет. Бирок ал Москвадагы мектепте болгону жарым жыл окуду. Үч жыл мурун Гулиза кичүү кызын төрөп, декретке чыккан. Үйдө кол куушуруп олтуруп калбай, мигранттарга юридикалык кеңеш берип, сотто котормочу болуп дагы иштеп баштайт. Марттын соңунда соттор ишин убактылуу токтотту. Күйөөсү эмгек келишим жок иштеп жүргөндүктөн, ага пандемия башталгандан берки үч айлык маянасы берилген эмес. Гулизанын юридикалык билими деле 150 миң рублду төлөтүп алууга жардам бере алган жок. Эмгек келишим жок болгондуктан, аны өндүрүү мүмкүн эмес эле.

Үйгө кетип калууга болбойт
Миграцияда жүргөн он үч жыл ичинде Гулиза мекенине бир нече ирет келип кеткен. Орусияда өзүнө карата дискриминацияга түтпөй, чыдабай кеткен учурлары болгонун айтат. Бирок Бишкекте оңдуу жумуш болбогондуктан, кайра эле артка кайтып барууга аргасыз эле. Гулиза кемсинтүүгө чыдап, башка мигранттар сыяктуу эле полициядан чочулап жүрдү.
"Биз орустар менен аралашып эле өстүк. Ошондуктан менде өзбек, орус же кыргыз деп улутка бөлүү деген түшүнүк жок эле. Муну Москвага келгенде билдим. Бул чыны менен эле өтө оор тийди. Сени киши катары кабыл албаганын көрүү кандай оор".
Мына ушул жагдай Бишкектен барган юрист кыздын билим алуусун улантып, Орусиянын мыйзамдарын дагы өздөштүрүүсүнө себеп болду. Түн ичинде супермаркетте кассир болуп иштеп, күндүзү укук боюнча билим алат. Ошентип үч жылдан кийин юриспруденция боюнча магистратураны бүтүрөт.
Биз юрист Валентин Чупиктин кеңсесине баш бактык. Бул жерде мигранттарга бекер колдоо көрсөтүшөт. Гулиза ыктыярчы болуп иштеп, коронавируска кабылган, полицияга кармалган, эмгек акы боюнча маселе чыгып калган, айтор түрдүү суроолор боюнча мигранттарга телефон аркылуу кеңеш берүүдө.
Гулизанын үч баласы бар: эң кичүүсү Жаркынай үч жыл мурун Москвада төрөлдү. Ата-энеси жумушсуз калып, кыйналып баштаганда 16 жаштагы өспүрүм уулуна кошуп, балдарын Кыргызстандагы чоң энесине жиберишти. 8 жаштагы кызы Малика чоң энесинин колунда болчу.
"Балдарыбызды айлап, жылдап көрбөй калабыз. Алар кантип чоңоюп жатканын билбейбиз. Ортончу кызым апа деген ким экенин деле билбей калды. Биз балдарыбыз менен эч качан чогуу бир үстөлгө олтуруп тамак жеген жокпуз",-дейт Гулиза.
Макала жарыяланар алдында Гулиза кайрадан сотто иштеп баштаган. Ал котормочулук кылып, саатына 200 рубль акча алат. Анын жолдошу азырынча жумуш таба элек.

Сүрөттүн булагы, Sergei Savostyanov/TASS
Марттын орто ченинен тарта эпидемияны токтотуу максаты менен чек аралар жабылды. Өзбекстан 16-марттан тартта аба каттамдарын токтотту. Тажикстан 20-марттан эл аралык учуулар үчүн аэропортторун убактылуу жапты. Кыргызстан дагы вирусту жайылтпоо чарасы менен ушундай кадамга барды. Орусиянын ири шаарларында бул өлкөнүн жарандары аэропорттордо учак күтүп апталап туруп калышты. Жумуш токтоп, мигранттар өз үйүнө кайта баштагандан пайдаланып, айрымдар алдамчылык менен билет сата баштаган. Июндун башында Орусиядагы Тажикистандын элчилиги "автобуска билет сатып жаткандарга ишенбегиле" деген билдирүү таратты.
Мигранттарды чартердик каттамдар менен үйлөрүнө алып чыгып кеткен учурлар болду. Алар өз мекенинде 14 күн карантинде кармалып турууга тийиш. Айрым учурда кармалган шарттардын начардыгынан нааразылык чыгып кетти.
Миграция Борбор Азия өлкөлөрүнүн көпчүлүк тургундары үчүн үй-бүлөсүн багуу, бутка туруунун негизги жолу бойдон кала берүүдө.
Орусиянын Борбордук банкынын маалыматы боюнча өткөн жылдын биринчи кварталында Орусиядан Өзбекстанга которулган акчанын көлөмү 818,354 млн долларды түздү. Ал эми Тажикистан - 462 млн доллар, Кыргызстан - 453,344 млн доллар. Өзбекстан калкынын 7% эмгек мигранттары түзүп, ички дүң өндүрүмдүн 10% алардын үлүшүндө. Өзбек мигранттарынын эки миллиону Орусия аймагында эмгектенет.
Орусиянын Эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат боюнча академиясынын эсеби боюнча, жалданган жумушчу мигранттардын 54 пайызы жумушсуз калды же акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыкты. Мигранттардын 32 пайызы киреше булактарынан ажырады. Изилдөөдө Орусиядагы мигранттар эпидемиологиялык жактан эң кооптуу абалда деп көрсөтүлөт. Мигранттар топтошуп, көбүнчө жатаканаларда жашайт. Апрелде ушундай жайлардын биринен коронавирус чыгып, бирок үй ээлери өз алдынча карантин киргизип, сыртынан жаап салган.
Эскертүүсүз эле сыртынан жаап салганы мигранттар арасында наарызылыкты жаратты дейт укук коргоочулар. (AbA)












