Дүйнөнүн ири экономикасы кризистен чыгууда

АКШда жумушсуздук кескин өсүп кеткен

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШда жумушсуздук кескин өсүп кеткен

Дүйнөнүн ири экономикасын түзгөн АКШ коронавирустан кийинки жоготуулардан соң өзүнө келе баштады. Саясатчылар кризис башталбай туруп бүттү деп кубанып жатышат. Бирок экономисттер эртелей кол чабуунун кереги жок экенин, вирустун тийгизген тескери кесепети узакка барып айыгаарын айтууда.

Covid-19 илдетинен өлгөндөр саны боюнча АКШ эң алдыңкы орунда. Мындай курч кырдаал Дональд Трамптын ноябрда өтө турган президенттик шайлоодогу абалына сөзсүз кедергисин тийгизет. Ак үй көңүл жубатпаган абалды унутуп, шайлоо өнөктүгүнө батыраак аралашып кетүүгө шашылууда. Ошондуктан күзүр катары экономикалык абалды бетке кармап чыкты.

Трамп соңку апталардагы көңүлгө толгон статистиканы чогулган шайлоочуларга жеткирүүгө шашты.

Трамп

Сүрөттүн булагы, AFP

"Силердин кирешеңер бир аз азайды. Бирок биз кайра баарын ордуна алып келип бердик. Биздин феноменалдуу экономикабыз бар. Алдыдагы үчүнчү кварталда бизди кереметтер күтөт. Эгерде 3-ноябрь күнү (шайлоо) келесоолук кылбасак, кийинки жылы биздин экономика тарыхтагы эң мыкты учурду жашайт",- деди Трамп Оклахомадагы тарапташтарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Албетте, анын оптимисттик маанайына шылтоо бар. 11 аптадан бери жумушсуздар саны азайып, өндүрүш жанданды. Бирок Ак үйдүн мындай кубанычын бөлүшпөгөндөр дагы бар. Американын Борбордук банкынын жетекчиси Жером Пауэлл:

"Соңку күндөрү айрым индикаторлор экономикалык активдүүлүк калыбына келип жатканын көрсөтүүдө. Ошол эле маалда товар чыгаруу жана кызмат көрсөтүүлөр мурдагыдай эмес. Экономиканын качан калыбына келиши тууралуу так айтууга мүмкүн эмес",- деди.

Трамп кубануу менен жар салган статистикадан Пауэлл бир катар көңүл түшүргөн жагдайларды таап чыкты. Май айында эмгек базары калыбына келип, 2,5 млн. жумуш орду ачылып, жумушсуздук 13,3 пайызга кыскарды. Буга макул дейли, бирок февралда эле бул рекорддук төмөн деңгээлде болчу (3,5 пайыз) дейт Пауэлл. Пандемия маалында 45 млн. америкалык жөлөк пул сурап кайрылган.

Өндүрүш май айында жанданганы менен мурдагыдан 15 пайыз төмөн бойдон кала берүүдө.

Трамп бийликке келгенде жылына 4-6 пайызга чейин экономикалык өсүүнү убада кылган. 2018-жылы 3 пайызга дагы жетпей калды. 2019-жылы 2,3 пайыз болду.

АКШ антикризистик жардам үчүн мамлекеттик казынадан чоң каражат бөлүп берген. Дагы жардам бөлүү зарылдыгы айтылганы менен азырынча сенат муну колдой элек.

Ак үй экономика акырындап өзүнө келип жатат десе, айрым экономисттер кубаттуу стимулятор болбосо, калыбына келүү кыйын дейт.