"Жардам акчалардын эсеби кайда?": коронавирус боюнча кырдаал өкмөттү жарга такады

Москва

Сүрөттүн булагы, SERGEI BOBYLEV/TASS

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда коронавирус боюнча абал курчуду: бейтаптарга ооруканаларга батпай, дарыгерлердин шайы ооп жатат. Эң зарыл медициналык жабдыктар жетишсиз болуп жатканын Саламаттык сактоо министрлиги ачык айта баштады.

Жетиштүү убакыт болсо да эпидемияга каршы чабал даярдык көрдү деп өкмөткө сындар күчөдү. Элеонора Сагындык кызынын макаласы.

Эксперттер кыргыз өкмөтүнө эпидемиологиялык кырдаал кандай өнүгөрү тууралуу алдын ала эсептөөлөр берилгенин айтышууда.

"Өкмөткө май айында эл боло турган сценарий тууралуу маалымат беришиптир. Карантин алынары менен оорунун жайылышында кандай өсүш болот, ошонун баары белгилүү болчу. Бирок чара көрүлбөдү. Ооруканаларда 1700 орун бар деп коюп тынчып калышкан. Бирок бүгүн билине баштады, орундар даяр эмес болгон, даарыканадагы дары-дармсек тартыштыгын көрүп жатасыздар, эң керектүү антикоагулянт деген дарылар такыр жок. Дарыканалардын кампаларында да жок деп жатышат. Сценарий белгилүү болчу, даярданыш керек эле да",- деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин байкоочу кеңешинин муруну өкүлү Айбар Султангазиев.

Учурда өкмөт алдында эки негизги көйгөй орун алды: өлкөдө врачтар аз болуп, өз алдынча дем ала албай калган бейтаптар үчүн кислороддук концентраттар таңкыс болууда.

Премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүнкү басма сөз жыйынында жеке менчик медициналык борборлорду элге бекер кеп-кеңеш берүүгө чакырып, медициналык окуу жайлардын студенттери кошумча күч катары тартыларын билдирди. Ал эми жасалма дем алдыруу жабдыктарынын ири партиясы апта соңунда Кытайдан алынып келинет.

Кубатбек Боронов

Сүрөттүн булагы, official

"Кээ бир кемчиликтер болуп атат, биз аны моюнга алабыз, анын үстүндө иштейбиз. Дүйнө жүзүндө биздикиндей маселе. Өнүккөн, акча каражатынан, материалдык базадан, илимий жактан өнүккөн, эч кандай маселеси жок держва мамлекеттердеги бүгүнкү акыбалды караңыздар. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу биздики жакшы деп айткым келбейт, ошентсе да мамлекеттин акылабына, экономикалык мүмкүнчүлүккө жараша аткаруу бийлиги колунан келгенин жасап жатат",- деди өкмөт башчы.

Азыркы кейиштүү жагдайдан улам коомчулукта коронавируска каршы күрөшкө деп келген акчалардын эсеби кайда деген суроо көтөрүлүүдө. Мындан улам Каржы министри бүгүн сырттан которулган каражаттардын чоо-жайы боюнча отчет берди.

Ош шаары

Сүрөттүн булагы, social media

Бактыгүл Жээнбаева сырттан жардамдын барандуу бөлүгү (408,1 миллион доллар) бюджетти колдоого суралганын билдирди. Кыргыз өкмөтү анын 291,1 миллионун алып, аны айлык акы, социалдык төлөмдөргө жумшаганы белгилүү болду.

"Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында өнөктөштөр тарабынан 56 миллион АКШ долларына тете инвестициялык долбоорлорд тартып келүүдө. Дүйнөлүк Банкттан 9 миллион келип Саламаттыкты сактоо министрлигине 4,8 миллионунуа медициналык жабдуу алынды. Калган акчага ал жабдыктарды коюу жана тендер өткөрүлүп, жакын арада поставкалар болот".

Министр белгилегендей, вирустун жайылышын алдын алуу боюнча кыргыз өкмөтү калган 51,5 миллион долларды күтүп жатат, аларды алуу үчүн тийиштүү документтер парламентте араң 25-июнда гана жактырылды.

Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаев коомдук сайттардагы баракчасында Каржы министрлиги өзүнүн бюрократизми менен азыр орун алып жаткан көйгөйлөрдүн башкы себепчиси болуп калганын жазды. Жыл башында эле мамлекеттик сатып алуулар механизмин жөнөкөйлөштүрүп, саламаттыкты сактоо системасын ийкемдүү каржылоого өтүшү керек болчу, деди өлкөнүн башкы стратеги.

Ал тапта өкмөткө үмүт артпай жарандык коом өз алдынча мобилдешип, медайымдардын ыктыярдуу тобу түзүлүп, ишкерлер сырттан жасалма дем алдыруу аппараттарын ташууну уюштуруп жатышат.