Кыргызстан: вирус жуктургандар саны бир айда үч эсеге өстү

Сүрөттүн булагы, med.kg
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо расмийлери бир сутка ичинде Сovid-19 инфекциясынын 526 жаңы учуру катталганын билдирди. Анын ичинен Бишкек шаарында 211 жаңы учур аныкталган.
- Чүй облусу - 231
- Ош ш. - 19
- Ош облусу - 6
- Нарын облусу - 3
- Жалал-Абад облусу - 27
- Талас облусу - 1
- Баткен облусу - 18
- Ысык-Көл облусу - 10
Вируска кабылгандардын жалпы саны 6261 жетти. Бир ай ичинде үч эсеге өсүп, акыркы аптада эң жогорку көрсөткүчтөр катталууда.
Өткөн суткада 4 бейтап каза болду. Алар 56-71 жаштын ортосундагы курактагылар. Жалпы жоготтуулар 66 кишиге жетти.

Сүрөттүн булагы, official
Мындай кырдаал өлкөнүн анысыз да чабал саналган саламаттыкты сактоо тармагын оор абалга кептеди. Ооруканаларда орун жетишпей, бейтаптарды караганга дарыгерлерди чамасы жетпей жатканын даттангандар болууда. Бирок өкмөт дүрбөлөң түшпөөгө чакырып жатат. Бишкекте кырдаал оор болгон үчүн башка аймактардан ыктыярдуу дарыгерлер баш калаага жибериле турганы айтылды. Медицина кызматкерлеринин арасында вирус жуктуруп алгандар көп. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада 18 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыккан.
Жалпысынан республика боюнча Covid-19 диагнозу 921 медицина кызматкерине коюлган. Алардын ичинен 464 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкканы айтылды.
"Калк арасында терс маанай жараткан жана дүрбөлөң түшүргөн такталбаган маалыматтар өтө ыкчам тарап жатат. Ооба, белгилүү бир кыйынчылыктар бар. Алсак, бейтаптар үчүн орундар ыкчам толуп калууда. Ооруканалардагы кезектер коркуу сезимин пайда кылып жатат. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн биз жана дарыгерлер бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз",-деди премьер-министр Кубатбек Боронов.
Өкмөт окуу жайлардын жатаканаларын бейтаптар үчүн даярдап жатат.
"Бүгүнкү күндө актуалдуу маселелердин бири - бул дары-дармектердин баасы. Көптөгөн дарыканалар суроо-талап жогору дары каражаттарынын бааларын кескин көтөрүп жиберишти. Буга жол берилбеши керек. Бааны негизсиз көтөргөндөрдүн баары мыйзам чегинде жоопко тартылат. Азыр адамдардын башына түшкөн кыйынчылыктан пайда издебей, жардам бере турган учур", - дейт премьер-министр.
Бийлик фармацевтикалык базардагы абалды көзөмөлдөө убадасын берүүдө.
Дүйнөдөгү абал:
















