“Карантинди бузгандардын суу жана электр жарыгы өчөт”: Бишкекке жаңы эрежелер кирди

Сүрөттүн булагы, meria.kg
Кыргызстанда Covid-19 жуктуруп алгандар саны күн сайын көбөйүп жатат. Өзгөчө баш калаа Бишкектеги абал оорлошууда. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 5735 кишиден вирус аныкталса, анын көпчүлүгү Бишкекте - 2392.
Өкмөт кырдаал оорлошуп бараткандан улам Бишкек шаарына жаңы эрежелерди киргизди. Ага ылайык коомдук транспорт, тамактануучу жайлар, соода түйүндөрү белгилүү убакытта гана иштейт.
Бишкек шаарындагы жаңы иш тартиби
Бишкек шаарынын аймагында төмөнкү иш тартиби орнотулду:
- Коомдук транспорт (троллейбустар, автобустар, маршруттук такси): иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00 дөн 21.00гө чейин, ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү толук токтотулат;
- Кафе, ресторан, коомдук тамактануучу жайларына саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин иштөөгө уруксат берилди;
- Супермаркеттер, соода борборлору саат 07.00дөн кечки 19.00 ге чейин иштейт;
- Бишкек шаарындагы базарлар күн сайын саат 06.00дөн баштап кечки 17:00 чейин иштешет.

Төмөнкү ишмердүүлүктөргө иштөөгө тыюу салынат:
- Велосипед ижарага берүү пункттары, балдар оюн аянтчалары менен батуттар, жана башка көчөдө уруксатсыз соода жүргүзүү пункттары жана тейлөөнүн түрлөрү;
- Тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. ААК "Түндүкэлектро" жана "Бишкек суу каналга" кабыл алынган нормаларга ылайык, карантин режимин бузгандыгы үчүн суу жана электр жарыгын өчүрүү сунушталат.
- Балдар оюн -зоок мекемелери, футбол аянтчалары жана оюн аянтчалары.
- Мэрия парк, сквер, бульвар, борбордук аянт жана башка коомдук жайларга барууга чектөө койду.

Сүрөттүн булагы, official
"Карантин тартибин бузгандар боюнча чараларды күчөтөбүз, рейддердин саны да көбөйөт, ал эми айып пулдар эскертүү чараларын көрбөстөн, дароо салынат", - деп билдирди Бишкектин мэри Азиз Суракматов.
Анын айтымында, мэрия тарабынан райондук администрацияларга, жергилиликтүү аймактык башкаруулардын башчыларына тийиштүү кызматтар менен биргеликте райондордун аймагында күн сайын текшерүүлөрдү өткөрүп туруу тапшырылды. Базарларга, соода борборлоруна, коомдук унаага жана көп адам чогулган жайларга өзгөчө көңүл бурулат.
«Ички иштер башкармалыгы, шаардык милиция бөлүмдөрү жана участкалык милиционерлер тургундар, райондук активисттер жана бизнестин субъекттери менен санитардык ченемдерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Саламаттык сактоо башкармалыгы жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору оорунун очокторун аныктоо үчүн мобилдик топтордун ишин күчөтүшү зарыл", - деп кошумчалады А. Суракматов. (AbA)








