Кыргызстанда пневмониядан каза тапкандар көбөйдү, АКШда абал оор

ITU technician monitors a patient

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда өткөн суткада Сovid-19 инфекциясын жуктуруп алган он киши каза тапты. Бир суткада жаңы 506 учур катталды. Анын 230 учуру Бишкектен аныкталды.

"Ооруканадан сырткары пневмония жуктуруп алган (Сovid-19 тастыкталбаган) стационардагы бейтаптардын саны - 1724. Реанимацияда - 112, оор абалдагылар 337 адам. Бир сутка ичинде 23 бейтап пневмониядан каза болду",-деди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда, дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандар саны 10,7 млн. жетип, анын ичинен 516 миң бейтап каза тапты.

картасы

Дуйнө боюнча тастыкталган учурлар

Group 4

Интерактивдүү картаны көрүү үчүн браузерди жаңылаңыз

Булак: Жон Хопкинс университети (Балтимор, АКШ), Жергиликтүү бийлик

Соңку жаңыланышы 2022-ж., 5-июль 13:59 GMT+6

БУУнун Коопсуздук кеңеши пандемия башталгандан бери биринчи резолюциясын кабыл алып, дүйнөдөгү куралдуу жаңжалдарды үч айга токтотуп турууга чакырды. Covid-19 тарашын алдын алуу үчүн ушундай кадамга барышыбыз керек деди уюм.

Мунун алдында эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөргө кайрылып, коронавирус менен күрөшүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарганын эскерткен. Уюмдун адистери Сирия жана Йемен сыяктуу жаңжал жүрүп жаткан өлкөлөрдө медиктер оорунун тарашын көзөмөлдөй албай калганын айтууда.

АКШда абал оор

Лос-Анжелестеги парктардын биринде каалоочуларга коронавируска тест берип жатышат

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лос-Анжелестеги парктардын биринде каалоочуларга коронавируска тест берип жатышат

АКШда суткалык рекорд катталып, бир күндө 52 миң жаңы учур аныкталды. Эң оор кырдаал Техас, Флорида жана Калифорния сыяктуу ири штаттарда жаралды.

Инфекция катуу жайылып жаткан чакта Дональд Трамп медициналык беткап боюнча пикирин өзгөрттү. Буга чейин беткап тагуудан пайда жок деп келген эле.

АКШнын башкы эпидемиологу Энтони Фаучи эгерде оорунун тарашын токтотуунун механизми табылбаса, эпидемия кыйраткыч абалга өсүп жетет деп эскертүүдө.

Эпидемия башталгандан бери АКШда 2,7 млн киши ооруну жуктуруп алды жана өлүм-житим 128 миң кишиге жетти.

Европадагы жаңы чектөөлөр

Париж жана бир катар шаарларда дарыгерлер пандемия менен күрөштө мамлекет тарабынан жетиштүү жардам болбой жатканынан нааразылык билдирүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Париж жана бир катар шаарларда дарыгерлер пандемия менен күрөштө мамлекет тарабынан жетиштүү жардам болбой жатканынан нааразылык билдирүүдө

Францияда эпидемиянын экинчи толкунун күтүп жатышат. Бийлик ишкана-мекемелерге беткаптын кеминде он апталык запасын камдап алууга кеңеш берди.

"Биз кийинки окуу жылынын башталышына даярдык көрүп жатабыз. Вирус кайтып келет деген тобокелчилик бар",-деди Франциянын каржы жана экономика министри. (AbA)