Кытай Гонконгду мыйзам аркылуу оздуктагысы келет

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдын эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитети алдыдагы үч күнгө созулган жыйынында Гонконгдун коопсуздугуна байланыштуу мыйзам долбоорун карай баштады.
Бул талаш жараткан мыйзам долбоору автономия аймагында терроризмге, жикчилдикке, чет элдик таасирге каршы күрөшүүгө Бээжинге кеңири укуктарды берет.
Ошондуктан Гонконгдо мыйзам кабыл алынып калса, азыркы шарттагы жарандык жана саясий эркиндик жок болот деген кооптонуу бар.
Мыйзам кабыл алынып калса, 2019-жылдан бери бийлик менен активисттердин тиреши уланып жаткан шаардагы кырдаал радикалдуу өзгөрүшү мүмкүн.
Жаңы чаралар Түштүк-Чыгыш Азиядагы бизнес борбор саналган Гонконгдун макамына таасирин тийгизет.
Гонконг 1997-жылы 1-июлда Улуу Британиядан Кытайга өтүп, атайын административдик району макамын алган. Бээжин болсо ички саясатына кийгилишпөө убадасы менен өткөрүп алган. Өзгөчө макамдагы Гонконгдун өзүнүн мыйзамдары бар. Ал мыйзамдар сөз эркиндиги, сот органдарынын көз карандысыздыгын кепилдикке алат. Мындай мыйзамдар Кытайдын өзүндө жок.
2019-жылы Гонконгдо кылмышка шектүүлөрдү материктеги Кытайга экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзам долбооруна каршы айыгышкан нааразылык жүрүштөрү өтүп, бүт дүйнөнүн көңүлүн бурган.











