Гонконг Тяньаньмэндеги кандуу окуяны эскерди
Мындан 30 жыл мурун Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтындагы кандуу окуяны эскерүү үчүн Гонконгдо миңдеген кишилер чогулду.
30 жыл илгери Тяньаньмэнь аянтындагы студенттердин нааразылык акциясы күч менен басылган. 1989-жылы болгон бул кандуу окуяга кытай бийлиги азырга чейин өзүнүн баасын бере элек. Айрым маалыматтарда жүздөгөн активисттер каза тапканы айтылып жүрөт.
Гонконг жана Макаодон башка жерде кишилердин массалык чогулушуна уруксат жок. Кытай бийлиги жалгыз гана ушул жерде кандуу окуянын курмандыктарын эскерүүгө расмий макулдук берген. Уюштуруучулар эскерүү акциясына болжолу 180 миң катышканын ырасташты. Полиция болсо 40 миң чамалуу киши катышты деп кабаралды.
Кытайдын башка аймактарында жергиликтүү бийлик Тяньаньмэнь окуясы тууралуу сөз кылууга дагы тыюу салат.
1989-жылы Бээжиндеги аянтта болгон каршылык жүрүшү 15-апрелден 4-июнга чейин уланган. Соңунда өтө катаал жазалоо менен кууп таратылган.

Унутууга мүмкүн эмес
Грейс Цой, Би-Би-Си, Гонконг

Сүрөттүн булагы, Reuters
Көпчүлүгү кара кийинген кишилер үн, сөзү жок, колдоруна шам кармап турушту. Айрымдарынын көзүндө жаш. Эскерүү акциясына келгендер ырдап да жатышты. Жаңырган ырлар бир саамга токтой калганда "Эл эч качан унутпайт" деп кыйкырышты.
Ошол кандуу окуялардын катышуучусу Тереза Чандын эл алдында туруп: "Биз ал окуяны унуттуруу аракетине каршыбыз. Биз калпка ишенбейбиз!",-деген чакырыгын чогулгандар кол чабуу менен кубаттады.
Тереза Чан 1990-жылдан бери эскерүү иш-чарасына үзбөй катышат. Бир гана жолу катуу ооруп калып, келе албай калган экен.
"Аягы ушундай окуя менен бүтөт деп ким ойлоптур. Унутуу өтө кыйын",-деди Чан.
Акцияга келгендердин бири Люн иш-чарага биринчи жолу катышууда. Ал Гонконгдун келечегине кайдыгер эмесмин дейт.
Жагылган шамдар жана гүлдөр арасында каршылык маанайды көрсөткөн плакаттар көзгө урунат. Анда экстрадициялоо боюнча мыйзамдык өзгөртүүлөргө каршы чакырыктар жазылган. Көптөр бул мыйзамдык өзгөртүү Гонконгдун аймагындагы жарандык эркиндикти чектейт деп чочулап турушат. Эгер өзгөрүүлөр кирсе, Гонконгдун аймагында кармалган бозгундарды кайра Кытайдын ички бөлүгүнө кайтарууга жол ачылат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Тяньаньмэнь аянтындагы окуянын 30 жылдыгы Вашингтон менен Пекин ортосундагы кайым айтышууларга дагы себеп болду. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытайдагы адам укугу боюнча кырдаалды сынга алды. Кытай бийлиги акыры Тяньаньмэнь аянтында окко учкандардын санын айтышы керек деди ал.
Кытайдын Вашингтондогу элчилиги Помпеонун сөзү кытай элин мазактагандык деп баалады.
1989-жыл

Сүрөттүн булагы, AFP
1989-жылдын апрелинде демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган жүз миңдеген киши Тяньаньмэнь аянтын ээлеп алышкан. Ошону менен коммунисттик Кытайдын тарыхындагы эң масштабдуу каршылык жүрүшү башталып, 15-апрелден 4-июнга чейин уланат.
3-июнда кечке жуук аянтты көздөй танкалар жылып келди. Куралсыз демонстранттарга каршы аскерлер ок чыгарган. Аянтта кан төгүлдү. Бирок кийин бийлик бир гана киши каза тапты деп билдирген эле. Чынында бир нече миң киши каза тапканы тууралуу маалыматтар айтылып жүрөт. (AbA)
*













