Москва менен Гонконгдогу митинг: полиция кандай тактиканы колдонууда?

Сүрөттүн булагы, Maxim Grigoryev/TASS
Москва менен Гонконг шаарларында ири нааразылык акциялар өтүүдө. Эки шаарда демонстрациялардын масштабы айырмаланып турат, бирок бийлик окшош тактиканы колдонуп жатканын байкаса болот.
Коопсуздук кызматтардын стратегиясын түшүнүү үчүн Би-Би-Си Гонконгдогу демонстрациянын лидери Жошуа Вонг менен Орусиядагы демонстранттар менен сүйлөштү.
Массалык маалымат каражаттары Гонконг шаарынын полициясы демонстранттарга карата ашыкча күч колдонгонун жазууда. Москвадагы митинг учурунда аялды курсакка урган милиция кызматкерин изделип жатат. Гонконг менен Москвада митингчилерди таратуу үчүн башка аймактардан милиция күчтөрү дагы тартылган.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Күч колдонуу
Москвада нааразылык акцияга чыккандар полиция аларды көчөдөн эле сабап, кармап кетип жатканын даттанууда. Маселен, Хамовник районунун депутаты Александр Парушиндин башын жарып кетишкен. 27-июлда полиция дизайнер Константин Коноваловду кармап, анын бутун сындырышкан. Коновалов өзү митингге катышууга эмес, чуркоо үчүн көчөгө чыкканын билдирген. Ал Орусиянын тергөө комитетине арызданганы менен, "эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес" деген жооп алган экен.
Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков полициянын аракеттери "негиздүү" болгонун билдирди. Кремль полиция демонстранттар тарабынан зомбулукка туш болгонун айтууда.

Сүрөттүн булагы, VASILY MAXIMOV/AFP via Getty Images
Нааразылык акциялардын лидерлеринин бири Жошуа Вонгдун айтымында, Гонконгдо полиция башында демонстранттарга карата түтүмдүү мамиле жасап келгени менен, кийин тактикасын өзгөрттү.
Полиция эми көздөн жаш агызган газ менен желим ок колдоно баштады. Би-Би-Сиге берген маегинде Вонг демонстранттар Гонконг аэропортун ээлеп алгандан кийин полиция ашыкча күч колдонуп баштаганын айтууда. Нааразылык акциялардын лидери бул аркылуу күч түзүмдөрү жалпы элге эскертүү берүүгө аракеттенип жатат деген пикирде.
Гонконгдун башчысы Керри Лэм шейшемби күнү басма сөз жыйынын өткөрүп, полициянын ашыкча күч колдонгонун айыптады. Жетекчи бул кадам "артка кайтып келүү жолун бууп" жатат деп белгиледи.
Демонстранттардын арасындагы чагымчыл аракеттер
Жошуа Вонг Гонконгдо демонстранттар акция учурунда полиция кызматкерлерин аныктоо аракетин көрүп жатканын айтты. 12-августта коомдук сайттарга сары шлем кийген демонстранттын видеосу жарыяланган. Анда бул киши митингчилердин лидерлерин кармап кетүүгө полицияга жардам берип жатканын көрсө болот.
Ошондой эле видеодо бети канап жаткан демонстрантты коопсуздук кызматкерлеринин формасын кийбеген эки адам сүйрөп барып, полицияга тапшырып жатканы көрүнөт. Оппозициялык Hong Kong Free Press басылмасы демонстранттардын арасына кирген коопсуздук кызматкерлери полициянын аракеттерин башкарып жатканын дагы жазып чыкты.
"Биз полиция демонстранттардын арасына кызматкерлерин киргизгенин так билебиз. Алар нааразылык акцияга кошулуп, активисттерди кармап жатат",-дейт Вонг.
Полиция болсо мындай дооматтарды адатта четке кагат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Москвадагы демонстранттар дагы полиция менен атайын кызматтын өкүлдөрү нааразылык акцияга кошулуп, чагымчыл аракеттерди жасайт деген пикирде.
Муну тактоо мүмкүн эмес, бирок коомдук сайттарда митингчилердин дооматына далил болгон видеолор көп. Мисалы, 10-августта митинчилер Грузия менен Украинанын туусун көтөрүп жүргөн кишилерди тасмага тартып алышкан. Алардан "кайсыл мамлекеттин туусун көтөрүп жүрөсүң" деп сурашкан, бирок "чагымчыл аракетке" барды делген кишилер суроого жооп бере алган эмес.
27-июлда видеоблогер Алексей Романов тарткан тасмада, демонстранттардын арасынан жаш жигит чыгып "полицияга кол салалы" деп кыйкырып, акырын жок болуп кеткени так көрүнгөн. Нааразылык акциянын лидерлери жаш жигит полицияга күч колдонууга жол ачып берүү үчүн чагымчыл аракетке барган дешүүдө.
Демонстранттарды таратуу тактикасы
Москвада демонстранттарды топтошкон полиция кызматкерлери кармап кетүүдө. Тизилип турган полиция кордондон эки же үч кызматкер чыгып, демонстрантты кармап, кайра кордондун артына кирип кетип жатты. Мындай учурда полиция кызматкерлери демонстранттардын арасынан лидерлерди, караламан топту башкарып жаткан кишилерди кармап жатат.
Эгерде демонстранттар полициянын аракеттерине тоскоолдук жаратышса, коопсуздук кызматкерлер союл же муштум менен митингчилерди колго же бутка урууда. Бирок коомдук сайттарга тараган видеого полициянын жаш кызды курсагына уруп жатканы дагы түшүп калган. Кармалып бара жаткан кыз полицияга каршылык деле көрсөткөн эмес.
Атайын багыттагы полиция бөлүмү демонстранттарды таратып жатканда дагы союлдар колдонулат. Биринчи катарда калкан менен тизилип турган кызматкерлер болот, алардын артынан союл менен уруп жаткандар бар.
Көп учурда атайын багыттагы полиция кызматкерлери демонстранттарды экиге бөлүп салууга аракеттенет. Ошондо топтошкон элди башкаруу жеңилдейт. Алгач караламан топту экиге бөлүп, андан кийин бөлүп отуруп митингчилер майда топторго айланат. Мындай жагдайда демонстранттарды кармап кетүү дагы оңой болот.
"Алар демонстранттарды курчоого алып, эч жака чыгарбай коет. Ошол эле учурда "тарагыла" деп кыйкырып турушат. Бирок эч жака кете албайсың. Полициянын ушундай тактиканы колдонуп жатканын көрсөткөн мисалдары абдан көп. Тверскойдо болду, Цветной бульварда дагы ошондой болду. Алар демонстранттарды курчоого алып, бөлүп отуруп барын кармап кетишти",-дейт бир нече нааразылык акцияга катышкан Данила Гулин.
Гонконгдо мындай тактика колдонулган жок. Шаардагы нааразылык акциялар бир нече айга созулду, демонстранттардын саны жүз миңден миллионго чейин жетүүдө.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Митингчилердин саны абдан көп болгондуктан Гонконгдун полициясы башка тактиканы колдонууга мажбур. Москвада полиция менен демонстранттар бири-бирине жакын турса, Гонконгдо позициялык кармаш байкалат. Коопсуздук кызматкерлер чоң калкан кармап, алыстан көздөн жаш агызган газ колдонот. Митингчилер алыстан туруп жооп берет.
Полиция митингчилерди көздөй жылса, калкан көтөргөн кордон тизилип, жай жылып турат. Колонна демонстранттарга жакындаганда, калкандын артында тизилип турган кызматкерлер суурулуп чыгып, митингчилерди бөлүп алууга аракеттенет. Эгерде тактика иштесе, полиция жаңы "чынжыр түзүп", аз сандагы митингчилерди караламан топтон бөлүп калат.
Башка аймактардан тартылган күчтөр
Москва шаарындагы акцияларды көзөмөлдөө үчүн коопсуздук кызматкерлер башка шаарлардан келет. Москва шаарына Владимирск, Калужск, Рязан, Тверск, Тульск, Смоленск, Ярослав менен Москва областарынан төрт жүзгө чукул кызматкер алынып келингени айтылат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жошуа Вонг Гонконгдо дагы ушундай тактика колдонулуп жатканын белгиледи.
"Ченджин, Гуанчжоу жана башка аймактардын кызматкерлери Гонконгго тартылды деген маалымат бар. Алар жергиликтүү полициянын формасын кийип, демонстранттарга күч колдонушууда",-дейт "Кол чатыр ыңкылабынын" лидери.
Талдоочулар миллионго чукул демонстранттарга жергиликтүү полиция кызматкерлеринин алы жетпегени үчүн башка аймактардан тартылып жатышы ыктымал экенин айтышууда. Бирок Гонконг өзгөчө макамга ээ болгондуктан, алар Кытайдын Ички иштер министрлигине жооп бербейт. Ал эми Гуанчжоудон барган полиция кызматкери "күч колдонгула" деген буйрукту дароо аткарат. Дал ушул себептен Гонконгго башка аймактардан кызматкерлер тартылып жатышы ыктымал. Кытайдын полициясынын демонстранттарды тез арада күч менен тараткан мисалдар тарыхта көп.
Бирок Кытайдан коопсуздук кызматкерлери Гонконгго жөнөтүлгөнү ачыкталса, дүйнөлүк коомчулук аны саясий билдирүү катары кабыл алмак. (AT)












