Коронавирус:11-майда көп өлкөлөр карантинди алат

Сүрөттүн булагы, Vyacheslav OSELEDKO / AFP
Британдык Daily Telegraph басылмасынын жаңы саны "Үйдөн чыкпагыла деген кеңеш жокко чыкты" деген башкы макала менен жарык көрөт.
Британиянын өкмөтү карантинден чыгуу боюнча планын жекшемби күнү жарыялайт. Daily Telegraph өкмөттөгү булактарына шилтеме берип, өзүн изоляциялоо режими кийинки аптада жокко чыгарылат деп жазды.
Шаршембиде британ өкмөтүнүн башчысы Борис Жонсон парламенттеги кайрылуусунда, чектөөлөр келерки аптадан жеңилдей баштарын айткан. Бирок чектөө чараларынын кайсынысы жеңилдей турганын так айкан эмес. Daily Telegraph кабарлагандай, "зарылчылык болбосо үйдөн чыкпагыла" деген эрежени алып салышат.

Сүрөттүн булагы, Daily Telegraph
Бирок көпчүлүк окумуштуулар, оппозициялык саясатчылар жана айрым жарандар мындай кескин чечимдер шашылыш кабыл алынып калды деп эсептейт. Маселен, интернеттин британ сегментинде ата-энелердин бийликти мектепти ачпай турууга чакырган петициясына кол жыйнап жатышат. Ата-энелер эпидемиянын экинчи толкуну басаңдап, коркунуч артта калгандан кийин ачкыла деп сунуштады.

11-майда Кыргызстан дагы карантин чараларын жеңилдеткен бир катар чараларга барды. Өткөн аптада кыргыз өкмөтү коронавирустан улам бир нече аптадан бери токтоп калган ишкердикти кайра жандантуунун планын жарыялаган эле. Бирок азырынча окуу жайлар, мектептерди ачуу тууралуу сөз болгон жок. Толук тизме менен бул жерден таанышыңыз.

Сүрөттүн булагы, Artyom Geodakyan/TASS
Кийинки аптадан тарта Орусия дагы карантин чараларын жеңилдете турган болду. Шаршембидеги жыйында бул үч этап менен ишке аша турганы айтылды. Жарандардын таза абада спорт менен алектенүүсүнө уруксат берилет. Андан кийин сейилдеп чыгууга коюлган чектөө алынып, үчүнчү этабында мектептер, окуу жайлар, дүкөн, ашканалар ишин баштайт. Социалдык аралыкты кармануу эрежелери кириши мүмкүн.
"Өтө шашып кадам таштаган дагы болбойт. Кандайдыр бир шалаакылык же шашуунун кесепети оор болот. Кичинекей катачылык эле жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратат. Ошондуктан өкмөт жана регионалдык бийлик кабыл алып жаткан чечимдердин баары так эсептелип, анын жоопкерчилиги оор болорун эстен чыгарбоо зарыл. Муну унутпайлы",-деди Орусиянын президенти Владимир Путин.
Бирок мындай жеңилдиктер Москвага тиешелүү эмес. Шаардын мэри Сергей Собянин өндүрүш ишканалары жана курулуш ишин жанданта турганын айтты. Бирок өзүн изоляциялоо режими кала берет деп билдирүү жасады.

Германияда Бундеслиганын беттештери жандана турган болду. Бул тууралуу канцлер Ангела Меркель шаршембидиги жыйында билдирди. Бирок футболчулар күйөрмандары жок, бош стадиондо оюндарын уланта алышат.
Меркель бир катар карантин чаралары токтотула турганын айтты. Дүкөндөрдүн баары ишин жандантат жана мектептер ачылат. Өлкө эпидемиянын биринчи фазасынан өттү, деди ал.
"Ушул маалда биз вирустун жайылышын басаңдатып, саламаттыкты сактоо системабызга кошумча оорчулук түзгөн жокпуз. Ошондуктан карантин чараларын жеңилдете алабыз. Жарандарыбыз жоопкерчиликтүү болуп, чектөөлөргө баш ийип, өзүнүн жана жакындарынын өмүрүн сакташты",-деди канцлер басма сөз жыйынында. (AbA)








