Covid-19: Ирандык авиакомпания Жакынкы Чыгышка вирус тараттыбы? Британияда өлүм-житим көбөйдү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шейшембиде Британияда өлүм-житим көп катталып, Европадагы Covid-19 вирусунан эң катуу жабыр тарткан өлкөлөрдүн сап башына чыкты.
Улуттук статистика бюросу (ONS) өлкө боюнча вирустан каза тапкандар саны 32 миңге жеткенин айтты. Британдык Daily Telegraph басылмасы расмий булактарга шилтеме берип, карантин чаралары киргизилгенге чейин эле өлкөгө коронавирус жуктурган кеминде 20 миң киши келгенин жазды. Алардын 300 чамалуусу гана карантинге жөнөтүлгөн. Басылма ДССУ формуласы менен эсептегенде, инфекцияны алар болжолу дагы 50 миң киши жуктурган деген тыянак чыгарат. Андан ары чынжыр болуп уланып кеткен.
Британдык Хоум-офистин маалыматы боюнча, 1-январдан марттын соңуна чейин өлкөгө сырттан 18,1 млн киши кирген. Бирок тиешелүү медициналык текшерүүлөр уюштурулган эмес.
Бул боюнча коомдук иликтөө жүргүзүү чакырыгы менен чыккандар болуп жатат.
Би-Би-Си иликтөөсү: ирандык авиакомпания Жакынкы Чыгышка Covid-19 алып барганбы?

Би-Би-Синин Араб кызматынын иликтөөсү боюнча, ирандык Mahan Air авиакомпаниясы Жакынкы Чыгышка Covid-19 вирусун таратууга түрткү болгон. Анткени бир катар өлкөлөр аба каттамдарын токтотконуна карабастан, учууларын уланта берген. Иранда февралдын этегинде коронавирус дүрт алгандан кийин дагы авиакомпания учууларын токтоткон эмес. Компаниянын учуулар боюнча маалыматтары январдын соңунан марттын аягына чейин Mahan Air жүздөгөн каттамдарды ишке ашырганын көрсөтүп турат. Каттамдар Иран менен Ирак, Бириккен Араб Эмирлиги жана Сириянын ортосунда болгон.
Каттамдардын экипажы вирусту жуктуруп алуулары мүмкүн экенин айтып чыгышканда, аларды коркутуп-үркүтүп унчукпоого мажбурлашкан, дейт иликтөөчү журналисттер.
Ливан менен Ирактагы булактарына таянып, Би-Би-Синин Араб кызматы бул өлкөлөргө Covid-19 алгач Mahan Air каттамы аркылуу келгенин тастыктады.
19-февралда ирандык студент Тегерандан аталган компаниянын W55062 каттамы менен Ирактагы Нежефге учуп келген. 24-февралда бул студент Ирактагы биринчи Covid-19 жуктуруп алган киши катары расмий катталды.
20-февралда болсо, ливандык аял Кум шаарынан зыяраттан кайтып келген. Ал Тегеран аркылуу Mahan Air менен W5112 каттамында Ливанга учкан. Эртеси күнү эле Ливандагы вирустун алгачкы учуру катталып, ушул аялдан табылды.
Mahan Air бул окуялардан кийин дагы учууларын уланткан. Ирак бийлиги 20-февралда Иран менен аба каттамдарын жапканын билдирген эле. Бирок ошондон кийин деле кеминде 15 каттамды кабыл алган.
Ошондой эле Би-Би-Си иликтөөсү Covid-19 эпидемиясы Кытайда күчөп турган маалда дагы Mahan Air Иран менен кытайлык төрт чоң шаардын - Бээжин, Шанхай, Гуанчжоу жана Шэньчжэн ортосундагы каттамдарды ишке ашырып турганын көрсөтөт. Мунун өзү Иран Кытай менен 31-январда аба каттамдарын токтоткону тууралуу жар салганы менен, эрежени кайра бузганын көрсөтүп турат. (AbA)








