Орусияда кырдаал оорлошууда: эки күн катарынан он миңден ашуун коронавирустун жаңы учуру катталды

Сүрөттүн булагы, Artyom Geodakyan/TASS
Орусияда коронавирус инфекциясынын жаңы 10 581 учуру катталды. Кече күнү дагы он миңден ашуун учур катталган. Акыркы суткада 76 киши көз жумду.
Вирус жуктуруп алгандардын 50,6 пайызы мурда ооругандар менен байланышта болгон, деп айтылат расмий маалыматта. Вирусту жуктуруп алган жаңы учурлар төрт күн катары менен көп катталды.
Орусия вирус жуктуруп алгандар саны боюнча дүйнөдө жетинчи орунга чыгып, Түркиядан ашып түштү.
Роспотребнадзор маалыматына таянсак, өлкө боюнча 4,3 млн. лабораториялык изилдөө жүрдү. Акыркы суткада эле коронавирусту аныктоо үчүн 184 миңге чукул анализ алынган.




