Орусия: коронавирустун жаңы учурлары Москвада көп катталууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Акыркы суткада Орусияда коронавирустун 5849 жаңы учуру аныкталды. Өлкө боюнча жалпысы болуп вирус жуктургандар 68 622 киишге жетти.
Жаңы аныкталгандардын 2957 учуру Москвага тиешелүү. Орусия баш калаасында коронавирустун 36 897 учуру катталды. Акыркы суткада 60 киши көз жумуп, өлкө боюнча өлүм-житим 615 кишиге жетти.
Вирусту жуктуруу темпи төмөндөп барып, кайра көбөйө баштады. Шаршембиде 5236 жаңы учур катталып, анын жарымы (2 548) Москвадан табылган. Бейшембиде 4774 жаңы учурдун 1959у Москвадан аныкталган.

Москванын вице-мэри Анастасия Ракова жергиликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюсунда, Covid-19 менен күрөшүү үчүн шаардык саламаттыкты сактоо тармагынын 40 пайыз ресурстары тартылганын кабарлаган.
Анын айтымында, шаарда оор абалдагы бейтаптар саны көбөйүп жатат. Айрымдарынын өпкөсү катуу сезгенген. Ошондуктан ооруканаларда кошумча орундарды даярдап жатышат.
Орус бийлиги буга чейин 9-майдагы Жеңиш парадын башка күнгө жылдырган эле. (AbA)




