Москва: “Тез жардам” чакыргандан корккон, оорусун жашырган мигранттар

Ээнсиреген метролор
    • Author, Калыйнур Калмурза уулу
    • Role, Москвадагы журналист

Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын арасында ооруп калганын жашырып, үй шартында дарыланып жаткандар көп болууда. Ошол себептүү анын ичинде канчасы коронавирус менен ооруганын да так аныктоо мүмкүн болбой жатат.

Москвада ооруп калган мигранттар көбүнчө "Тез жардам" чакырбайт, анткени полиция билип калса, анда депортация кылып жиберет деп коркушат. Бир батирде он киши жашаса, ар биринин каттоосу ар башка даректе.

"Тез жардам" чакырганга уруксат жок

25 жаштагы Эсен карантинге байланыштуу курулуштагы жумушу токтогондон кийин үйдө отуруп, ооруп калды. Аны менен батирде чогуу жашаган балдар катары менен ооруп чыгышты.

"Мен үйдө туруп эле ооруп калдым. Температурам көтөрүлдү. Тез жардам чакырайын десем, батирди ижарага берген адам макул болбой койду. Анын себеби, бул жерде жашагандардын каттоосу башка райондо. Айла жок, дос балама айтып такси чакырттык, жеке менчик поликлиникага барып ийне сайдырып жакшы болдум. Эмне менен ооруганымды деле так билбейм, дарыгерлер суук тийген деп коюшту",- дейт Эсен.

Үйдө дарыланган мигранттар COVID-19 илдети менен оорудубу же кадимки тумообу, так билишпейт.

Алардын бири Гүлиза. Ал эки бөлмөлүү батирдин бир бөлмөсүндө үч адам чогуу жашайт. Экинчи бөлмөдө төрт бала жашайт экен. Батирдеги адамдар катары менен ооруп баштаганда, алар муну жөн гана сасык тумоо деп ойлошкон.

"Жеңил грипптей болуп оорудук баарыбыз. Биринчи жанымдагы адам ооруду, анан мен оорудум, андан кийин жанымдагы эже ооруду. Меники дем алуум бир аз кыйындады. Аба жетпей терезе жакка барып жаттым. Тамагым аябай ооруду. Тузга чайкадым. Дары ичип жаттым. Биз грипп болуп калдык деп ойлогонбуз. Дене табым ысып чыкты. 1-2 күндө жакшы болуп кеттик. Дарыгерлерге деле барган жокпуз. Кыздар азыр үйдөбүз. Балдар жумушта",- дейт Гүлиза.

Москвада коронавируска чалдыккандар саны отуз миңге чамалады

Сүрөттүн булагы, Vladimir Gerdo

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москвада коронавируска чалдыккандар саны отуз миңге чамалады

"Ооруну жашырсаң,..."

Москвада COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн Кыргызстандын элчилигинин алдында медициналык кеңеш берүүчү кыргыз дарыгерлеринин тобу иштеп жатат. 15 дарыгердин ар бири күнүгө кеминде алтымыштан оорулууга кеңеш берүүдө. Алар өз кезегинде мигранттар "ооруну жашырса, өлүм ашкере кыларын" эскертип жатышат.

"Квартираларда көп киши жашайт да. Жашырып атын да айтышпайт. Канча киши экенин да айтышпайт. Биз болгон кеңешибизди берип жатабыз. Атайын жардам көрсөткөн борборлорго кабар бербеген себеби, квартирадан чыгарып салат же коронавирус аныкталып калса, жумуштан чыгарып салат деп коркушат. Айрымдары ооруканага камап салат экен деп ойлошсо, кээ бири депорт кылып жиберет экен деп коркушат. Ошентип жашырышат. Биз колдон келген кеңештерибизди берип жатабыз. Көпчүлүгү жакшы даары, витаминдерди ичип жакшы болуп кетип жатышат. Өтүшүп кеткендер өздөрү да күнөөлүү. Алар жашырынып эч кимге айтпай жатып алып ушул абалга келүүдө",-дейт дарыгер айым.

Мигранттардын көбү "Тез жардам" чакыргандан коркушат

Сүрөттүн булагы, Valery Sharifulin

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мигранттардын көбү полицияга билинип калат деп "Тез жардам" чакыргандан коркушат

Миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын көпчүлүгү жаштар, ошол себептүү вирус алардан жеңил өтүп кетип жатышы мүмкүн. Көпчүлүгү үйүндө дарыланууда. Бирок оорлошуп кеткендер да жок эмес.

"Вирус жаш организмдин иммунитети күчтүү болсо, жеңе албайт. Бирок бир топко алын кетирип коюп жатат. Себеби вирус кандын гемоглобинин жеп кетет. Ошондон алсырап калып жатышат. Ал эми өнөкөт оорусу бар, анан жашы улгайгандарга оор келип атат. Кечээ эле 12 адамды госпитализацияга жаткырдык. Өтүшүп кетпесин деп аракет кылып жатабыз."

Дарыгерлер бул ооруну бардык эле жаш организм жеңип кетет дегенден алыс. Айрыкча миграцияда жүргөн жаштардын ден-соолугу мыкты деп кепилдик берүүгө болбойт:

"Жаштардын иммунитети жогору дегенибиз менен байкуштар күн көрбөсө, 12-14 сааттан иштешсе, тамактарын деле үнөмдөп бүт акчаларын үйлөрүнө салышса буларда каяктагы иммунитет. Жаш организм бул жаш клеткадан турат да. Азыр айтканыбызды алып ичип атышат. Кальций, омега ич деп атабыз. Ооруп айккандан кийин алым куруп атат деп жатышат".

Мигранттар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москвада бир жакка барыш үчүн азыр электрондук уруксат алыш керек

Орусиядагы мигранттар арасында коронавирустан каза болгондор тууралуу маалымат жок. Ал эми аны жуктуруп алгандардын так санын аныктоо кыйын. Анын себеби, көпчүлүк мигранттар оорусун жашырып жаткандыгында:

"Бир жерде 30 бала ооруп жатыптыр. Жумуш берүүчүлөрүнө да айтышпаптыр. Чалып алып, аттарын айтышпайт. Телефондон чын айтып атабы, жалганбы, биз да билбейбиз да. Жакшы болгонуңар жазып тургула, күчөп баратса айткыла, өпкөңөргө суу толуп кетпесин дейбиз. Биз ким чындап ооруганын тез жардамга алып кетип, алар ооруну аныктаганда гана билип калып атабыз",-дейт дарыгер.

Орусия пандемияга байланыштуу карантиндик чараларды күчөтүлгөн тартипте киргизген. Москвада тургундар бир жакка барыш үчүн мэриянын сайтынан электрондук өткөрмө уруксат алуусу шарт. Бул кыргызстандык мигранттардын көчөгө чыгуусун ого бетер оорлотту. Анын себеби, көпчүлүк мигранттардын жашаган жери башка, катталган жери башка.

Москва
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баягы кыйма-чийме эл каттаган Москва азыр жок

Ушул аптада жалпы Орусия боюнча COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 62 миңден ашты. Анын жарымы Москвада болсо,Москва облусунда жети миңден ашык катталды. Учурда Орусияда жүргөн кыргызстандыктарс аны 750 миңден ашуун. (Ооруган мигранттардын аты-жөнү өзгөртүлдү).