Акция уюштурмак болгон укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова менен Бермет Бөрүбаеваны милиция алып кетти

- Author, Заирбек Бактыбаев, Би-Би-Си
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
13-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын алдында тынчтык жыйынын өткөрүүгө уруксат берилген жок. Ал эми анын уюштуруучуларын, укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова менен Бермет Бөрүбаеваны милиция Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына алып кеткени маалым болду. Бул маалыматты милиция да ырастады.
Төлөкан Исмаилова мурдарак Фейсбук баракчасына өзүнө байланышкан милициянын материалдарын да жарыялаган.
Документке ылайык, 2026-жылдын 12-мартында интернет-ресурстарга жүргүзүлгөн мониторинг учурунда Tolekan Ismailova аттуу Facebook аккаунтунда "коомдук резонанс жараткан жана колдонуучулардын терс реакциясын пайда кылган" маалыматтар аныкталганы, бул факт Бишкек милициясынын Тергөө кызматында №02-051-2026-016958 номери менен катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганы айтылат.
Ошондой эле аккаунт ээсинин өздүгү такталгандан кийин, анын иш жүзүндө кайсы жерде жашап жана жүргөндүгүн аныктоо, тиешелүү жаранды Тергөө кызматына процессуалдык аракеттерди жүргүзүү жана түшүнүк кат алуу үчүн алып келүүнү камсыз кылуу тууралуу жазылган.
Бишкек милициясы укук коргоочу Төлөкан Исмаилова баштаган активисттерди кармап, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн ырастады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
"Милиция кызматкерлери тарабынан жагдайды тактоо үчүн 1954-жылы туулган Т.И., 1988-жылы туулган Б.Б. жана 1971-жылы туулган Б.С. Бишкек шаардык ИИББге жеткирилди. Тиешелүү материалдар толтурулгандан кийин алар коё берилет. Колдо бар маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун муниципалдык администрациясынын имаратынын алдында "КР жарандарынын тынчтык чогулуштарына эркиндик" аттуу акциясын өткөрүү пландалган. Милиция кызматкерлери тарабынан уруксат берилбеген митингди өткөрүү аракетине бөгөт коюлду" деп айтылат милициянын маалыматында.
Ал арада милициядан чыкканын айткан журналист - оператор Булат Сатаркулов буларды билдирди.
"Менде баары жакшы, атүгүл суракка да алышкан жок. Мына, чыктым, жайбаракат баратам. Төлөкан Асаналиевнада да баары жакшы болот го деп ойлойм. Ал жерде адвокаттар бар, ал өзү кененирээк айтып берсе керек. Балким, аны суракка да алышпайттыр. Ошондуктан баары жайында", - деди Булат Сатаркулов.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Төлөкан Исмаилова менен Бермет Бөрүбаева 13-мартта саат 10до Биринчи май райондук администрациясынын имаратынын алдына тынч жыйынга чыгышарын маалымдашкан. Алар бир күн мурда акция "Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарына эркиндик берилсин!" деген теманын алдында өтөрүн билдиришкен. Акцияга үч киши катышмак. Иш чаранын максаты Конституциянын 39-беренесинде кепилденген жарандардын тынч жыйындарга болгон укугун коргоо экенин билдиришкен.
Жергиликтүү бийлик Бишкек шаарындагы айрым жерлерде митинг өткөрүүгө коюлган чектөөлөргө таянып, акцияны башка жайга которууну сунушташкан. Бул тууралуу Биринчи май районунун аппарат башчысы Бейшеке уулунун акциянын уюштуруучуларына берген жооп катында айтылат.
Биринчи май районунун муниципалдык администрациясы 2026-жылдын 13-мартында саат 10:00дөн 11:00гө чейин администрациянын имаратынын кире беришинде тынчтык жыйынын өткөрүү тууралуу билдирүүнү карап чыгып, Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 31-декабрындагы чечими менен Бишкек шаарынын аймагында тынчтык жыйындарын өткөрүүгө 2026-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин коюлган чектөө бар экенин эскерткен. Ошондуктан акцияны Максим Горький атындагы гүл бакчада өткөрүүнү сунуштаган.
"Тынч жыйындар жөнүндө" мыйзамга ылайык, жарандар тынч чогулуштарды өткөрүү үчүн мамлекеттик органдардан алдын ала уруксат алууга милдеттүү эмес, болгону кабардар кылып коюу гана жетиштүү.
Президент Садыр Жапаров 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында бийлик митингдерге жана акцияларга каршы эмес экенин, бирок мындай иш-чаралар белгиленген жерде жана колдонуудагы эрежелерди сактоо менен өтүшү керектигин билдирген.
"Эч кандай акцияга, митингдерге биз, бийлик каршы эмеспиз. Ала-Тоо аянтында, прокуратура жана сот имараттарынын алдында митинг өткөргөнгө болбойт деп тыюу салынып жатпайбы. Горький паркы так ошондок акциялар, митингдер өтчү жер. Ал жерде мэрияга билдирүү берип коюп эле өткөрө берсе болот. Бийликтен уруксат сураштын кереги жок. Мына ушуну жалпы элибиз да түшүнүп коюшубуз керек. Анан жанагы НПОчулар "митингге тыюу салып салды, антти-минтти" деп жатышат. Жок, тыюу салган жерибиз жок", - деген президент.
Мамлекет башчысы 2024-жылы 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы сапары учурунда Кыргызстанда туруктуулук орногонун, акыркы үч жылда бир да митинг болбогонун айткан эле.
2022-жылы мартта Биринчи Май райондук соту Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, эски аянттагы Өкмөт үйүнүн алдында, Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган. Кийинчерээк Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанында, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да акция өткөрүүгө чектөө киргизилген. Бул чектөөнүн мөөнөтү ошондон бери улам узартылып келет.
Декабрь айынын соңунда Биринчи май райондук соту ушул эле райондун администрациясынын митингдерди өткөрүүгө 31-мартка чейин чектөө киргизүү өтүнүчүн канааттандырган.
13-мартта укук коргоочу Төлөкан Исмаилова баштаган активисттер тобу Бишкектин борбордук аянттарында митинг өткөрүүгө коюлган чектөөлөргө байланыштуу Биринчи май райондук администрациясынын үстүнөн сотко доо арыз жолдоону көздөшкөн.































