Түрмөдө отурган Ирина Карамушкина президенттен ырайым берүүнү өтүндү

вкпм

Сүрөттүн булагы, official

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кой-Таш иши боюнча 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина декабрь айында президенттин наамына кат жазып, ырайым сураган. Бул тууралуу Би-Би-Сиге түрмөдөгү саясатчынын адвокаты Аскар Алымкулов билдирди.

"Ырайым сурады. Бирок күнөөлүмүн деп жазган жок. Соттолгон адамдын күнөөсүн мойнуна алууга милдеттендирген берене же укуктук норма жок. Конституцияда кечирим берүү укугу бекитилген. Негизи президент өзү деле эч ким кечирим сурап кайрылбаса да, ырайым бергенге укугу бар да. Катта Ирина Карамушкина "Эмнеге ушундай чечим чыкканын түшүнүп турам. Ошентсе да бул ишке көңүл бурушуңузду суранам. Менин жашым өтүп калды, неберелерим, карыган апам бар. Биз сиз менен чогуу иштегенбиз. Силер менин кандай адам экенимди жакшы билесиңер. Мен эч качан кылмыш кылган эмесмин, мамлекеттин акчасына кол салган эмесмин. Өз позициясынан тайбаган киши экенимди билесиңер. Бул бирине жагат, бирине жакпайт экен" деген сыяктуу кат жазган.

Аскар Алыкулов катка жооп келе электигин, президенттин реакциясын күтүп, Жогорку Сотко кайрылуу ишин кийинкиге калтырышканын кошумчалады. Жактоочу өлкө жетекчиси Рамазан айында кечиримдүүлүк көрсөтөт деп үмүттөнүп жатканын айтты.

"Эки күн мурун эле түрмөгө барып, Ирина Юрьевна менен жолугуп келдим. Өзүн позитивдүү алып жүрөт. Таңкы алтыда туруп, кечинде ондо жатышат экен. Кыргыз тилин үйрөнүп жатат. Китеп окуп жатат", - деди жактоочу.

Президент Садыр Жапаров вебкам иши боюнча тогуз жылга соттолгон Даниэл Ажиевге эмне себептен ырайым берип, ошол эле маалда акын Аскат Жетиген эмне себептен чыгарылбай жатканы боюнча түшүндүрмө берген.

"Мен кимди чыгарышты, кимди чыгарбашты тандабайм. Ким ырайым сурап арыз менен кайрылса, арызынын негизинде чечим кабыл алам. Арыз менен кайрылбаган соттолуучуну кантип чыгарам. Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз", - деген Садыр Жапаров.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту былтыр 3-июнда Кой-Таш иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган.

Анын бийлиги тушунда президенттик аппараттын жетекчиси болгон Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга соттолгон.

Мурдагы депутат Ирина Карамушкинан жети жарым жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга кесилген.

Ирина Карамушкина учурда Чүйдөгү №2 аялдар абагында жазасын өтөп жатат. Саясатсы 62 жашта.

2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, УКМК офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. Жалпысынан 225 адам жабыркаганы айтылган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон. Алмазбек Атамбаев кармалып, камакка алынып, 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган. Эртеси эле дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери Кыргызстанга келе элек.