Жоокер тагдыры: Экинчи дүйнөлүк согушта дайынсыз кеткендер тууралуу кантип билебиз

Сүрөттүн булагы, Alena Menshova
Мурдакы СССР өлкөлөрүнөн Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда дайынсыз кеткен жакындарынын тагдырын билүүгө ынтызар болгон, тиешелүү мекемелерге кайрылуу жөнөткөндөр көп. Согуш жылдарында Кызыл Армиянын 4,5 млн жоокери дайынсыз кеткен.
Курман болгондордун көпчүлүгүнүн тагдыры, жаткан жайы, жоокердик жолу бүдөмүк. Кийин белгилүү болгондой алардын көбү туткунга түшүп калган. Бир миллионго чукул кишинин тагдыры азырга чейин белгисиз бойдон калды. Мурда маалымат алуу үчүн аскер комиссариатына, архивге кайрылып, көп учурда эч кандай жооп болчу эмес.
Азыркы учурда көптөгөн аскердик архивдер интернетте ачык болуп калды. Биз Экинчи дүйнөлүк согуштагы жоокерлер жана офицерлер тууралуу кантип маалымат алса болорун айтып беребиз.
Биринчи кадам
"Мемориалдын" маалымат базасын карап көрсөңүз болот. Бул жерде аскер бөлүктөрүнөн жөнөтүлгөн "кара кагаздар", аскер бөлүктөрүнүн жоготуулар тууралуу маалыматтары, госпиталдан, медсанбаттан документтер, туткундардын карточкалары жана айрым жоокердик көрүстөндөр тууралуу маалыматтар жайгаштырылган.

Сүрөттүн булагы, Aleksey Skorobogatko
Сайтта маалымат базасын кантип колдонуу тууралуу түшүндүрмө бар. Бирок бардык саптарды толтуруунун кажети жок экенин эскерте кетели. Согуш маалында аты-жөнүн так билсеңиз, издеп көрүңүз. Ошол маалда атын же фамилиясы туура эмес жазылып калган болушу мүмкүн. Ошондуктан алгач фамилиясын эле жазып издеп көрүңүз. Жыйынтык болбосо, атын жана фамилиясын өзгөртүп жазып издеңиз.
Архивди сайтка жайгаштыруу аракеттери уланып жатат. Ошондуктан бул жылы таппай калсаңыз, жарым жылдан кийин кайра издеп көрсөңүз болот.
Жоокердин тагдыры
Жоокердин сыйлык алган кагаздары тууралуу дагы билүүгө мүмкүн. Кызыл армиянын жоокерлерине берилген орден жана медалдар тууралуу маалымат жыйналган "Подвиг народа" деген атайын сайт бар.

Сүрөттүн булагы, Aleksey Skorobogatko
Бирок көпчүлүк жоокерлер 1941-1942-жылдары курман болушкан. Ал учурда эч кандай сыйлыктар берилген эмес. Ушул жылдардагы жоокердин тагдырын билүү үчүн чакан тарыхый изилдөө жүргүзүүгө туура келет. Кайсыл аскер бөлүгүндө кызмат кылганын, өмүр баянын, фронттун кайсыл участкасында согушканын тактап көрүү зарыл. Ошол аркылуу анын жоокердик тагдырын билсе болот. Эгерде үйгө жөнөткөн каттары сакталып калган болсо, талаа почтасынын номери аркылуу кызмат кылган дивизия же полкун билүүгө мүмкүн.
Почта станцияларын чечмелөө үчүн "Солдат" сайтына кайрылып көрүңүз. Жоокер кызмат кылган аскер бөлүгүн билип алган соң, анын кандай операцияларга катышканы тууралуу маалыматтар чыгат. Мындай маалыматты Кызыл армияга арналган сайттан көрө аласыз.
Жарадарлар, туткундар, партизандар
Согуш маалында госпиталга түшкөн аскерлердин баарына атайын карточка ачышкан. Ага кандай жаракат алганы, кайсыл жерде дарыланганы, ооруканадан чыккандан кийин кайда жөнөтүлгөнү так жазылган. Мындай карточкалар Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы аскердик-медициналык документтердин архивинде. Бирок бул архив интернетке жайгаштырылган эмес.
Бул жактан дагы атайын кат жөнөтүп, аты-жөнүн көрсөтүп издеп көрсө болот.
Эгерде жоокер туткунда болуп, НКВДнын атайын лагерлеринен өтүп, партизандардын катарында согушкан болсо, күч менен Германияга кара жумушка тартылган болсо дагы издеп табууга мүмкүн. Кандай жол менен издөө жолдору Орусиянын федералдык архивинин сайтында көрсөтүлгөн.
Изилдөөчүлөр

Сүрөттүн булагы, Aleksey Skorobogatko
Изилдөөчүлөр жоокер тагдыры тууралуу көп маалымат билген негизги булактардын бири болуп калды. Булар согуш талаасында калып кеткен жоокерлердин сөөктөрүн таап, жерге берген ыктыярчылар.
Алар согуш болгон аймактарды изилдеп, кайра-кайра келип, сөөгү табылган жоокерлердин өздүгүн аныктоого аракет кылышат. Аты-жөнү такталган жоокерлер тууралуу "Имена из солдатских медальонов" деген китеп чыккан.
Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусу согушка кеткен. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашуун кыргызстандык жжокер согушта курман болгон.
Кыргызстандан барган канча жоокердин дайыны табылбай калганы тууралуу так маалымат жок. (AbA)







