Согуш талаасында курулган стадион: Волгограддагы табылган сөөктөр
Орусиядагы Дүйнөлүк футбол чемпионаты өтөт турган шаарлардын бири - Волгоград. Бул шаардагы стадион курулуп жаткан учурда дагы Экинчи дүйнөлүк согуштан калган сөөктөр табылды.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Согуш бүткөндөн 73 жыл өткөндөн кийин издөө отряддары дале болсо Сталинград алдындагы кармаштан каза тапкан жоокерлердин сөөгүн таап, жерге жашырып келүүдө.
Би-би-си сөөктөрдү таап жерге жашырган ыктыярчылар менен бир күн чогуу болду.
"Дүйнөлүк чемпионатка жаңы футбол стадионун куруп жатканда, каза болгон үч жоокердин сөөгү табылды.",-деди ыктыярчылардын бири Алексей Бормотов.
Эми ыктыярчылар бул жоокерлердин сөөктөрүн таап, башка жайга көмүп жатат.
"Курулуш иштерди баштоонун алдында, жоокерлердин сөөктөрүн издөө талап болуп саналат. Жыл сайын миңге жакын жоокердин сөөгүн таап, аларды жерге беребиз."
Сталинград салгылашуусунда эки миллионго чукул адам каза тапкан.
" Эки күн мурун биз үч жоокердин сөөгүн таптык. Эми мен аларга документ толтурам. Биз жоокердин сөөгүн тапсак, кылдаттык менен анын айланасын казабыз. Эгерде жоокердин аты-жөнү жазылган документ болсо, аны иш кагаздарга кошобуз. Андан кийин сөөктү казык алып, согушта каза болгондорду эскерген көрүстөнгө жерге беребиз. Айрым учурда ишибиз качан бүтөт деген ой келет. Бирок кээде мага бул иш эч качан бүтпөчүдөй туюлат. Бул жерден табылган көп жоокердин сөөгүн жерге бердик. Бул талаада согушта каза тапкан жоокерлердин сөөгү калган жок. Алар өз жайын табышты".
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин урандыдан кайра тургузулган Сталинград - советтик кубаттуу державанын символу болгон. Дээрлик нөлдөн кайра шаарды куруп чыгышкан.
Адамзат тарыхындагы эң кандуу согуш
Германия аскерлеринин Сталинградга чабуулу 1942-жылдын 19-августунда башталган. Адамзат тарыхындагы эң кандуу согуш катары калган Сталинград салгылашуусу алты айга созулуп, 1943-жылдын 2-февралына барып илеби сууган. Экинчи дүйнөлүк согуштун бурулуш алган учуру дагы ушул Сталинград салгылашуусу менен байланышкан.
1925-жылга чейин шаар Царицына деп аталып турган. 1961-жылы шаардын аталышы Волгоград болуп өзгөртүлгөн. Азыркы күнгө чейин согуштун эстелиги, советтик архитектуранын, шаар куруу жана инженердик табылганын музейи болуп калды.

Сүрөттүн булагы, AFP
Шаарда ырайымсыз согуштун курмандыктарына арналган бир топ эстеликтер бар. "Сталинград үчүн согуш" эстелиги, Баатырлар аллеясы". "Мамаев курган" мемориалдык комплекси шаардагы мыкты эстеликтердин бири. Сталинград үчүн айгышкан согушта бул эстелик турган жерди "102-бийиктик" деп аташкан. Бул жерге барганда сизди согуш жылдарындагы музыка, ок атышуулардын, жардыруулардын үндөрү коштоп, Юрий Левитандын үнү жаңырып турат. Вучетичтин эмгеги болгон 85 метр бийиктиктеги "Мекен-эне" - Европадагы эң бийик эстелик катары кала берди. (AbA\AT)









