Эрдоган: Сириянын өкмөтү түрк аскерлерине кол салганы үчүн “жообун эселеп алат”

Сүрөттүн булагы, AFP
Сириянын өкмөт күчтөрү өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Түркиянын аскерлерин бутага алгандан кийин президент Эрдоган Анкара "эселеп жообун берет" деп эскертти.
Дүйшөмбү күнү Сириянын армиясы аскердик аракеттерин улантып, Идлиб провинциясында беш түрк аскери каза тапты. Түркия болсо ондогон ракеталарды учуруп жооп кайтарган.
Британияда жайгашкан адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы (SOHR), Сириянын армиясы козголоңчу топторду өлкөнүн беш негизги шаарын байланыштырган M5 аталган кан жолдон сүрүп чыгып, аны көзөмөлгө алууга жакындаганын маалымдады. Бирок азырынча бул маалымат Сирия өкмөтү тарабынан ырастала элек.

Сүрөттүн булагы, AFP
Иордания менен чек арага жакын, Алеппо менен баш калаа Дамаскты байланыштырган жолду Сириянын өкмөтү 2012-жылы колдон чыгарган.
Сириядагы оппозицияны колдогон Түркия 2017-жылы Астанада жана 2018-жылы Сочиде Иран жана Орусия менен мунаса таап, Идлиб аймагына аскерлерин жөнөткөн. Анкара бул аймакта коопсуздук тилке түзүүнү көздөп турат.
Февраль айында эле Сириянын артиллериялык аткылоолорунан 12 түрк аскери жана Түркиянын бир жараны каза тапты. Анкара жооп катары Сириянын 115 өкмөт имаратын бутага алып, 101 аскерди "жок кылганын" билдирди. Сирия болсо адамдык жоготуу боюнча эч маалымат берген жок.
"Сирияга дароо жооп кайтардык жана жогорку даражадагы расмийлерге нааразылыгыбызды жеткирдик. Өзгөчө Идлиб аймагында аларга катуу жооп кайтардык. Бирок ал жетишсиз, биз аракетибизди уланта беребиз. Биздин аскерлерге кол салган сайын, эселеп жообун алат. Муну биз ачык айтабыз",-деди президент Эрдоган.

Сүрөттүн булагы, AFP
Түркиянын мамлекеттик маалымат агенттиги Идлибге кошумча техника жана атайын даярдыктагы аскерлер жөнөтүлүп жатканын маалымдады. Өткөн аптада эле миңдеген аскерлер жана жүздөгөн танктар аймакка жеткирилген.
Сириянын армиясы болсо Түркия "агрессиясы жана калк жыш жайгашкан аймактарды бутага алып, террордук топторго көмөктөшүп жатат" деген билдирүү таратты.
Ал аңгыча Москва де-эскалация боюнча келишимдин милдеттенмелерин урматтоого чакырды жана "Сириянын армиясы менен Орусиянын аскердик объекттерине террордук чабуулду" сынга алды.

Сүрөттүн булагы, AFP
Сириянын армиясы Орусия жана Ирандын жардамы менен 600 чарчы чакырым аймакты көзөмөлгө алганын, ондогон шаар жана айылды "бошотконун" маалымдады. Бириккен улуттар уюмунун статистикасына ылайык, Сириянын өкмөт күчтөрү декабрь айында Идлибдеги аскердик аракетин баштагандан бери 379 жайкын тургун каза таап, 689 миң киши аргасыз жер которду.
Качкындардын көбү Түркияга чектеш Сириянын түндүк жана батыш тарабына качууда. Бирок бул аймакта эмитен эле абдан көп качкындар баш калкалап келет. Чек арасыз дарыгерлер уюму соңку айларда ооруканалар бутага алынып, көбү талкаланганын билдирди. Демек, жарадар болгон качкындар медициналык жардам дагы ала албай кыйналууда. (AT)








