"Бекем бол, Ухань!": Изоляциядагы шаардын жашоосу
Коронавирустун жаңы түрү белгилүү болгон Кытайдын Ухань шаары изоляцияда жашап жатат. Вирустун жайылышын токтотуу үчүн кытай бийлиги шаарга кирип чыгууну чектеген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дем алуу органдарын сезгенткен коркунучтуу коронавирус Кытайдагы эң маанилүү майрам - Жаңы жыл алдында белгилүү болду. Майрамды белгилөө эки аптага чейин созулчу. Көптөр үчүн Жаңы жыл туугандары менен жүз көрүшүп, белек беришип, үй-бүлөсү менен эс алуунун бирден бир мүмкүнчүлүгү эле. Бирок быйыл андай болгон жок.
Уханда тургундарга үйдөн чыкпоо катуу эскертилген. Көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургундары батиринде отуруп алып эле, бири-бирине колдоо көрсөтүүнүн жолун табышты.
Коомдук сайттарда тараган видеодо кишилер "Ухань цзяю" деп кыйкырып жатканын угууга болот. Муну кыргызча таржымалдаганда "Бекем бол, Ухань!" деген маанини туюндурат.
Бул чакырык бүтүндөй кварталга жаңырганы угулат. Кийин бул ураанды коомдук сайттарда кеңири колдоно башташты. Маселен, Weibo сайтында "Бекем бол, Ухань" тренд болуп калды.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Өлкөнүн башка аймактарынан Уханга тилектештик билдирген чакырыкка айланды.
"Биз муну басып өтө алабыз. Бекем бол, Ухань! Бүтүндөй өлкө сени колдоп жатат",-деп жазды Weibo колдонуучуларынын бири.

Бекер тамак тараткан ишкер
"Ухандагы жаңы ресторандын кожоюну майрамдан баш тартып, медицина кызматкерлери үчүн тамак-аш таратууну колго алган",-деп жазат Changjiang Daily.
Ли Бо өзүнүн ресторанын бир ай мурун ачканы белгилүү болду. Жумушун баштоо үчүн унаасын сатып, банктан насыя алган. 36 жаштагы ишкердин пландары эми артка жылды. Ээн көчөдө анын рестораны дагы бош турат.

Сүрөттүн булагы, Changjiang Daily
"Дүрбөлөң тушүп, калдастап калдым. Үйдө олтуруп алып, эми кантип карыздарымды төлөйм деп ойлодум,-деп айтып берген Changjiang Daily басылмасына. -Анан жаңылыктардан ооруканалардагы дарыгерлер кандай кыйынчылык менен иштеп жатканы көрүп калдым. Ущундан кийин чыйралып, жардам берейин деп чечтим".
Beijing News сайтынын маалыматына караганда, Ухандагы айрым ооруканаларда азык-түлүк тартыш болуп жатат.
Ли Бо ашпозчулар менен бирге 200 кишиге ылайыктуу түшкү тамактакты атайын идишке салып жеткирип берди. "Контейнерлер көп болгондо дагы көп кишиге таратат элек",- деп айткан.
15 миң бет кап
Коронавирустан сактануу үчүн медициналык бет кап тагып жатышат. Айрым жерлерде бет каптар таңкыс болууда.
Хубейге коңшулаш жайгашкан Чандэ округунун жашоочусу өз каражатына алган 15 миң бет капты бекер таратты, деп жазат Xiaoxiang Morning Herald басылмасы.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Хао Цзинь өткөн жылы бет кап чыгарган фабрикада иштеген. Бирок жумуштан кеткенден кийин ишкана ага айлыктан карыз болуп калган экен. Компания 20 миң юандын ордуна 15 миң бет кап берет.
"Бет кап тартыш болуп жатканы тууралуу жаңылыктардан угуп, муну кайрымдуулук үчүн таратайын деп чечтим",-деди ал.
Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда вирус жуктуруп алгандар 4515 кишиге жетип, 106 киши көз жумду. Гонконгдо, Тайванда, Таиландда, Жапонияда, Түштүк Кореяда, АКШда, Канада, Сингапур, Франция, Австралия, Германияда вирус жуктуруп алгандар белгилүү болду. (AbA)












