КЭР 70 жылдыгы: Гонконгдогу кандуу демонстрация

Students at Tsuen Wan Public Ho Chuen Yiu Memorial College show solidarity with the shot protester on Wednesday

Сүрөттүн булагы, EPA

Бээжинде Кытай Эл Республикасынын 70 жылдыгына арналган чоң салтанат өтүп жатканда, Гонконгдо зомбулук менен коштолгон демонстрациялар болду.

Полиция он сегиз жаштагы активистке ок атты. Бул күнү коопсуздук кызматкерлери алты жолу ок чыгарды. Жаш активист полицияны темир устун менен уруп жатканда, коопсуздук кызматкери ок аткан. Өкмөт расмийлери жаш активисттин абалы туруктуу экенин билдирүүдө.

Буга чейин полиция демонстранттарга каршы желим окторду колдонуп келген эле. Полициянын башчысы "офицер аргасыздан ок чыгарды" деп айтып чыкты.

Нааразылык акцияга чыккандар май куюлган бөтөлкөлөрдү полицияга ыргытып, кагылышуулардан 104 киши ооруканага жеткирилди, 108 демонстрант камакка алынды. Полициянын 25 офицери жаракат алды.

Кытайдагы майрамдын алдында Гонконгдо абал чыңалып турган. Адатта 1-октябрдагы демонстрация Гонконгдо салтка айланган, шаарда бул күнү жыл сайын Кытай бийлигине каршы нааразылык акция өтүп турат. Бирок быйылкы демонстрация төрт айга созулган нааразылык акциялардын уландысы катары бааланууда.

A woman at West Kowloon Law Courts on Wednesday, where 96 anti-government protesters were due to appear

Сүрөттүн булагы, Reuters

Нааразылык акциялар эмнеден башталды?

Гонконгдо төрт айдан бери кылмышка шектүү адамдарды Кытайдын материк бөлүгүнө экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзам долбооруна миллиондогон адам каршылык билдирип чыгып жатат.

Нааразылык билдиргендер муну менен Бээжин Гонконгдун автономиялык үлүшүнүн чоң бөлүгүн жок кылып жатат деп сынга алууда. Шаар бийлиги бул мыйзамды артка кайтарып алганы менен, демонстрациялар басаңдаган жок.

Students at Tsuen Wan Public Ho Chuen Yiu Memorial College show solidarity with the shot protester

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Students at Tsuen Wan Public Ho Chuen Yiu Memorial College show solidarity with the shot protester on Wednesday

Демонстранттар полицияны ашыкча күч колдонду деп айыптап, коопсуздук кызматкерлери кылмыштуу топтор менен биргеликте иш алып барды деген пикирин билдирүүдө. Полиция дооматтарды четке кагып келет.

Гонконгдо экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзамга каршылык көрсөтүү кеңири кыймылга айланды. Нааразылык акцияга чыккандар полициянын ашыкча күч колдонгону боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү, шаардын жетекчиси Кэрри Ламдын кызматтан кетүүсүн жана демократия багытындагы реформаларды талап кылышууда. Ал эми экстрадиция боюнча мыйзам долбоорун күн тартибинен таптакыр алып салуу талабы шаар бийлиги тарабынан аткарылды. (AT)