Бээжиндин аскер кубаты: КЭР 70 жылдыгын белгилөөдө
Бээжинде Кытай Эл Республикасынын 70 жылдыгына арналган чоң салтанат башталды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
1949-жылы 1-октябрда коммунисттер Чан Кайшинин аскерлеринин үстүнөн жеңишке жеткен. Жарандык согуш аягына чыгып, Кытай компартиясынын лидери Мао Цзэдун жаңы мамлекетти жарыялайт.
Азыркы Кытай экономикалык жактан ийгиликтерге жетүүдө. Бирок жарандык жана саясий укуктар чектелген авторитардык өлкө.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters
Параддын алдында КЭР төрагасы Си Цзиньпин кыскача кайрылуу жасап, "кытай бийлиги үчүн жарандар биринчи орунда экенин" айтты.
Си өз сөзүндө Гонконг тууралуу дагы айтып өттү. Гонконгдо кытай бийлигине каршы массалык нааразылыктар өтүүдө. Кытай төрагасы "ийиндешип иштеп, бирге өнүгүү" тууралуу сөз сүйлөдү.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Алдыга кадам таштоого кытай элине эч кандай күч тоскоолдук жарата албайт",-деди ал.
Кытайдын аскер жетекчилиги бул салтанатта өзүнүн булчуңун көрсөтүү ниети жок экенин айтып келген. Деген менен салтанаттын негизги максаты өлкөнүн аскер кубатын даңазалоо болду окшойт.
*








