Тереза Мэй премьер-министр кызматын сактап калды

Консервативдик партиянын төмөнкү палатасынын депутаттары көпчүлүк добуш менен премьер-министр Тереза Мэйге ишеним көрсөтүштү.

Тереза Мэй 11 декабря 2018 года

Сүрөттүн булагы, Reuters

Мэйдин лидерликте калуусуна 200 депутат макулдук берди. Ал эми каршы добуш 117 болду. Добуш берүү жашыруун өткөрүлдү. Мэй партиядагы лидерлигин сактап калды жана премьер-министр кызматында кала берет.

"Колдоо көрсөткөнүңөр үчүн ыраазычылык билдирем. Бирок кесиптештеримдин көпчүлүгү мага каршы добуш беришти. Мен аларды укканга аракет кылам",-деди Мэй.

Эми бир жыл ичинде Мэйге ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлбөйт. Анын лидерлигин эч ким талашпайт. Деген менен бул Мэйдин репутациясына сокку болду дейт Би-Би-Синин саясий баяндамачысы Лора Кунсберг. Анткени анын парламенттеги кесиптештеринин 37 пайызы аны лидерликтен кетиши керек деп добуш берди.

Консерваторлордун ишеним көрсөтпөө демилгеси

Консервативдик партиянын 315 депутаты премьер-министрге ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени добуш берүүгө алып чыккан эле. Бул үчүн зарыл болгон 48 кишинин колун чогултушкан.

Эгерде фракция мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Мэйге каршы добуш берсе, ал партия лидерлигинен жана премьер-министр кызматынан кетмек. .

Тереза Мэй Улуу Британиянын премьер-министри кызматына 2016-жылы келгенден кийин өлкөдө Евробиримдиктен чыгуу жөнүндө референдум болду. Ошондон кийин Британиянын Евробиримдиктен чыгуу шарттары жөнүндө маселеге келгенде партиянын ичинде ага каршы сындар күчөдү.

"Консервативдик партиянын лидерин алмаштыруу биздин өлкөнүн келечегине коркунучка такайт жана бизге азыр болбой турган чаржайыттыкка алып келет",-деди Мэй кечээги билдирүүсүндө.

Андан сырткары, жаңы өкмөт башчы келсе, "Брекситти артка жылдыруу" же андан баш тартуу керек болот деп белгилеген. "Брекситке чекит койгонго" кыска эле убакыт калды. Британия Евробиримдиктен 2019-жылы 29-мартта чыгып кетиши керек.

Саясат талдоочулар дал мына ушул "брекситтин токтоп калуу коркунучу" Мэйди колдогондордун негизги аргументи болуп берет деп болжошкон.

Добуш берүү өткөрүлгөндөн бир сааттан кийин жыйынтык белгилүү болот.

Эгерде Тереза Мэй колдоого ээ болсо, анда бир жыл ичинде ага ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлбөйт. Анын лидерлигин эч ким талашпайт.

Консерваторлор Өкүлдөр палатасында салыштырмалуу көпчүлүктү (650 депуаттын 315и) түзөт. Ошондуктан партиянын лидери премьер-министр кызматын ээлейт. (AbA)