Сауд Арабиясы Сенатка жооп берди: “Бул өлкөнүн ички ишине кийгилишүү”

АКШ Сенаты кабыл алган резолюциялар боюнча Сауд Арабиясы билдирүү таратты. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги АКШ сенатынын аракетин ишенимсиз ырастоолорго таянып, өлкөнүн ички ишине кийгилишүү деп атады.

президент Дональд Трамп жна ханзаада

Сүрөттүн булагы, Reuters

Өткөн аптада АКШ сенаторлору Йемен менен согушта Сауд Арабиясына аскердик колдоо көрсөтүүнү токтотуу боюнча резолюцияны колдоп, добуш беришкен. Кабыл алынган дагы бир документте саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнө күнөөлүү катары мураскер ханзаада Мухаммед ибн Салмандын ысымы аталган эле.

Йемендеги жаңжал боюнча кабыл алынган резолюцияда АКШнын аскер күчтөрүн чыгарып кетүү боюнча президентке сунуш берилген. Документтин автору катары америкалык эки партиянын тең өкүлдөрүнөн турган сенаторлор тобу эсептелет.

Йемен боюнча резолюцияны 56 сенатор колдоп, 46сы каршы добуш берди. Резолюция кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ жана ага президент бөгөт коюп салышы дагы мүмкүн. Буга чейин президент Дональд Трамп резолюция кабыл алынса, бөгөт коюп саларын айткан.

Кабыл алынган документтер АКШ конгрессиндеги өкүлдөр палатасынан колдоо табышы кыйын. Ошондуктан муну Трамптын позициясына "символикалуу каршылык" катары дагы карап жатышат.

Сенаторлор Йемен боюнча резолюциядан кийин дароо эле экинчи чечимди кабыл алышты. Анда саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнө күнөөлүү катары мураскер ханзаада Мухаммед ибн Салмандын ысымы аталып, сауд бийлигин күнөөлүүлөрдү жазага тартууга чакырышты.

"АКШ Сенаты бир добуштан Жамал Хашогжинин өлүмүнүн жоопкерчилиги мураскер ханзаада Мухаммед ибн Салмандын моюнунда деп билдирүү жасады. Бул күчтүү кайрылуу",-деди Эл аралык мамилелер боюнча комитеттин төрагасы Боб Коркер.

Принц Салман

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саудиялык мураскер ханзаада Салман

Сенат президент Дональд Трамптын Сауд Арабиясы боюнча саясатына каршы турууда. Буга чейин Борбордук чалгындоо кызматынын саудиялык журналисттин өлүмү боюнча баасын Ак үй кабыл алган эмес.

Борбордук чалгын кызматынын маалыматы

Эгерде АКШнын Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Жина Хаспелдин айткандарына ынансак, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы негизги өнөктөшү болгон өлкөнүн такты мураскор ханзаада Мухаммед ибн Салман ал-Сауд журналисттин өлүмүнө түздөн-түз катыштыгы болгон.

Хаспелдин Сенаттагы эл аралык мамилелер боюнча комитетте берген көрсөтмөсү жабык эшик артында каралды. Ошондуктан эмне сөз болгонун сенаторлордун айткандарына карап эле болжосо болот.

АКШнын Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Жина Хаспел

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Жина Хаспел

"Чалгынчылардын кырдаалга баа берген мындай так маалыматын мурда эч качан уккан эмесмин",-деди журналисттер үчүн жыйында республикачыл Боб Коркер.

Журналисттин өлүмүнө байланышкан окуяда АКШ президенти Дональд Трамптын пикири туруксуз. Ал санкцияларды киргизүүгө жана Сауд Арабия менен мамилесин бузууну каалабайт. Президент Дональд Трамп адегенде журналисттин өлүмүнө айыптууларга катуу опуза менен чыгып, кийинчерек Сауд Аравиясынын журналисттин өлүмү кокустан болгону жөнүндө билдирүүсү чын окшойт деген.

АКШнын өзүндө Washington Post газетасынын баяндамачысын өлүмү боюнча бир нече ирет акциялар өттү.

Протест в Вашингтоне

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын өзүндө Washington Post газетасынын баяндамачысын өлүмү боюнча бир нече ирет акциялар өттү.

Өткөн аптада Стамбулдун башкы прокурору саудиялык эки жаранды камоого ордер бергени белгилүү болду. Бул эки адам саудиялык диссидент Жамал Хашогжинин өлүмү боюнча негизги шектүүлөр.

Ахмад аль-Ассири жана Сауд Аль Кахтани ханзаада Мухаммед ибн Салман жакын адамдар болгон. Аль-Ассири чалгын кызматынын жетекчи орун басары болсо, экинчиси бийликтин мураскору Мухаммед ибн Салмандын кеңешчиси болгон.

Эми Түркия экөөнү тең камакка алуу үчүн ордер берди. Түркия киши өлтүрүүгө катышкандардын баарын экстрадициялап алууну каалап жатат, бирок Эр-Рияд андан баш тартууда.

Сауд Арабиясы журналисттин өлүмү боюнча Мухаммед ибн Салмандын эч кандай тиешеси болгон эмес деп, доматтарды четке кагып келүүдө.

Саудиялык журналист Жамал Хашогги 2017-жылдан бери АКШда жашап келген. Ал америкалык басылмалар менен кызматташып, Саудиянын мураскер ханзаадасын сындаган макалаларды дагы жазып жүргөн. Ушул жылдын 2-октябрында Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна документ иштери боюнча келип, дайыны табылбай калат. Кийин анын консулдукта өлтүрүлгөнү ырасталган.