Эрдоган: Хашоггини өлтүрүү күн мурун пландалган иш болгон

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган саудиялык журналист Хашоггини өлтүрүү көп күн мурда даярдалган иш деп билдирди. Ал бул жөнүндө өзүнүн "Акыйкат жана өнүгүү" партиясынын парламентте болгон жыйынындагы кайрылуу сөзүндө айтты.

Раджеп Эрдоган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын президенти Эрдоган журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө айыпталгандардын сот иши Стамбулда өтүшүн талап кылды.

Оппозициядагы саудиялык журналисттин өлүмүнөн кийин эл аралык деңгээлдеги дипломатиялык кризис күчөп баратат.

Эрдоган бул окуяны ырайымсыз жана жапайычылык деп атап, Сауд Арабиядан журналисттин сөөгү кайда жатканын жана аны өлтүрүүгө ким буйрук бергенин айтууну талап кылды.

Президент ошондой эле Сауд Аравиясынын королу Хашоггинин кандай өлгөнүн билбей турганын айтып жатканын баса белгилеп, бирок журналисттин сөөгү эмнеге табылбай жатканы тууралуу эң башкы суроого жооп жок экенин айтты.

A still image taken from CCTV video and obtained by TRT World claims to show Saudi journalist Jamal Khashoggi, highlighted in a red circle by the source, as he arrives at the Saudi Arabian consulate in Istanbul, Turkey on 2 October 2018

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хашоггини акыркы жолу үч апта мурда консулдуктун короосунан тирүү көрүшкөн.

Президент парламентте чыгып сүйлөй турганы мурда эле жарыяланган, Эрдоган саудиялык журналисттин кандай өлгөнү жөнүндө чыркыраган чындыкты айтарын убада кылган.

Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы консулдукта болгон окуя жөнүндө өлкөдөгү эң таасирлүү адам болгон жана корол ишенген саудиялык канзаада Мухаммед бин Салман менен телефондон сүйлөшкөнү белгилүү.

Ошондон кийин, Түркиянын тышкы иштер министри Мевляют Чавушоглунун айтымында, Эр-Рияд Стамбулдагы консулдукта болгон мүшкүл иштин тергөөсү боюнча кызматташып баштаган.

Үч апта бою Сауд Аравиясы ар кандай версияларды айтып келди. Эң соңку, 22-октябрдагы версия боюнча журналистти чынында эле өлтүрүп алышкан, бирок бул кокустан башталган мушташтан болгон деп жатат.

Сөөк таарыганга араа

Түркиянын тергөө органдары буга чейин деле Жамал Хашогги атайын пландалган акциянын натыйжасында өлтүрүлдү, бул үчүн атайын саудиялык агенттер келген деп басма сөзгө билдирип келишти. Келген топтун ичинде патологоанатом кошо келген, ал өзү менен кошо араа ала келген деп жатышат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Жамал Хашоггинин колундагы Apple Watch «акылдуу сааты» иштеп турган, ошондуктан аудио жана видео маалымат кол сааттан интернет аркылуу анын өзүнүн айфон телефонуна берилип турган. Телефон болсо аны элчиликтин жанында күтүп турган колуктусунун колунда калган экен, аны телефонго келген маалыматты алыштын жолун жакшы билген дешет.

Аудио маалыматта Хашоггини дароо сабап башташканы, ага ийне сайып, тирүүлөй эле жиликтеп баштаганын далилдеген үндөрдү угууга болот. Бул операция жети мүнөттө бүткөн дешет.

Эл аралык реакция

Дүйнөнүн көп лидерлери Washington Post газетасынын баяндамачысын өлтүрүүнү айыпташып, аны толук иликтеп чыгууну талап кылышууда. Президент Дональд Трамп адегенде журналисттин өлүмүнө айыптууларга катуу опуза менен чыгып, кийинчерек Сауд Аравиясынын өлүм кокустан болгону жөнүндө билдирүүсү чын окшойт деген.

АКШнын маалымат каражаттары Борбордук чалгын кызматынын башчысы Джина Хаспелдин тергөөгө жардам бергени Түркияга жөнөп кеткенин кабарлашты. (КС)