Саудиялык аялдардын акциясы

Saudi women in abayas and niqabs

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сауд Арабия бийлиги ондогон жылдар бою коомдук жайларда аялдарга "абайя" көйнөгүн кийүүгө милдеттендирген

Айрым саудиялык кыз-келиндер "абайя" же бүт денени жапкан узун көйнөккө каршы нааразылык акцияларын баштады. Алар каршылык маанайын - көйнөктүн ичин аңтарып алып кийүү менен билдирип жатышат. Анысын болсо, сүрөткө тартып, коомдук медиа аркылуу таратууда.

Март айында тактынын мураскери ханзаада Мухаммед Бин Салман жергиликтүү аялдар "абайяны" милдеттүү түрдө кийиши керек деген мыйзам жок экенин айтканы бар.

Ушундан кийин "Твиттерге" эле беш миңден ашуун колдонуучу көйнөккө нааразылыгын билдирип жазып чыккан.

Саудиялык аялдар кандай кийинет?

Сауд Арабия бийлиги ондогон жылдар бою коомдук жайларда аялдарга "абайя" көйнөгүн кийүүгө милдеттендирген. Ошондой эле алар бетин жапкан "никаб" дагы кийип жүрүшү шарт эле.

Март айында ханзаада Мухаммед Бин Салман аялдар "абайя" көйнөгүн милдеттүү кийиши шарт эмес, коомдук жайларда адептүү көрүнгөн кандай көйнөк кийинсе дагы болот деп билдирүү жасады.

"Шариятта так жазылган, аялдар эркектердей эле адептүү, сый кийинүүгө тийиш. Бул жерде "абайя" же кара түстөгү паранжа жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Ар бир аял өзү чечет",-деди ханзаада.

Saudi women in abayas and niqabs

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыз-келиндердин нааразылык акциясы

Howra аттуу "Твиттер" колдонуучусу "абайя" көйнөгүн аңтарып алып кийип жатканын мындай түшүндүрдү: "Мен мамлекеттик жана салттык эрежелерге каршы чыгып жатам. Бирок чыныгы ысымымды жарыялоо кооптуу. Биз ишке "абайя" жана "никаб" кийип барабыз. Себеби, андай кийинбесек башкаларга (эркектерге) оор болуп калышы мүмкүн деп айтылат".

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 1

Presentational white space
X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 2

Presentational white space

Сауди аялдары жакында эле ар түрдүү түстөгү "абайя" көйнөктөрүн кийе баштады. Буга чейин жалаң кара түстөгү "абайяларды" кийишкен.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 3
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 3

Өткөн жылы саудиялык аялдарга унаа айдоого укук берилген. Бирок кыз-келиндердин укугу үчүн күрөшкөн активисттердин көбү камалды.

Андан бери Мухаммед Бин Салман Сауд Арабиянын бийлигин сындаган журналист Жамал Хашоггини өлтүрүүгө буйрук берген деп айыпталууда. Ханзаада дооматтарды четке кагып келет.

Саудиялык аялдардын укуктары

Сауд Арабияда аялдарга айрым жеңилдиктиктер бериле баштады. Мисалы, аялдарга унаа айдоо менен бирге, спорттук иш-чараларга барганга уруксат берилген.

Бирок ага карабастан Сауди аялдары эркектин (күйөөсү, атасы, агасы же баласы) уруксаты жок, өз алдынча басып кете албайт.

Алардын кыскача тизмеси:

  • Паспортко тапшыруу
  • Чет өлкөгө чыгуу
  • Күйөөгө чыгуу
  • Банк эсебин ачуу
  • Бизнес баштоо
  • Айрым медициналык операцияларды жасоо
  • Абактан чыгуу (жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин жолдошу же баласы абактан алып чыгып кетиши керек)

Бул система Жакынкы Чыгыштагы аялдар менен эрекектердин ортосундагы теңсиздикти пайда кылган.

Бирок өткөн жылы ханзада Мухаммед бин Салман "2030-жылга карата социалдык жана экономикалык реформалар" боюнча концепцияны жарыялаган. Ага ылайык бийлик тарабынан киргизилген чектөөлөрдүн көбү бошоңдой түштү.

Өлкөдө падышалык үй-бүлө мүчөлөрү жана диний институттар "ваххабизм" деп таанылган исламдын агымын колдойт. Ошондуктан өлкөдө жүрүм-турум эрежелеринен, кийинүү маданиятына чейин бекем көзөмөлгө алынган. Өзгөчө катаал чектөөлөргө, албетте, аялдар туш болгон.

Азыркы реформалар негизинен экономикалык себептерге байланыштуу. Мунайдын баасы арзан болуп жаткандыктан өлкө бийлиги каржылоонун жаңы булактарын издеп жатат. (AT)