Сауд Арабияда 35 жылдан кийин кинотеатрлар ачылды
Эр-Рияд шаарында AMC Entertainment компаниясы 35 жылдан бери биринчи жолу 'Black Panther ' же "Кара кабылан" атуу кинону койду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ачылыш аземине 500гө жакын өкмөт өкүлдөрү, дипломаттар жана коноктор чакырылды. Жергиликтүү тургундарга кинотеатрлар 1-майда ачылмакчы.
Сауд Арабиянын расмийлеринин айтымында, кинотеатрларда эркектер менен аялда чогуу отурууга укуктуу болот. Тургундар аралаш, жалаң аялдар же эркектер кирүүгө укуктуу болгон залдарды тандап алса мүмкүн. Буга чейин коомдук жайларда эркектер менен аялдар бирге отурууга укугу жок болчу.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 1
Сауд Арабиянын ханзадасы Мухаммед Бин Салмандын долбооруна ылайык, беш жылдын ичинде өлкөнүн 15 башка шаарында 40 кино театр ачылат.
Өткөн жыл соңунда Сауд Арабия бийлиги кинотеатрлардын ишмердүүлүгүнө салынган 35 жылдык тыюну алып саларын жарыялаган. Кинотеатрлар ислам фундаменталистеринин кысымы астында өткөн кылымдын 80-жылдары жабылып калган эле.
Бирок өлкөнүн муфтийи Шейх Абдул аль-Шейх кинотеатрлар кайра ачылса, өлкөдөгү адеп-ахлакка зыянын тийгизет деп айтканы бар.
2017-жылдын күз айларында тактынын мураскери болгон ханзада Мухаммед бин Салман 2030-жылга карата социалдык жана экономикалык реформалар боюнча концепцияны жарыялаган. Ага ылайык бийлик тарабынан салынып, жашоо-турмушта кадыресе байкалган кысымдардын көбү алсырай түшмөкчү.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 2
Маселен, эми аялдарга унаа айдаганга жана спорттук иш-чараларга барганга уруксат берилет.
Падышалык үй-бүлө жана диний институттар "ваххабизм" деп таанылган диндин агымын колдойт. Ошондуктан өлкөдө жүрүм-турумдан баштап, кийинүүгө чейин бекем көзөмөлгө алынган. Өзгөчө катаал чектөөлөргө аялдар туштугушат.
Азыркы реформалар негизинен экономикалык себептерге байланышкан. Мунай арзан баада болуп жаткандыктан өлкө каржылоонун жаңы булактарын издеп жатат.








