АКШ менен өнөктөштөрүнүн ортосунда "соода согушу" чыгабы?

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ бажы төлөмдөрүн көтөргөндөн кийин президент Трамптын администрациясы кескин сынга кабылууда.
Кошмо Штаттарынын Европа Биримдиги, Канада жана Мексикадан импорттолгон темир жана алюминийге бажы төлөмдөрүн көтөргөнүнө айрым республикачылар дагы каршы чыкты.
Ал эми жогоруда айткан мамлекеттин лидерлери АКШны айыптап, Кошмо Штаттарынан импорттолгон бир нече товарга бажы төлөмдөрүн көтөрдү.
Франциянын президент телефон аркылуу Дональд Трампка байланышып, ага АКШнын кадамы "мыйзамсыз" экенин айтты. Ошондой эле президент Макрон Европа Биримдиги "жооп кайтарат" деп кошумчалады.
Президент Трамп сунуштаган мыйзам жума күнү күчүнө кирген. АКШнын лидери темир жана алюминий импорту өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратат деген жүйөө келтирген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Вашингтондун өнөктөштөрү аны четке кагууда. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо АКШнын кадамын "акарат" деп атады.
"Канада Кошмо Штаттарынын коопсуздугуна коркунуч жаратат деген пикир акылка сыйбайт", -деди Трюдо.
Дагы кандай реакциялар болду?
Улуу Британиянын Соода боюнча катчысы Лиам Фокс темирге бажы тарифтерди 25 пайызга көтөрүүнү "атайын жасалган акылга сыйбаган" кадам деп атады. Жетекчи Трамптын администрациясы "протекционизм" саясатын жүргүзүп жатканын жана бул аракеттер "соода тирешине" алып барышы ыктымал деп билдирди.
Европа Биримдиги АКШдан импорттолгон товарларга бажы төлөмдөрүн көтөрмөй болду. Ошондой эле Европа Биримдиги Дүйнөлүк соода уюмуна даттануу арыз жолдомой болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мексиканын тышкы иштер министри Луи Видегарай өлкө жооп катары АКШдан импорттолгон бажы төлөмдөрүн көтөрөт деп белгиледи.
"Мексика соода, миграция, коопсуздук же башка тармакта өзүнүн саясатын өзгөртпөйт. Кошмо Штаттарынын бир тараптуу аракеттерине карабастан мамлекет саясатын уланта берет. Мексика өзүнүн кызыкчылыгын гана коргойт", -деди Луи Видегарай.
Мексиканын экономика министри АКШдан импорттолгон темир, эт, жашылча-жемиштер жана сүт азыктарына бажы төлмөндөрүн көтөрүүнө караштырып жатканын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Канада болсо АКШдан импорттолгон 13 миллиард долларга тете товарларына бажы төлөмдөрүн көтөрөт.
Бул кадамдын экономикалык таасири кандай болот?
Канада, Мексика жана Европа мамлекеттери 2017-жылы АКШга 23 миллиард долларга тете темир менен алюминий АКШга экспорттогон. 2017-жылы толуну менен 48 миллиард долларга алюминий менен темир сатылган.
Бирок адистер экономикалык олку-солку абал баардык тараптарга таасир этет деп айтышууда.
Темир жана алюминийдин импортун чектөө товардын баасына жогорулатып, айрым адистер АКШда 470 миң адам жумушсуз калышы ыктымал деп айтышууда. Кошмо Штаттарында эмитен эле темирдин баасы көтөрүлгөнү байкалды.









