Өзбекстан жана АКШ: кимиси кимге пайдалуу?
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен америкалык лидер Дональд Трамптын жолугушуусуна чейин эле маалымат каражаттарында "АКШ Өзбекстанды канчага сатып алууда" деген темага ой жоруган макалалар пайда болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок бейшембиде жыйынтыкталган өзбек президентинин иш сапары бир эле Ташкент үчүн эмес, Вашингтон үчүн дагы маанилүү экенин көрсөттү.
Иш сапардын соңунда кызматташтык боюнча бир катар документтерге кол коюлган. Андан кийин президенттер "Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттары: стратегиялык кызматташтыктын жаңы доорунун башталышы" деген биргелешкен билдирүү жасады.
Декларациянын артында эмне бар, талдап көрөлү.
Өзбекстан эмне алат?
Эки тарап тең Мирзиёевдин сапарын "тарыхый" деп аташты.
"Балким чынында ушундай: жумшак айтканда, чоң мусулман өлкөсүнүн президенти анчейин жактырбаган өлкөгө келгенинин өзү эле эр жүрөктүк",-дейт Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Аркадий Дубнов.
Мусулман дүйнөсүнүн сынына кабылышы мүмкүн экенин билип туруп, Мирзиёев АКШга сырткы саясаттагы маселелерин чечүү үчүн батынып келди.
Чөлкөмдүн деңгээлинде алганда, Ташкент үчүн өзүнүн макамын, ишенимдүү өнөктөш экенин демонстрациялоо зарыл болуп турат. Ырас, Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин Өзбекстандын коңшуларына карата мамилеси жакшырды. Жалпысынан Ташкент чөлкөмдө кадыр-баркына таяна алат. Эми ага дүйнөлүк державалардын деңгээлиндеги колдоо керек.
Өзбекстан үчүн чет өлкөлүк инвестициялар деле артыкбаш болобос эле. Бирок бир катар эксперттер өзбек экономикасына миллиарддаган америкалык каражат эртең салынып баштайт деген пикирден карманууда. Анткени Өзбекстандын бир эле адам укугу жаатында репутациясы начар болбостон, экономикалык стабилдүүлүк жана инвестициялык климат боюнча дагы абалы жакшы эмес.
Өлкөгө чет элдик инвесторлорду тартууга маркум президент Ислам Каримов деле аракет көргөн. Мунусу ийгиликтүү болгон жок. Мирзиёев болсо өлкөнүн ичиндеги реформадан баштады. Валюта саясатын либералдаштыруу боюнча чараларга барды.
Би-би-си кабарчысы Абдужалил Абдурасуловдун пикиринде, бул реформа башталар замат эле Өзбекстандагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан катуу каршылыктар болду. Бирок президент артка кайткан жок. Январда Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси, өлкөдөгү эң эле таасирдүү адам Рустам Иноятов кызматтан алынды.
Мындай аракеттер ири компанияларды канчалык ынандыра алат, бул өзүнчө суроо. Айрым маалыматтарга караганда, Chevron, Exxon Mobil жана General Electric менен сүйлөшүүлөр башталган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өзбекстандын армиясы - Борбор Азиядагы саны жагынан дагы, күжүрмөндүгү боюнча да жакшы даярдыктагы армия саналат. Бирок курал-жарагынын көбү Орусияныкы жана советтик учурдагы техникалар. Акырындап эскирип, колдонуудан калууда. АКШ болсо Ташкентке жаңы үлгүдөгү Абадан коргонуу системасын, аскердик дрондорду жана башка курал-жарактарды берүүгө даяр.
АКШ эмне алат?
Жакынкы келечекти алганда, Вашингтон Өзбекстан менен мамиле түзүү аркылуу НАТОнун күчтөрү үчүн жүк өтүп турган "Түндүк бөлүштүрүү түйүнүнө" колдоо алды. АКШ менен Пакистан ортосунда келишпестик өөрчүп жатат. Трамп Пакистанды террорчуларга көмөк көрсөтүп, өнөктөш катары милдеттенмелерин аткарбады деп айыптаган. Мындай абалда АКШ үчүн Борбор Азия аркылуу транзитке ээ болуу өтө маанилүү.
2011-жылы АКШ "террорго согуш" жарыялаганда Өзбекстандын Карши-Ханабад аба майданын ижарага алып турган. 2005-жылдагы Анжияндагы окуялардан кийин Ташкент менен Вашингтондун мамилеси бузулду. 2012-жылы Ислам Каримов ижара боюнча келишимди узартуудан баш тарткан. Бул Москванын кысымы жок эле, өз алдынча чечим болгону тууралуу убагында сөз болгону бар. Азыр бул канал кайрадан иштеп баштады.
Келечегинде өзбек-америка кызматташтыгы Ооганстан менен байланыштуу болот. Ооганстанда этникалык өзбектер саны боюнча экинчи орунда турат. Өлкөнүн бир катар аймактарында таасири чоң. Бул Ооганстандагы Батыш аскер күчтөрүнүн келечегине байланышкан кызыкчылыкка төп келет.
Ошол эле учурда Вашингтонго орусиялык жана кытайлык таасирге тең салмак кылып туруш үчүн Борбор Азиядан союздаш сөзсүз керек. Бирок азырынча Шавкат Мирзиёев Вашингтон, Москва жана Пекин ортосундагы тирешүүгө активдүү аралашууга анчалык шашылбай тургандай.
Орусия, Кытай, жана башкалар
Маалыматтарга караганда, Мирзиёевдин АКШга сапарынын алкагында кол коюлган келишимдердин суммасы сегиз жарым миллиард долларды түзөт. Салыштыруу үчүн өзбек президентинин Москвага сапарын эске сала кетели, анда инвестициялык келишимдер 12 миллиард доллар болгон.
"Өзбек президентинин аракеттерин Москва дээрлик токтоолук менен байкоого алып турат",-деп белгилейт Аркадий Дубнов. Кремль Мирзиёевге эч кандай кысым көрсөткөн жери жок. Айталы, ЖККУ сыяктуу аймактык жамааттык уюмдарга кирүүгө мажбурлаганы байкалбады. Бул уюмга мүчөлүгүн Өзбекстан 2012-жылы токтоткон. Орусия жалпысынан тең ата өнөктөш катары мамиле кылууга аракеттенүүдө.
Айрым аналитиктердин болжолунда, Орусия Өзбекстандын АКШга жакындашуусун эч кандай тоосколодук кылбайт. Анткени Орусиянын мунун ордун баса турган сунушу жок.
Орусияга каршы санкциялар, Кремлдин сырткы саясаттагы багыты, дээрлик Батыш өлкөрүнүн баары менен мамилесин бузуп алганы Москвага мурункудай ишенүүгө мүмкүнчүлүк бербей турат.
Мындан сырткары Крымдын аннексияланышы жана Украина чыгышындагы окуялар Борбор Азия өлкөлөрүн Орусиядан оолак болууга түртүүдө.
Тагыраагы, Казакстандын Орусия менен мамилесинде мындай абал байкалды. Бул тирешүүдө Казакстан Өзбекстанды өзүнүн союздашы катары көрүүдө. Ташкент менен Бишкек ортосундагы мамиле дагы жумшарып, жакшырып барууда. Бирок идеалдуу деп айтууга эрте.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Пекин бул жүрүштөргө астейдил байкоо салып турат. Бир жагынан Өзбекстанда Кытайдын жеке дагы мамлекеттик дагы каражаты аз эмес. Мисалы, Кытай Батышка жана Иранга чыккан темир жол Өзбекстан аркылуу өтмөкчү.
Бул өңүттөн алганда Өзбекстан АКШ менен жакшы мамиледе болуусунун дагы пайдасы бар. Биринчиден, Өзбекстан сырткы саясатында өз алдынчалык ээ боло алат. Экинчиден, чөлкөмдөгү салмагын арттыра бермекчи.
Тилекке каршы келечектеги жетишкендиктер тууралуу айтуунун өзү кыйын болуп турат. Анткени Трамптын учурундагы АКШнын сырткы саясаты дагы оомал-төкмөл болуп, Кремлдин саясаты сыяктуу эле алдынала айтууга мүмкүн болбой калды. (AbA)










