Мирзиёев-Трамп: Америка Өзбекстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачабы?

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев АКШ президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө жолугушат.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев АКШ президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө жолугушат.

Сүрөттүн булагы, PRESIDENT.UZ

Расмий маалыматта айлыгандай, өзбек президентинин АКШга эки күндүк сапары Трамптын чакыруусу менен болгон.

Бул Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Вашингтонго болгон алгачкы расмий сапары. Мирзиёев бийликке келгенден бир жарым өтпөй АКШ президентинин чакыруусу менен АКШга келгенине өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Буга чейин өзбек президенти Дональд Трамп менен өткөн жылы Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында жолукканы бар.

Расмий кабарларга караганда, президент Мирзиёевдин АКШга сапарында эки өлкөнүн кызматташтыгы, соода, инвестиция, аймактык коопсуздук маселелери талкууланары айтылды.

Иш сапардын соңунда президенттер Трамп "Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттары: стратегиялык кызматташтыктын жаңы доорунун башталышы" деген билдирүү кабыл алып, бир катар келишимдерге кол койот.

Талдоочулар Шавкат Мирзиёев бийликке келгени Өзбекстан экономикада болобу, тышкы саясаттабы бир аз жумшарып, дүйнө коомчулугу үчүн мурдагы жабык өлкөдөн ачыктыкка өтүп жатканын айтышууда. (AbA)