АКШнын чалгын кызматынын жетекчиси Ким Чен Ынга жолуктубу?

АКШнын Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Майк Помпео жашыруун иш сапары менен Пхеньянга барып, КЭДР лидери Ким Чен Ын менен жолуккан деп жазды америкалык басылмалар.

Помпео, Ким, Трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Майк Помпео (солдо) жакынкы күндөрү мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду алмаштырат.

ММКлар Ак үйдөгү анонимдүү булактарга шилтеме берип жазып чыгышкан. Помпеонун жашыруун сапары Трамп менен КЭДР лидеринин түз жолугушуусун уюштурууга арналганы айтылып жатат. Бул сапар марттын соңунда болгон.

Мунун алдында Дональд Трамп КЭДР менен сүйлөшүүлөр "жогорку деңгээлде" жүрүп жатканын жана Ким менен жолугушуу үчүн беш болжолдуу жай каралып жатканын айткан эле.

Жашыруун жолугушуу тууралуу эмне билебиз?

Майк Помпеонун Пхеньянга сапары тууралуу биринчи болуп Washington Post жазды. Басылма белгилегендей, иш сапар Рекс Тиллерсондун отставкасынан кийин Майк Помпео мамлекеттик катчы болору анык болуп калганда жасалды.

Вашингтон менен Пхеньян ортосундагы байланыш 2000-жылдан бери мындай жогорку деңгээлде боло элек болчу деп белгиледи WP. Анда Түндүк Кореяга Ким Чен Ир менен жолугушуу үчүн мамлекеттик катчы Мадлен Олбрайт учуп барган.

Жолугушуу тууралуу Ак үй дагы, Түндүк Корея, БУУдагы комментарий берген эмес.

Kim Jong-un in Pyongyang, 16 April

Сүрөттүн булагы, AFP

Түндүк Корея менен АКШ ортосунда дипломатиялык мамиле жок. 2014-жылы КЭДРге Улуттук чалгын кызматынын директору Жеймс Клаппер барып, абактан эки америкалык жаранды алып келген экен. Негизинен эки өлкө ортосундагы пикир алышуу бейрасмий каналдардан ортомчулар аркылуу ишке ашат.

Корея жарым аралын Түндүк жана Түштүк кылып бөлүп салган согуштун бүткөнүнө 65 жыл болду. Бирок ошого карабастан тынчтык келишимине кол коюла элек.

Саммит качан болот?

Өткөн айда Дональд Трамп күтүүсүз жерден Пхеньяндын түз сүйлөшүүлөр боюнча сунушун кабыл алган. Буга чейин бир дагы америкалык президент Түндүк Корея лидери менен жолуккан эмес.

Трамп журналисттердин суроосуна жооп берип жатып: "саммит июндун башында, балким андан эрте да болуп калышы мүмкүн" деп айткан.

Түндүк Корея дүйнө коомчулугу тарабынан обочолонуп калган өлкө. Анткени өзөктүк курал программасынан баш тартпай койгону, адам укуктарынын бузулушу, эл аралык укуктарды бузганы Пхеньянды БУУнун санкцияларына туш кылды.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс Дональд Трамп менен Синдзо Абэнин жолугушуусу алдында.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс Дональд Трамп менен Синдзо Абэнин жолугушуусу алдында.

Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиада оюндары учурунда дипломаттар сүйлөшүүлөргө мүмкүнчүлүк алышты. Андан бери КЭДРге Түштүк Кореядан, Кытайдан, эми АКШдан делегациялар барды.

Трамп менен Кимдин алдыдагы күтүлгөн саммити Токионун кооптонуусун дагы жаратып, жапон премьери Синдзо Абэ сүйлөшүү үчүн Вашингтонго учуп келди.

Жолугушуу достук маанайда өтүп, Трамп Абэни Мар-а-Лаго курортуна келип кетүүгө чакырган.

Америкалык президент Түндүк Корея суроосунда эки өлкөнүн ача пикри жок экенин белгилеген.

Бирок байкоочулар Абэнин Вашингтон сапарынын негизги максаты - Трампты түндүк кореялык режимге болушунча кысым көрсөткөн саясатты улантууга көндүрүү болгон. (AbA)