Пхеньян "өзөктүк арсеналын жок кылуу" боюнча сүйлөшүүлөргө даяр

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images
АКШнын расмийлеринин айтымында, Пхеньян менен Вашингтондун ортосундагы жолугушууда Түндүк Корея өзөктүк арсеналынын келечеги тууралуу сөз кылууга даяр экенин билдирди.
Президент Трамптын администрациясы Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы саммитке даярдык иш чаралары жүрүп жатканда, Пхеньян менен Вашингтон жашыруун сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын дагы жар салды.
АКШ менен Түндүк Кореянын расмийлери бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн биринчи жолу тастыкталды. Саммит май айында болмокчу.
Эгерде сүйлөшүүлөр ишке ашса, АКШнын президенти менен Түндүк Кореянын лидери тарыхта биринчи жолу жолугат.
Түндүк Кореянын расмийлери Түштүк Кореянын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндө өзөктүк арсеналын жок кылуу боюнча сүлөшүүлөргө даяр экенин айткан.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Эки мамлекеттин лидерлери кайсыл аймакта жолугаары жана кандай көйгөйлөр көтөрүлөөрү дале так эмес.
Куру сөзбү же убадалар ишке ашабы?
Март айында Түндүк Корея менен АКШ сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деген жаңылык тараганда көптөр таң калган.
Буга чейин эки мамлекеттин лидерлери бири-бирин коркутуп, кайым айтышып келген.
Азырынча Вашинтон менен Пхеньян "өзөктүк арсеналды жок кылуу" деген терминди кандай түшүнөөрү белгисиз. АКШ бул терминди Пхеньяндын өзөктүк долбоорун толугу менен токтотуу жана өзөктүк арсеналын жок кылуу катары кабыл алат.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
2000-2007-жылдардагы Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын ортосундагы саммит эки Корея ортосундагы мамилени өзгөртө алган эмес. Буга чейин Түндүк Корея сүйлөшүүлөр учурунда өзөктүк куралын жана ракеталарынын сыноосун токтотуп, бирок талаптары аткарылбаса өзөктүк долбоорун кайрадан уланткан.
Түндүк Корея азыркыга чейин АКШ менен сүйлөшүүлөр болоорун тастыктай элек. Бирок Ким Чен Ындын 2011-жылы бийликке келгенден бери биринчи ирет чет өлкөгө (Кытайга) иш сапары менен чыкканы, даярдык иш чаралар болуп жатканынан кабар берет.
Кытай Түндүк Кореянын экономикалык негизги союздашы эсептелет. Ким Чен Ындын иш сапарын Түштүк Корея жана АКШнын жетекчилиги менен жогорку деңгээлдеги жолугушуу алдындагы Пекин менен кеңешүү, колдоо издөө аракети катары бааланган.
Апрелде Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен жолугат. Ал эми май айында АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушу күтүлүүдө. Албетте, бул жолугушууну дипломаттар өз учурунда уюштура алса.











