Скрипалдын ууландырылышы: Британия кандай жооп кайтарат?

Сүрөттүн булагы, EPA/ Yulia Skripal/Facebook
Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин айтымында, мурдагы чалгынчы Сергей Скрипаль Орусиянын аскердик ишканасында чыгарылган зат менен ууландырылган.
Премьер-министр бул кол салуунун артында Москва турушу мүмкүн деп жарыялады.
Британиянын Тышкы иштер министрлиги өлкөдөгү Орусиянын элчисин чакыртып, түшүндүрмө берүүгө суранды. Мэй айым Москва шейшемби күнгө чейин "ынанымдуу жооп кайтарбаса", Британия Орусия "мыйзамсыз күч колдонду" деген тыянак чыгарат деп белгиледи.

Кол салууда "Новичок" деп аталган уулу зат колдонулган. Ал адамдын нерв системасына доо кетирет.
"Бул Орусия тараптан биздин мамлекетибизге түздөн-түз кол салуу болду же Орусиянын өкмөтү өтө кооптуу делген уулу затка көзөмөлүн жоготуп, ал туура эмес колго түшкөн", -деди Тереза Мэй.
Ошондой эле Мэй айым Британия олуттуу чара көрүүгө даяр болушу керек деп кошумчалады. Эгерде Орусия шейшемби күнгө чейин жооп кайтарбаса, шаршемби күнү Британиянын парламенти Орусияга каршы кандай чара көрөөрүн талкууга алышмакчы.
Сергей Скрипаль 1951-жылы туулган. Көп жылдар бою Орусиянын чалгын агенттигинде кызмат кылып, полковник наамына чейин жеткен. 1990-жылдары Скрипаль Орусиянын чалгын агенттигинде чоң кызматты аркалап, атайын кызматка жаңы кадрларды тандоо жагында иштеген.
Орусиянын атайын кызматтары Скрипаль Британия тарапка 1995-жылы өткөн деген пикирде. Скрипаль 2006-жылы чыккынчылык үчүн соттолуп, 2010-жылы эки орусиялык менен бирге мунапыс алган. Андан соң Москва айтылган чалгынчыларды АКШда кармалган орус агенттери менен алмашкан.
"Новичок" деген уулу зат эмне?
- "Новичок" деп аталган затты Советтер Союзу 1970-80-жылдары жашыруун аскердик жайларда чыгарган. Аны "жаңы муундагы" уулу заттардын катарына кошсо болот.
- "Новичок" камтыган A-230 химиялык заты Литвиненкону өлтүргөн VX затынан сегиз эсе күчтүү. VX затын ичип алган адам бир нече мүнөттүн ичинде каза табат.
- "Новичок" затынын суюк жана катуу түрлөрү бар. Ошондой эле "Новичоктогу" химиялык заттар өз алдынча кармалат, алар аралашканда гана өтө күчтүү уулу затка айланат.
- Айрым маалыматтарга ылайык, "Новичок" затын Орусиянын армиясы химиялык курал катары каттаган.
- Орусиядан башка тарапка өтүп кеткен мурдагы чалгынчылар "Новичок" тууралуу биринчилерден болуп айтып беришкен. Ага чейин уулу зат тууралуу дүйнөлүк коомчулуктун кабары жок болчу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Премьер-министр Тереза Мэй уулу затты Британияда колдонуу "бир гана Скрипалга каршы кылмыш эмес, жалпы Британиянын коомчулугуна каршы кылмыш" деп атады. Себеби, "жөн жай тургундардын өмүрүнө коркунуч жаралды" деп кошумчалады Мэй.
Батыш Улуу Британияны колдоду
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Вашингтон дагы кол салуунун артында Орусия турат деген пикирин билдирди.

Сүрөттүн булагы, EPA
"Биз кылмышка буйрук бергендер жана аны аткаргандар жоопко тартылышы керек деген ойго кошулабыз. Биз Улуу Британияны колдойбуз жана кийин дагы өнөктөш катары ишибизди уланта беребиз", -деди Рекси Тиллерсон.
Тереза Мэй дүйшөмбү күнү Орусиянын агрессиясы тууралуу Франциянын президенти Макрон менен дагы телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг болсо "уулу затты колдонуу кабыл алынгыс маселе" деп атады. НАТОнын расмийлери Британия менен чогуу иш алып барып жатканын дагы белгиледи.
Британиянын коопсуздук боюнча кеңешчиси Лорд Рикеттс НАТО менен Европа Биримдиги бирге жооп кайтарса таасирдүү болоорун маалымдады.
Орусиянын реакциясы
Орусиянын Тышкы ишер министрлиги Британиянын премьер-министринин сөздөрүн Орусияга каршы кезектеги саясий жана маалымат өнөктүгү катары кабыл алды.
"Бул Британиянын парламентиндеги цирк шоусу болду. Аны Орусияга каршы кезектеги саясий жана маалымат өнөктүгү катары атасак болот. Жаңы жомокторду чыгараардан мурун, мурдагы иштердин - Литвиненко, Березовский, Перепиличный жана башкалардын иштери кандай жыйынтыкталганы тууралуу сөз кылышсын. Алардын баары Британияда каза тапкан", -деди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Сергей Скрипаль деген ким?
Сергей Скрипаль 1951-жылы туулган. Көп жылдар бою Орусиянын чалгын агенттигинде кызмат кылып, полковник наамына чейин жеткен.
Орусиянын ММКларында Скрипаль тууралуу маалымат абдан аз. Бирок Би-Би-Синин Британиянын атайын кызматтарына жакын булагы Скрипаль десанттык күчтөрдө өзүн мыкты көрсөткөнүн айтты. Андан соң Скрипалды чалгындоо агенттиги ишке алган.

Сүрөттүн булагы, Moscow District Military Court/TASS
1990-жылдары Скрипаль Орусиянын чалгын агенттигинде чоң кызматты аркалап, атайын кызматка жаңы кадрларды тандоо жагында иштеген.
Орусиянын атайын кызматтары Скрипаль Британия тарапка 1995-жылы өткөн деген пикирде.
2004-жылы ФСБ Скрипалды Британиянын чалгынчылары менен кызматташканы үчүн камакка алып, ага чыккынчылык боюнча айып тагылган.
Орусиянын бийлиги Скрипаль пенсияга чыкса дагы, мурдагы кесиптештеринин жардамы менен жашыруун маалыматтарды алып, Британияга өткөрүп турган деген пикирде болуп жатат.

2006-жылы Скрипаль күнөөнү мойнуна алып, Москванын аскердик соту аны 13 жылга эркинен ажыраткан. Ал аскердик наамынан дагы айрылган.
Бирок 2010-жылы Скрипалды окумуштуу Игорь Сутягин менен жана дагы эки орусиялыкты кошо АКШда кармалган орус агенттери менен алмашуу чечими кабыл алынган.
Кошмо Штаттарында кармалган агенттердин катарында тышкы чалгындоо кызматынын генерал-майору Михаил Васенков жана Анна Чапман бар болчу.
Скрипалга мунапыс берүү боюнча документке мурдагы президент Дмитрий Медведев кол койгон. Орусиянын президенти мунапыс алуу үчүн Скрипаль жана үч орусиялык өздөрү кайрылганы айтылат.
АКШ Чапман менен башка орусиялык тыңчыларды тышкы чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги Александр Потеевдин маалыматына таянып кармашкан. Потеев мурда Орусиянын АКШдагы мыйзамсыз чалгындоо иштеринин башчысы болчу.
2010-жылы ал АКШга орусиялык тыңчылар тууралуу маалымат берип, өзү дагы Кошмо Штаттар тарапка өтүп кеткен. 2011-жылы мурдагы полковникти Орусиянын соту 25 жылга соттогон.
2016-жылы ММКалар Потеев АКШда каза тапканын маалымдашкан.







