Пентагон: АКШга коркунуч жарала турган болсо КЭДР жообун алат

Сүрөттүн булагы, AFP
Түндүк Корея АКШнын аймагына же анын союздаштарынын аймагына коркунуч жарата турган болсо, Вашингтон «аскердик салмактуу жообун берүүгө» даяр экенин Пентагондун жетекчиси Жеймс Мэттис билдирди.
Жекшембиде АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн администрациясы менен өткөргөн жыйында кезектеги ядердик сыноо өткөргөн Түндүк Кореяга жооп берүү үчүн болжолдуу аскердик аракеттер менен таанышты.
Мэттис Түндүк Корея тарабынан коркунуч жаралса, жообу бат жана оор болорун эскертүүдө. АКШ Түндүк Кореянын таш-талканын чыгара турган күч-кубатка ээ, бирок аны толук талкалоого умтулбайт деди Мэттис.
Мунун алдында АКШнын Түндүк Кореяга сокку уруу планы барбы деген журналисттердин суроосуна Дональд Трамп «көрөбүз» деп жооп берген эле.

Сүрөттүн булагы, NORTH KOREA TV
Жекшембиде Түндүк Корея суутек бомбасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн кабарлады. Дүйшөмбүдө БУУнун Коопсуздук кеңеши жыйынга чогулуп, КЭДР аракетин талкуулайт. КЭДР аймагында жер титирөө болгонун сейсмологдор билдирүүдө. Сейсмикалык активдүүлүк Пунгери ядердик полигону орун алган Кильджу аймагынан байкалган. Буга чейинки Түндүк Кореянын ядердик сыноолорунун баары ушул жерде өткөрүлгөн.
КЭДР суутек бомбасы эч кандай радиация жана башка айлана-чөйрөгө зыяны тийе турган негативдүү кесепеттерин тийгизген жок деп ынандырууда.
Бринчи жолу Түндүк Корея 2006-жылы ядердик куралын сыноодон өткөрө турганын кабарлаган. Анда көпчүлүк эксперттер мындан күмөн санашкан эле. Бирок көп өлкөлөр бул аракетти кескин сынга алып чыгышкан. Андан бери КЭДР төрт ирет өзөктүк куралын сыноодон өткөрүп, дүйнө коомчулугунун кескин сынына кабылды. Пхеньянга карата бир катар санкциялар киргизилген.
АНАЛИЗ
Жонатан Маркус, Би-би-синин коргонуу жана дипломатия боюнча кабарчысы

Бүгүнкү күндөгү КЭДРдин алтынчы ирет өткөрүп жаткан өзөктүк курал сыноосу болжолу эң кубаттуу болуп жана ачык-айкын саясый белги бергенсиди.
Вашингтондо Трамптын админстрациясы айгай салып, башка өлкөлөр бир добуштан муну сынга алганына карабастан, Пхеньян өзүнүн ядердик активдүүлүгүн токтотуп же андан карманып турууга ниеттенген жери жок.
Ѳзгөчө тынчсыздандырганы бул программа бардык фронттордо күтүлгөндөн да тез алдыга жылып жаткандай. Азырынча Түндүк Кореяга жасалган кысым, санкциялар, коркутуп-үркүтүүлөр, аскердик коркунуч Пхеньянга эч кандай таасирин тийгизе элек.
Дагы бирдеме кылышка болобу? Албетте. Эң эле катаал экономикалык санкциялар потенциалдуу алганда режимди шал абалга жеткирип, өлкөнү оор абалга кептемек. Бирок бул планды Кытайдын колдоого алгысы келбей жатат.
Эми болсо Түндүк Кореяны куралдануу программасынан баш тартырууга аргасыз кыла ала турган коркутуу чаралары алдыңкы планга чыгып, дүйнө Пхеньянды ядердик куралдан баш тартууга мажбурлоого барат. (AbA)











