Түндүк Кореянын ракетасы Япониянын үстүнөн учуп өттү

Түндүк Корея ишемби күнү өзүнүн чыгыш жээктеринде үч ракетасын сыноодон өткөрдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Корея ишемби күнү өзүнүн чыгыш жээктеринде үч ракетасын сыноодон өткөрдү.

Түндүк Кореянын кезектеги ракетасы Япониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралынан учуп өтүп, деңизге кулаган. Бул тууралуу япон өкмөтү кабар таратты.

Ракетаны атып түшүрүүгө Япония эч кандай чара колдонгон эмес.

Маалыматтарга караганда ракета жергиликтүү убакыт боюнча таңга маал атылган. Япониялык басылмалар ал сууга кулардан алдын үч бөлүккө бөлүнүп кеткенин жазышты.

Ракетаны атып түшүрүүгө Япония эч кандай чара колдонгон эмес.

Түндүк Корея ишемби күнү өзүнүн чыгыш жээктеринде үч ракетасын сыноодон өткөрдү.

Окуя болгон учурда Япония бийлиги жарандарын этият болууга жана сактануу чараларын көрүүгө чакырган. Япониянын Эн-Эйч-Кей телерадиокомпаниясындагы маалыматта ракета атылгандан кийинки келтирилген чыгымдар тууралуу эч нерсе айтылган жок.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ өкмөт жарандарынын коопсуздугун сактоо үчүн колдон келген чараларды көрөт деп айтты.

"Хвасон-14" баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүү учуру.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Хвасон-14" баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүү учуру.

Япон өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсихидэ Суга түндүк кореялык ракета сыноосун «олуттуу коркунуч» деп атады. Анын айтымында, Пхеньяндын аракетине жооп кылып Япония «болгон чараларын» колдонот.

Япониянын жана анын союздаштарынын өтүнүчү менен БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулмак болуп жатат.

Акыркы жолу түндүк кореялык ракета Япониянын аймагынан 2009-жылы учуп өткөн. Анда Япония, АКШ жана Түштүк Корея муну баллистикалык ракета сыноосу деп айтып чыккан. Ал эми Пхеньян болсо, космоско спутник чыгарган ракета болчу деп көөшөргөн эле.

Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрү бул жолку ракета таңкы саат алтыларда, Пхеньянга жакын Сунан районунан атылганын айтууда. Ракета 2700 чакырым учуп өткөн. (AbA)