Г.Мадаминов: айылдан аялдар, бала-чаканын бардыгы чыгарылды

Гапыр Мадаминов

Сүрөттүн булагы, kutbilim

Баткен облусунун Лейлек районундагы чек ара тилкесинде жашаган №3-эксперименталдык гимназиянын директору, КРнын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовго кайрылып, соңку кырдаал тууралуу сурадык.

Г.Мадаминов: Лейлектеги чек ара тилкесиндеги айылдардан аялдар, бала-чака бардыгы жогору жакка чыгарылып кетип жатат. Бул иш кечээ башталган, азыр дагы уланууда. Азыр куралдуу күчтөр келди. Жергиликтүү элден эркектер турат. Буларда (ред. тажиктерде) күч өтө чоң да, калкы дагы көп. Бизге жакын эле турган айылдарда элүү-алтымыш миң калк бар. Бизде болсо он-он беш миң.

Би-Би-Си: Өмүр боюу эле чек арадагы Кыргызстандын эң четки айылында жашап, иштеп келе жатасыз. Ушундай оор абал сиздердин айылда мурда-кийин болду беле?

Г.Мадаминов: Биздин айылга жакын жерде чек ара чатактары катталып келген. Бирок эми азыркыдай биринчи жолу болду. Кечээ ок атышууну токтотуу боюнча макулдашылды деди. Ок атышуу басаңдады эле, анан күчөдү. Азыр дагы бир аз атылган октун үнү угулуп жатат. Бул жерде карапайым тажик элинде деле күнөө жок, чоң башка күчтөр барбы, ушуну алдын алыш керек деген пикирдемин. Азыр андай мындай деп жазып атышат, тажик эли деле кыргыздай эле эл. Эми биздин жетекчиликтерге кудай акыл, ынсап берип, мунасага келип калышса экен. Ушуну ыйык Орозонун күнүндө кудайдан тилеп отурабыз.

Би-Би-Си: Коңшу өлкөдөгү тааныштарыңыз сүйлөшө алдыңызбы?

Г.Мадаминов: Алар деле өкүнүп олтурат да, эмнеге ушундай болуп калды деп. Алардын да, биздин да жөнөкөй эл түшүнбөй отурушат. Бирок аларга үгүт кетип атат. Ушу биздин органдар, күчтөр бар, ошолор ушунун баарын байкашса болмок. Эми керек болсо эл аралык уюмдарга кайрылыш керепи? Бул жерде чоң-чон кагылышуу болуп кетиши мүмкүн. Азыр кандай болбосун маалымат таратууда абдан этият болуу керек. Жанжалдын эч кимге кереги жок.