Путин ортомчулук кылууга даяр

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кризистик кырдаалды жөнгө салууда ортомчулук кылууга даяр. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Анын айтымында "өлкөлөр ортосунда жалпылыктар бар, бир катар уюмдарга мүчө". Ошондуктан Орусия президенти ортомчулук кылып, кырдаалды жайгарууга көмөк көрсөтүүгө даяр.
30-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзбекстандык кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен Баткендеги түзүлгөн кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөштү.
"Мамлекет башчылары учурдагы кырдаалды жана кагылышууну жөнгө салуу жолдорун талкуулашты. Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымдады жана тынчтыкты орнотууга, жаңжалды жөнгө салууга жардам берүүгө даярдыгын билдирген Өзбекстандын президентине ыраазычылыгын айтты.Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы бардык пикир келишпестиктерди дипломатиялык диалог куруу аркылуу тезирээк жөнгө салуу зарылдыгын белгилешти",-деп айтылат расмий Бишкек тараткан маалыматта.
Мирзиёев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен дагы телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулаган.
Кырдаалды чечүүдө эл аралык практика кандай?

Сүрөттүн булагы, Social Media
Би-Би-Си эл аралык гуманитардык укук боюнча эксперт Алина Мурзаевага кайрылып, Эл аралык эрежелерге ылайык, азыркы абалда эки өлкө өзүн кантип алып жүрүшү керек деген суроо жолдоду.
Алина Мурзаева: Аскердик курал колдонулган конфликт кырдаалда эл аралык гуманитардык укук нормалары күчүнө кирет. Бул эрежелер тирешип жаткан тараптардын мамилесин жана жоопкерчилигин жөнгө салат. Анда биринчи кезекте 1949-жылы кабыл алынган Женева конвенциясын жана ага кошумча протоколдорду колдонууга жана урматтоого үндөлөт. Женева конвенциясы жайкын тургундарды жана жарандык имараттарды коргоого алууну басым кылат. Башкача айтканда кырдаалда эл аралык гуманитардык укук нормалары адамдын өмүрүнө коркунуч жаратуу же барымтага алуу сыяктуу аракеттерге тыюу салат.
Би-Би-Си: Учурдагы абалды жайгаруу үчүн эл аралык практикада кандай механизмдер бар?
Алина Мурзаева: Соңку бир нече жылда аскердик курал колдонулган конфликтти жайгаруу аракеттерин карасак, көп учурда бейтарап ортомчуну колдонушат. Ортомчу катары бир мамлекет же бир нече өлкө, ошондой эле эл аралык уюм чыгышы ыктымал. Мисалы, Украинанын чыгышындагы кырдаал Минск шаарында ЕККУнун ортомчулдугу алдында чечилип жатат. Бирок алгач ок чыгарбоо келишими урматталышы зарыл. Муну дагы бейтарап ортомчулардын көзөмөлү алдында ишке ашырса болот.
Ташкент менен Нур-Султан кыргыз-тажик куралдуу чатагын тынчтык менен чечүүгө көмөктөшүүгө даяр
Кыргыз-тажик чек арасындагы кан төгулгөн куралдуу кагылышуудан кийин бир катар өлкөлөр Кыргызстан менен Тажикстанды кагылышууну токтотууга чакырууда. Биринчилерден болуп Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги чек ара чатагын ынтымак, коңшулук жана өнөктөштүк салты менен чечүүгө үндөп, өзү дагы жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дагы куралдуу кагылышууну токтотуу аракеттерин колдоого алып, эки өлкөнүн ортосунда ишенимди кайтарып келүүгө өзүнүн даярдыгын билдирди.
"Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилери акылга салып, талаштуу маселелердин баарын тынчтык жол менен чече алат деп ишенем. Өзүм дагы эки тарапты канааттандырган чечимдерди издөөгө жана ортодогу ишенимди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө даярмын",-деп айтылат казак президентинин билдирүүсүндө.

Сүрөттүн булагы, April/social media
Токаев ошондой эле чек ара чыр-чатактарын чечүүнүн механизмин Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги кеңешмесинде карап көрүү керектигин белгилейт.
Андан мурда ББУнун катчылыгы Кыргызстан менен Тажикстандын ок атышууну токтотуу бүтүмүн кубаттап, сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырган.
Евробиримдик туугандарын жана жакындарын жоготкондорго көңүл айтып, ок атышууну токтотуу келишими токтоосуз аткарылышы керек деп билдирип, өзүнүн Борбордук Азиядагы атайын өкүлү жана Бишкек менен Дүйшөмбүдөгү өкүлчүлүктөрү аркылуу керек болсо техникалык жана саясий жардам берүүгө даярдыгын жарыя кылды.
Евробиримдик, эгер керек болсо, чек араларды жана суу чарбаларды башкару убоюнча өзүнүн регионалдык программаларынын алкагында техникалык жардам берүүгө даяр, ошондой эле региондогу кырдаалдын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн саясий колдоо көрсөтүүгө даяр, бул Евробиримдиктин Борбордук Азиядагы негизги приоритеттери болуп саналат.
Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсуповдун дагы билдирүүсү жарыяланды. Ал чек ара маселелерин чечүүдө күчкө салууга болбойт деп белгилеп, анын кайталанбашы үчүн зарыл механизмдерди кабыл алуу маанилүү деп билдирди. Ошол эле учурда башкы катчы акыйкаттык жана ар бир өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо зарылдыгын өзгөчө белгилейт.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара чатагын чечүүгө жардамдашуу ниетинен Тегеран да четте калган жок. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде тажик-кыргыз чек арасындагы кагылышууга анын өлкөсү да кабатыр экенин, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө колдоо көрсөтүүгө даяр деп айтканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазууда.
Бейшембиде кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу конфликтте Кыргызстандан 31 адам каза болду, 254 адам жаракат алды. Тажикстан тараптагы жоготуулар расмий айтыла элек.
Кыргызстандын өкмөтүнүн Баткен облустундагы өкүлү Өмүрбек Субаналиев чек аранын бардык аймактарында аскердик тирешүүлөр болгонун, тажик тарап минометторду, тик учактарды колдонгонун билдирди. Куралдуу кол салуудан Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек, Ак-Сай айылдары жабыркады. Көк-Теректе 17 үй күйүп кеткенин кабарланууда. Чек арага чектеш айылдардан 20 миңден ашык адам коопсуз жерлерге көчүрүлдү.















