Орусия менен Кыргызстан алакасындагы тил маселеси

Садыр Жапаров Орусияга иш сапары учурунда Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров Орусияга иш сапары учурунда Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусияга иш сапары учурунда Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин расмий сайты маалымдады.

"Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашуу болду",-деп белгилейт расмий булак.

"Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга токтолгон Мамлекеттик Думанын Төрагасы өлкөнүн акылман эли өз тандоосун жасаганын кошумчалады. Ал ошондой эле Башмыйзамдын долбоорунда орус тилинин расмий статусу сакталып калгандыгын канааттануу менен белгиледи. Ал орус тили окутулган жана расмий тил катары колдонулган өлкөлөрдүн жарандарына Орусиянын аймагында бир катар жеңилдиктер каралганын, мындай мүмкүнчүлүктөр Кыргызстан менен Беларустун жарандары үчүн жеткиликтүү экендигин эске салды",-деп жазат президенттин расмий сайты.

Садыр Жапаров Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоого даярдык көрүүгө жана аны өткөрүүгө эл аралык мониторинг жүргүзүүдө Орусия парламентарийлеринин жигердүү колдоосу үчүн Вячеслав Володинге ыраазычылыгын айткан.

"Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык диалог натыйжалуу экенин, ал саясий, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө кошумча дем берерине бекем ишенерин билдирди. Президент Садыр Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна карата, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракеттерин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи",-деп айтылды расмий таратылган маалыматта.

Кыргызстанда орус тили расмий тил макамына Аскар Акаев президент болуп турганда учурда ээ болгон. Бул чечим ошондо да көп талаш-талкуу менен коштолгон экен. Орус тилинин расмий макамын жоюп салууга аракет кылгандар болгон. Кыргызстанда Баш мыйзамдын жаңы долбоору иштелип жаткан маалда дагы бул маселе көтөрүлдү. Бирок мурдакы эле макамында калтыруу чечимине нааразы дагы пикирлер бар.

"Буга чейинки көптөгөн Конституциялардын кемчилигин кайталап, орус тилинин расмий статусу кала берген (13-берене, 2-пункт). Бул кыргыз тилинин кызыкчылыгына зыян экенин айтып да, жазып да жүрөбүз. Ал эми мамлекеттик тилдин улут аралык баарлашуу тили катары позициясы бекемделген эмес, иш кагаздарынын түп нускасын кыргыз тилинде жүргүзүү милдеттендирилген эмес. Кыргыз тилинин позициясы бул долбоордо мурдагыдан да алсыратылган",-деп жазган эле Баш мыйзамдын долбооруна пикирин айткан белгилүү акын жана медиа-эксперт Жыргалбек Касаболотов.

Ар кандай эсептөөлөр боюнча Орусия аймагында жашап, иштеген кыргызстандыктар саны 600 миңден миллионго чейин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ар кандай эсептөөлөр боюнча Орусия аймагында жашап, иштеген кыргызстандыктар саны 600 миңден миллионго чейин

Москвага сапарынын алдында президент Жапаров "Слово Кыргызстана" гезитине "Өнөктөштүк байланыш" аттуу макаласын жарыялады. Анда тил маселесине токтолуп, "кыргыз тили да орус тили менен катар өнүгүшү керектигин", "орус тили улуттар аралык пикир алышуу тили болуп калганын" айткан. "Маселени саясий өңүттө ар ким өз максатына колдонушуна жол бербейм" деп жазат президент. Ошол эле маалда "англис тили эл аралык баарлашуунун тили экенин", башка чет тилдерди үйрөнүү зарылдыгын дагы айтып өттү.

Деген менен айрым серепчилер соңку 20 жыл ичинде орус тили мурдагы советтик өлкөлөрдө өзүнүн позициясын жоготуп жатканын белгилеп жүрөт.

Айталы, БУУнун улуттук сурамжылоосунун маалыматына таянсак, бул жараян Казакстанда абдан тездик менен жүрүп жатат. Бул өлкөдө 1994-жылы орус тилинде пикир алмашкандар саны 33,7 пайызды түзсө, 2016-жылы бул сан 20,7 пайызды түзгөн. Бул тенденция дагы сакталышы мүмкүн. Анткени Казакстан латын арибине өтүүгө аракет кылууда.

Эстония жана Латвияда орус тилин негизги тил катары атагандар саны 1994-жылдан бери 10 пайызга кыскарган. Мындай көрүнүш Украинада дагы катуу байкалууда.

Кыргызстанда миграциядан улам орус тилине умтулуу күч. Ошол эле маалда коомчулукта талаштуу пикирлер бар. Айрым окумуштуулар "башка түрк тилдүү элдер сыяктуу латын арибине өтмөйүн кыргыз тили өнүкпөйт" деген пикирди карманат.

Эки жыл мурун кыргыз окумуштуулары кыргыз латын жазмасынын жаңы долбоорун иштеп чыгышканын жарыялашкан. Бирок кыргыз бийлиги "азыр латын тамгасына өтүүнүн зарылдыгы жок" деп билдирген. Москвага ыктаган саясат жүргүзгөн Кыргызстандын буга чейинки президенттери дагы тил маселесине өтө этият мамиле кылып келгени маалым. (AbA)