Орус жана кыргыз тилдери бири-бирине тоскоол эмес
БУУнун маалыматы боюнча соңку 20 жыл ичинде орус тили мурдагы советтик өлкөлөрдө өзүнүн позициясын жоготууда.
Кыргызстанда орус тилинин расмий макамы бар жана мамлекеттик тил менен кош колдонулат.
6-июнь орус тилинин эл аралык күнүнө карата "Замандаш" партиясынын тең төрагасы Жеңиш Молдокматов жана мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуров Би-Би-Сиге маек курду.