Кыргыз тили - өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил болушу зарыл

комуз көтөргөн кыздар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстан мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынган күнүн белгилөөдө. 1989-жылдын 23-сентябрында мамлекеттик тил боюнча мыйзам кабыл алынган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун элге жолдогон куттуктоосунда, келечегинде кыргыз тилин өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил катары жашоо практикасына кеңири жана терең колдонула турганын айтты.

"Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган отуз бир жыл ичинде татаал жана жемиштүү жолду басып өттү. Мамлекеттик тил - өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды. Албетте, мүчүлүштүктөр да жок эмес. Санариптештирүү доорунда эне тилибизди дагы өнүктүрүп, аны илимдин, жаңы технологиялардын тилине айлантуу милдети турат. Кыргыз тилин өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил катары жашоо практикасына кеңири жана терең киргизүү - келечек максатыбыз. Тил саясатынын негизи мамлекеттик тилди жалпы элибиздин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары ар тараптуу колдонуу менен аныкталат",-деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Жыл сайын мамлекеттик тил майрамына карата ар кандай иш чаралар өткөрүлөт. Бирок мындай иш аракеттер көп учурда утурумдук гана көрүнүш болуп келе жатканын сынга алгандар бар.

"Жылда эле флешмоб сыяктуу белгиленип калып жатат. Кыргыз тилине арналган ырларды окуу, сынактарды өткөрүү, майрамдык иш-чаралар, албетте, кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик тилди даңазалоого түрткү болот. Бирок, бул мамлекеттик тил жөнүндө 23-сентябрь күнү гана эстеп, майрамдоо менен гана чектелбей, мамлекетибиздин ырааттуу саясаты катары кандай деңгээлде жүргүзүлүп жатканына көңүл бурушубуз керек. Республикабыздын мамлекеттик тил жөнүндө Мыйзамы кабыл алынгандан бери быйыл 31 жыл өтүптүр. Ал эми "Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук Программасынын" аткаруу мөөнөтү быйыл аяктайт экен. Бул аралыкта мыйзам менен программанын кайсыл талаптары орундалды, кайсылары орундалбай жатат? Мамлекетти тилибиз өзүнүн макамына жооп бере ала тургандай кылып өнүктүрүп жатабызбы?",-дейт жазуучу Зинакан Пасаңова.

Бул жылы мамлекеттик тил майрамы шайлоонун үгүт иштерине туура келди. Мурдагыдай эле көпчүлүк партиялардын мамлекеттик тилдин нормаларын бузуп, сабатсыз ууран-чакырыктарды жазып жатканы коомдук сайттарда кызуу талкууланган темалардын бири болуп калууда.

1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген.

Латын ариби тууралуу талаш

Өлкөдө кыргыз тили мамлекеттик тил саналып, ал эми орус тилине расмий деген макам берилген. Бирок коомчулукта талаштуу пикирлер бар. Көптөр расмий тилди алып салуу керек деген пикирде. Ошол эле маалда "башка түрк тилдүү элдер сыяктуу латын арибине өтмөйүн кыргыз тили өнүкпөйт" деген пикирди карманган окумуштуулар бар.

"Азыр дүйнө өз ара байланыш тили катары англис тилин колдонууда. Жазуу каражаты катары латын тамгасына өттү. Бул биздин тектеш өлкөлөрдүн бардыгы, эң акырында Казакстан өтүшү менен биз ошол тектеш өлкөлөр ичинен бир орток жазуу чөлкөмүнүн сыртында калып калдык. Мунун албетте, бир топ себептери бар деп ойлойм. Кыргызстан азырынча латын алфавитине өтүүнү кечеңдетип турганы менен, бул заманыбыздын зарылчылыгы болуп турат. Жалгыз калуунун өзү эле суроо жаратпай койбойт. Кыргызстан эмне үчүн түрк элдеринин, түрк республикаларынын ичинен жалгыз калды? Өсүп келе жаткан муундун латын тилин билип туруп, анан өзүнүн тилинде, жазуусунда муну расмий түрдө колдоно албай жатканы бизди ойлондурат. Биринчи кезекте тилчи окумуштууларды ойлондурушу керек",-дейт Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова.

Өткөн жылы кыргыз окумуштуулары кыргыз латын жазмасынын жаңы долбоорун иштеп чыгышканын жарыялашкан. Бирок кыргыз бийлиги "азыр латын тамгасына өтүүнүн зарылдыгы жок" деп билдирген.

Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Азербайжан, Түркмөнстан, Ɵзбекстан сыяктуу өлкөлөр латын арибине өтүүнү эгемендик алгандан кийин эле башташкан. Латын арибине өтүү чечимин жакында Казакстан да кабыл алды.

Окумуштуулар дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү латын арибин колдонуп жатканын мисал тартып келүүдө. Кыргызстан кирилл тамгасын колдонуп келатканына карабастан виртуалдык чөйрөдө өзүнчө жана чет өлкөлөрдөгү кыргыздар бирдиктүү колдонгон латын жазмасы керек деген жүйөнү айтышат. (AbA)