Блог: Келгиле, кыргыз тилин модага айлантабыз...
Өткөн аптада "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышынын 30 жылдыгын майрамдоого карата даярдыктар башталганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирген.

Майрамдык иш-чаралардын алкагында илимий-практикалык конференция, "Кел кыргызча сүйлөйлү" аталышындагы жаштар акциясын, флэш-мобдорду, мектеп окуучулары арасында кыргыз тилинин жашоодогу ролу жөнүндө эссе сынактарын жана бир катар башка иш-чараларды өткөрүү пландалыптыр.
Аталган мыйзам кабыл алынганына 20 жыл болгондо деле так ушундай таризде иш-чаралар болуп өткөн. Атайын кыргыз тили жана адабияты сабактарынан олимпиада өткөрүлүп, ошондо Балыкчы шаарынын окуучуларынын арасында жеңишке жетишкеним эсимде. Мындан сырткары, бир катар расмий жолугушуулар, кечелер өткөнүн билем. Бирок алардын жыйынтыгын азыркы убакка чейин көргөн жокмун.
Окуучулук мезгилде Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган линейка, ачык саат, кароо-сынактарда кыргыз тили тууралуу ырларды айтып, театралдаштырылган сценаларды коюп, айтор кыргыз тилине "кам көрчүбүз". Анан теледен башка улуттагылардын кыргыз тилинде ырдаганын кайра-кайра беришет. Кыргыз тили биз ошентсек эле өнүгүп кетет деп ойлосок керек. Бирок анын баары айылдагы күндөр менен калды. Шаардык жашоо таптакыр башка экен. Коомдук жайларда, ишкана, ресторандарда, ал тургай шаар ичи жүргүнчүлөрдү ташып жүргөн транспортто да баарлашуу орус тилинде. Айылдагы теория менен шаардык практика эки башка болуп чыкты... Бул көрүнүшкө көнүп деле калдым. Шаардыктар менен жарышып мен да "орусча ойлоно" баштадым. Күндөлүктөрүм да орусча жазылып...
Ошентип жогорку окуу жайды да аяктадым. Борбордогу телеканалдардын бири журналист болуп иштеп көрүүнү сунуштаган эле. Алардын берүүлөрү оюн-зоок, көңүл ачуучу программа, сюжеттерден турат. Материал даярдаганы чыгып, кыргызча сүйлөгөн бир адам таппай келген учурларым көп эле жанымды кейитти. Кээде элге аты чыгып калган, бир убакта кыргызча түш жоруп жүргөн адамдарды сөзгө тартсам, кыргызча билбегендигин айтып камерадан качышат же "можно на русском" деп кыжырыма тийишет. Бул обу жоктукпу же эмне өзүм да билбейм. Же кыргызча сүйлөөдөн уялышабы?

Өткөн жайда Алматыга барып калдым. Экономика, инфраструктурасы бизден алдыга кеткенинен тышкары, казак тилинин баркы да жогору экенин баамдадым. Коомдук жайларда, эс алуучу жерлерде, соода борборлорунда, автобустарда кулагыма казактардын ширин тили угулуп жатты. Мен аларга орусча кайрылсам, кайра мага казакча эле жооп беришти. Боордоштордун мындай маданиятын көрүп, алардын тилине ыйбаа да кылат экенсин.
Эсиңиздеби, Максим Бакиевдин жактоочусу Алексей Елисеев Кыргызстанда жашап жүргөн маалында кыргыз тилин үйрөнүү тууралуу ою да болбогонун айтып, ал үчүн муктаждык деле болгон эмес дебеди беле? Бирде депутат Карамушкинанын орус тилине да мамлекеттик тил макамын берүү керек деген сунушуна куру намыс менен арданганбыз, бирок Елисеевдин айтканы туура экенин моюнга алышыбыз керек. Максимди, Елисеевди канчалык жаман көрүп жамандабайлы, анын кыргыз тили боюнча айтканы кашкайган чындык. Кыргызстанда жашаган көпчүлүк чет өлкөлүктөн сурагылачы, "орус тилин үйрөнүп жатам, кыргызча баары бир эч ким сүйлөбөйт шаарда" деп жооп берет. Кайсы гана тил болбосун, ал тилди үйрөнүү үчүн кандайдыр бир мотивация же муктаждык болушу керек. А бизде Бишкекте кыргыз тилин эмес, орус тилин үйрөнүүгө мажбур болосун. Мисалга, өзүндү өнүктүрүш үчүн тренингдерге, семинарларга баргын келсе, орус тилинде катталып, орус тилинде эркин сүйлөшүү талап коюлат, ЖОЖлардын китепканаларында кесипке багытталган китептердин дээрлик көпчүлүгү орус же башка тилдерде, санай берсек толтура.
Бир ирет режиссер Эрнест Абдыжапаров менен Бээжинден келген киножаратмандардын кечки тамагында отуруп калдым. Бээжиндиктер айтылуу Айтматов жөнүндө даректүү тасма тартып жатышкан экен. Арабызда жазуучунун уулу, Эрнест агайдын "Саякбай" тасмасында атасынын ролун ойногон Эльдар Айтматов үй-бүлөсү менен отурду. Аркы столдо планшет кармап отурган кичинекей эки баласын көрсөтүп, " Азыркы балдарга планшет гана керек. Толгон - токой англисче мультфильмдерди таап, көрүп, аң-сезимдери тез өнүгүп жатат. Азыр англис тилинде буюм-тайымдардын аталышын, негизги этиш, зат атоочторду билип калышты. Таң калдым, тил үйрөнүү үчүн бул өтө эффективдүү ыкма экен. Кыргызстанда да ошондой мультфильмдердин болуусун каалайт элем. Кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендер интернеттен эле каалаган жеринде үйрөнө алышса дейм. ", - деп оюн айтты залкардын уулу. Мен да ойлонуп калдым. Чынында эле, техниканын заманы болуп турганда, интернет айдыңында да тилибизди өнүктүрүүгө салым кошсок болбойбу?

"Эне тилибизди коргойлу, сактайлы! Кийинки урпактарга өткөрүп берели!" деген ураанды куру эле айта бербейличи. Сөздөн ишке өтөлү. Азыр "Z" муунунун заманы. Аларга мамлекеттик иш-чараны мындай кой, кагаздан окутуп же телевизордон көрсөтүп кереги жок, радио да угушпайт. Жогоруда Элдар Айтматов айткандай азыркы балдарга планшет эле керек. Планшеттин жардамы менен интернет айдыңында баарына үйрөнө алышат. Менимче күнүбүздө жаштарга тилди жайылтуунун эң жөнөкөй жолу - бул интернет булактары: социалдык тармактар жана сайттар. Андыктан, көбүрөөк көңүлдү ушул жакка бурсак жакшы болмок деп ойлойм.
Официалдуу иш-чараларды өткөрүп койсок эле, кыргыз тили өнүгүп кетет деген ойдон алыс болушубуз керек. Албетте, өкмөттүн мындай демилгеси өзү жакшы жышаан. Бирок мыйзамдын кабыл алынган күнүндө эстей калып, "кыргызча сүйлөш керек эле" деп бир жылда бир үн катпастан, күн сайын бардык жерде бул маселе көтөрүлүп турса, туура сүйлөө гана эмес, туура жазуу дагы талап кылынса жана ар бирибиз өзүбүздүн күнүмдүк турмушубузда эне тилибизди колдонсок, тилибиз сакталып, өнүгөт деп ишенем.
Мен өзгөрүүнү өзүмдөн баштап, баягы "орусча дневнигим" кыргызча күндөлүккө айланып, ал тургай социалдык тармакта да ой толгоолорумду кыргызча жаза баштадым.
Келгиле жаштар, эне тилибизде сүйлөөнү модага айлантабыз...
Мээрим Догдурбекова, Бишкек шаары
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.












