Кыргызстан: тейлөө кайсы тилде болушу керек?

1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген.

Өткөн апталарда Бишкектеги кышкы эс алуу жайларынын биринде кыргыз тилинде кызмат көрсөтүүнү талап кылган түрк жараны тууралуу тасма коомдук сайттарда катуу талкуу жараткан.

Кыргызстандагы тейлөө, кызмат көрсөтүү тармактарында эмнеге кыргыз тили көп колдонулбайт деген суроо курч коюлду.

Интернетке тараган видеодо Өгүз Доган деп аталган түрк жараны кыргыз тилин мыкты билгени менен Бишкектин четиндеги тоолордо жайгашкан лыжа базалардын биринде тейлөө кызматындагылар аны түшүнбөй койгонуна нааразы болгону тартылган.

Тартылган тасмада түрк жараны: "Биринчиден, мен кардармын. Экинчиден, Кыргызстанда жүрөм. Эмне үчүн кыргызча кызмат ала албайм, муну мага түшүндүрүп бергиле. Мен чет өлкөдөн келгем, орусча билбейм. Аны билүүгө мажбур да эмесмин. Анткени биз Кыргызстандабыз", -деп айткандарын угууга болот.

Бишкектеги «Келгиле, китеп окуйбуз» акциясындагы сүрөт.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги «Келгиле, китеп окуйбуз» акциясындагы сүрөт.

Бул окуя тил маселеси боюнча маал-маалы менен чыга калып жүргөн талкууларды кайра жандантты.

"Кыргыз тили автоматтык түрдө эле бардык тармакта, тейлөө кызматында көрсөтүлүшү керек. Дүкөнгө барасыңбы, дарыканага киресиңби, расмий мекемеге барасыңбы эң алгач кыргыз тили иштеши керек. Мейли орус, татар, өзбек бол, айырмасы жок, кыргызча кызмат көрсөтүшүң керек жана кызмат алышың керек. Мен Кыргызстандын кайсы жерине барбайын толук кандуу, көңүлүмө төп келген кызматты ала албайм. Мени менен толук кыргызча сүйлөшүшпөйт. Бул жерде менин Конституциялык укугум тебеленип жатат. Эгерде кыргызча сүйлөшкүлө деп чыксам, мени талоонго алышат, улутчулсуң дешет. Бул учурда мен кайсы жерде өз укугумду, тилимди коргоп алышым керек? Ушуну түшүнбөйм. Элибиз кыргызча сүйлөбөсө, биз кандай мамлекет куруп жатабыз? Байкуш эле болдук, кыскасы", - деди ТМС талдоо борборунун жетекчиси, медиа эксперт Тынчтыкбек Кожобеков.

Айтылган дооматтардын чын-төгүнүн билүү үчүн биз шаардагы жөнөкөй эле соода дүкөндөрүнүн бирине кирип, "Жаңгак кошулган таттуу барбы?",-деген кыргыз тилиндеги кайрылуубузга жооп алалган жокупуз. Биз баш баккан төрт дүкөндө тең кыргызча саламдашканыбызга карабай, орус тилинде тосуп алып, орус тилинде узатышты.

Бишкек

"Дагы бир чындык, Бишкекке келген кээ бир чет өлкөлүктөр оболу кыргызча үйрөнө баштап, бир аз өткөн соң орус тилине өтүп кетишет. Бул шаарда коомдук жайларда баары орусча сүйлөп, тейлөөнүн орус тилинде болуп жатканы менен байланыштуу. Чет өлкөлүктөрдүн Бишкекте кыргызчадан көрө орусча билүү пайдалуу экендиги менен түшүндүргөн учурлар көп эле кездешет",- дейт айрым активисттер.

"Мен Эл аралык университетке келип окуп жатканыма 3-4 жыл болду. Англисчем эркин. Бишкектен орусча үйрөндүм, бирок кыргызча түшүнбөйм. Орус тилди кантип үйрөндүндүң деп көп сурашат, окуу жайда да, жаштар арасында да, дүкөндөрдө да, такси кызматында да орусча сүйлөй беришсе практика болуп үйрөнүп калат экенсиң. Балким бул кызматтардын баары кыргызча болсо, азыр кыргызча эркин сүйлөйт элем", - дейт Би-Би-Сиге Индиялык Шайик Варисулла.

"Дүйнөлүк практикада эки тилдүү өлкөлөр бар, төрт тилдүү өлкөлөр дагы бар. Бизде мамлекеттик тил-кыргызча, расмий тил-орусча деп таанылган. Албетте мамлекеттик тилде артыкчылык көп, бирок расмий тил менен каршы келбейт. Бул биздин өлкөдө жарандарды тейлөө ушул эки тилде жүргүзүлөт деп айтылат. Бул кызмат көрсөткөн мекеменин эркине байланыштуу. Бирок мамлекеттик тил негизги тил болуп эсептелиши керек", - дейт Мамлекеттик тил комиссиясынын адиси Мундузбек Абдыжапар уулу.

Кыргыз тили мамлекеттик деген макам алганына келерки жылы отуз жыл болот. Бирок чейрек кылымдай убакытка чукулдап калганына карабастан кыргыз тили илимдин эмес, тейлөөнүн да тили боло албай жатат деген сындар ээрчип келе жатат.