Блог: Өзүбүз чет жерде, жүрөгүбүз Баткенде болуп...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мигранттар 30 жыл өмүрдү "Кыргызстанды Кудай сактасын!" деп жашадык. "Кыргызстанды Кудай сактасын!"деп жүрүп үй салдык, бүлө күттүк, бала күттүк, бала чоңойттук. Балдарыбызды да мигрант кылып үлгүрдүк... Ошентсе деле "Кыргызстанды Кудай сактасын" дейбиз. Эл тынч болсо, өлкө тынч болсо, биз да тынчпыз" деген жүрөктөн чыккан сөзүбүз бар.
Кыргызстандагы ар бир көтөрүлүш, ар бир коогалаң жүрөгүбүздөн өтөт. Биз "ким жеңет, ким баштады" дегенге караганда "качан тынчыйт, бөөдө өлүм болбосо экен" деген сөздөрдү көбүрөөк айтабыз. "Ким күнөөлүү" дегенге караганда "кантип жардам беребиз" деген сөздү көбүрөөк айтабыз. Дароо эле "жардам берели" деп баштайбыз.
Башка учурда коом-коом, тармак-тармак, район-район болуп байланышканыбыз эле болбосо, бири-бирибиз менен ишибиз жок. Бирок кырсыкта, коркунучта, кооптуу учурларда бир эл боло калабыз. Ушундай учурда баарыбыз кыргызстандыкпыз. Алыста жүргөн үчүнбү, Мекендин орду, Мекендин тагдыры, мамлекетибиздин бүтүндүгү бизге, мигранттарга башкача мааниге ээ. "Кайта турган жерибиз, кайта турган элибиз болсун" деп тилейбиз.
29-апрель күнү да ошенттик. Жапырт баарыбыз "Кыргызстанды кудай сактасын" деп турдук. Өрттөнгөн айылдардын видеосу байма-бай соцтармактардан келип атты. 10-20 жылдап талаалап жүрүп курган үйлөр, бирөөнүн жаштыгын, бирөөнүн ден соолугун, бирөөнүн өмүрүн, бирөөнүн жакынын алып, чоң мээнет менен курулган үйлөр өрттөнүп атты. Жардам сурап кайрылган видеолор туш-туштан жаап атты, туш-тушка тарап атты. Айлабыз кетти. Бийликтин оозун тиктедик. "Чек араны өзүм башкарам" деген Ташиевди издеп таппай калдык. Баскынчылар сыймыктануу менен өрттөнгөн айылдарды аралап, кайрылуу жасап, жеңишине мактанып атышканы намысыбызга, кыжырыбызга тийди. Мадина курман болду. Бажырайган байчечектин сүрөтү соцтармактарда кара лентага оролуп тарады. Мадинанын жашабай калган өмүрүн, көрбөй калган жаркырак келечегин, үлпүлдөп жараштырып кийбей калган кийимдерин, окубай калган китептерин, билбей, түшүнбөй калган сүйүүсүн ойлодум. Бой жеткенин элестетип алып ызага муундум. Сулуу кыз болмок... Ата-энесин аядым. Баарыбыз аядык, чогуу аядык. Чогуу күйдүк. Мигранттар мындайда дароо бир чечимге келет. Жардам чогулта баштайт. Биз жардам чогулта баштадык, шалаакы, жоопкерчиликсиз, өз ишин билбеген адамдардын айынан Мадинанын жашоосу токтоду.

Сүрөттүн булагы, Татьяна Зеленская
Андан кийин "Чек ара кызматынын жоокерлери "Головнойду" бербей коргоп калды" деген маалымат тарады. Көп эмес, он бештей жигиттин аты аталды. Жаракат алгандарды, курман болгондорду айтып ыйлап-сыктасак да чыйрала түштүк. Ушундай жигиттери бар өлкө жеңилбейт деген үмүт, ишеним пайда болду. Билип туруп чет жакка кетип калган чоңдордон эмес, чек ара, өлкө эмне экенин түшүнбөгөн 120 кишиден эмес, генерал наамы барлардан эмес, ошол карапайым жоокер жигиттерден үмүт кылдык. Ошолорго ишеним арттык. Алардан башка ишенерибиз жок болчу.
30-апрель күнү Баткенде жашаган бир келин: "Эже, күйөөм үйдөн кечээ 6-7 киши менен чыгып кеткен бойдон жок. Эмне кылам, кимге кайрылам? Жардам бериңиз, өзүм эки кичине балам менен үйдө отурам, жаш баласы барлар баарыбыз бир үйдөбүз",-деп кат жазды. Москвада жүргөн, катардагы мигрантка, мага ушинтип кат келди. Мукурай түштүм. Менин сөздөн башка берээр жардамым жок экени, колумдан эч нерсе келбегени, алыста экеним мукуратты. "Жанар Акаев Баткенде жүрөт" деген, соцтармактан коргон маалыматты эстедим. Жанарга жаздым. Байланышка чыкпай аткан жигиттин телефон номерин, кайсы айылда экенин жазып жибердим. Жанар жоголгон жигитти, аны менен кошо кеткендерди издеди. Жаш балалуу аялдарды коопсуз жактарга чыгара баштады. Үрөйүм учту. Эки балалуу келин "күйөөм табылды, коопсуз жерге жеттик" деп жазганга чейин үрөйүм учту, бирок 120 кишиден эч болбосо бир киши көзүмө көрүнө калганы, бир киши элдин арасында экени мени соооротту. Ыйлагымды келтирди. Өрттөнгөн айылдардын, өрттөнгөн үйлөрдүн видеолору токтогон жок. Тарай берди, тарай берди... Колуңдан эч нерсе келбегенден өткөн чоң кордук жок экен. Биз ошол бала бакча, ошол мектеп, ошол үйлөр менен кошо өрттөнүп аттык. Жигиттер менен кошо согушуп аттык, жарадар болуп аттык, өлүп аттык. Ооз ачпаган чоңдордон сөз күтүп аттык, сынып аттык...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аз жерден агрессор аталып кала жаздадык. Тескери маалыматтар тарай баштады. Маалымат согушунан жеңилбейли деп жабалактап жаштар чыкты. Илимпоздор чыкты. Журналисттер чогулду. Юристтер чогулду. Башка тил билген мекендештин баары түндөп маалымат которо баштады. Жөн жаткан элге, аялдарга, жаш балдарга ок аткандардын, өрттөнгөн үйлөрдүн, өз үйүнөн жалаң кийимчен качкан жарандардын виделору, кайрылуулары башка тилдерде тарай баштады. Байчечек Мадинаны башка тилдерде жоктой баштадык. Дүйнө жүзүнө тараган кыргызстандыктардын баарынын башы бирикти. Чогуу согушуп, чогуу күрөшүп, байчечегибизди чогуу жоктодук. Бирок ызабыз бөксөргөн жок.
1-май күнү "Арканы алдырдык!" деп жазды Элира (Турдубаева). Арка айылын эстедим. Жаркыратып, заңгыратып курулган үйлөрүн эстедим. Көчөлөрүн эстедим. Аркага бараткан жолдогу анар бакты эстедим. Бишкектен Даркумга чейин сааттап жол жүрүп, араң жеткенбиз. Мекенимдин мен ойлогондон, мен көргөндөн алда канча кооз экенин, чоң экенин, жолдору жаман экенин, кооптуу экенин Баткенге бараткан жолдо, Баткенге барганда билгем. Өлкөдөн 24 жашымда, Мекендин кадырын билип-биле элек учурда чыгып кетсем, өз өлкөмдү толук көрүп үлгүрбөсөм, анан анын кооздугун, чоңдугун кайдан билмек элем?! "Арканы алдырдык" деген сөздөн кийин Мекен андан бетер чоңое түштү. Мен кичирейип, жүдөп кеттим. Байкуш боло түштүм. Бийликти, бийликтегилерди кыйкырып, ажылдап урушкум келди. "Бир муштумдай биригели, бир жакадан баш чыгаралы" деген чакырыктардан чарчап калганымды сездим. Жаканын ичинен карапайым адамдардын башы гана көрүнөт. Көп баштар, чоң, маанилүү баштар көрүнгөн жок. Көрүнсө деле элдин сөзүн эмес, өзү үчүн сүйлөп атты, керексиз сөздөрдү сүйлөп атты. Мен көргөн, мен аралап өткөн айылдар өрттөнүп атты, мен көргөн адамдар талаа-түзгө качып атты.
"Ата-энесине тийишкендин тилин жулгандай, Ата Мекенине кол салгандын колун жулуп, бутун сындырбайбы? Жаш балдар өлүп, үйү күйгөнүн көрүп келиндер кан басымы көтөрүлүп, көз жуумп атат. Кан кайнап, сабыр түгөнүп атат",- деп Мырза (Мырза Саматов) "Фейсбук" барагына жазды.
Мырзага жазып, абалын сурадым. "Силерди коноктогон үйдө төрт бүлөнү бала-бакырасы менен карап отурабыз. Ар бир үйдө ошондой, күзөтчү да өзүбүз. Билбейм, кандай күн болот, бирок абал өтө эле оорлошуп баратат. Эч ким келген жок, эч жардам деле жок. Өзүбүз менен өзүбүзбүз",-деп жооп берди Мырза. Колунда намысы менен таягынан башка куралы жок Мырзаны аядым. Үй куруп, бирок өз үйүндө жашабай өлүп калган келинди аядым. Аягандан башка колумдан эч нерсе келбеди. Ызадан муунуп, ок атпай согушуп, ок тийбей өлүп аттык...
Мырзанын аялынын ай-күнүнө жетип калганын билчүмүн. Кантип жардам беришти билбедим. Элирага, Акбалык эжеге (Жумалиева) жардам сурап кайрылдым. Бир ай бою "чек ара 100 пайыз чечилди" деп оозун көптүргөн, улам түз эфирге чыгып кооз чымчыктай сайрап аткан кишилердин азыр бир тыйын пайдасы жок экенин түшүндүм. Суроом көбөйдү. Түшүнбөгөн нерселерим көбөйдү. "Эмнеге 30 жылдан бери өз өлкөсүнүн чек арасын тактап ала турган бир киши бийликке келген жок? Биз качанга чейин ушинтип тентип жүрөбүз? Эмнеге өлкө башында ушундай чалагайым, сабатсыз кишилер турат? Эмнеге ар бийлик алмаша берет, бирок бийликке келген адамдар бири-бирине окшош эле? Эмнеге бийликке келген ар бир адам Конституцияны өзгөртөт, бирок өлкөдөгү абалды өзгөртө албайт?" Суроолорума жооп табылган жок. Ташиев табылды. "Мен ушундай болоорун билгем" деп балп этти. Билип туруп кетип калганын биз өзүбүз айттырбай эле түшүндүк.
Баткенге жөнөгөн Марипов Оштон кайтты. Акбалык эже Мырза менен байланышып, Баткенге жетти. Бийлик менен элдин ортосундагы аңырайган ажырымдан башка көзүмө эч нерсе көрүнбөй калды.
"Белгисиз баатырлар..." деп Исхак Пирматов пост илди. Бакай участогун коргогон үч жигит тууралуу. Үчөө эле... Мадина менен Абидинди сактап калгысы келген үч жигит. Сыймыктандым. Чек арада согушкан, курман болгон ар бир жигит менен сыймыктандым. Мекен келди-кетти, чалагайым, саткын, өз кекиртегинен өйдө көтөрүлө албаган чоңдорго эмес, ушундай эр жүрөк жигиттерге, жаны күйүп жардам чогултуп жүргөн, маалымат чогултуп жүргөн, бирин-бири ынтымакка үндөп жүргөн элге, бизге керек экенине, анан ошол эң маанилүү нерсе экенине ынандым. Эсентурдун, Бекзоддун, Нурсултандын эрдигине таазим кылдым, ошолордун өмүрү текке кетпесе экен, мындан ары бекем болсок экен, ынтымактуу болсок экен деп тилендим. Эл да тиленди. Түндүк-түштүк, батыш-чыгыш болуп бөлүнгөнүн унутту. Баткен Кыргызстандын жүрөгүнө айланды. Анан ошол Жүрөгүбүз жүз тилинип бүткөндөн кийин гана, алты жоокер жигитке татыбаган 120 кишинин жарымы Баткенге, элдин алдына жетти. Ташиев "Тажикстандан эч кандай жардам албайбыз, баарын өзүбүздүн күчүбүз менен оңдойбуз" деди. Эч нерсе өзгөрбөгөнүн ошондо баарыбыз түшүндүк. Ызанын туу чокусуна жеттик. Демек, өрттөлгөн айылдарды эл өзү оңдойт, өзү курат. Өзү доолайт. 30 жылдан бери эле абал ошондой. Эч нерсе өзгөргөн жок.

Мигранттар 30 жыл өмүрдү "Кыргызстанды Кудай сактасын!" деп жашадык. "Кыргызстанды Кудай сактасын!"деп жүрүп үй салдык, бүлө күттүк, бала күттүк, бала чоңойттук. Балдарыбызды да мигрант кылып үлгүрдүк... Ошентсе деле "Кыргызстанды Кудай сактасын" дейбиз. Эл тынч болсо, өлкө тынч болсо, биз да тынчпыз" деген жүрөктөн чыккан сөзүбүз бар.
Нарсулуу Гургубай, Москва шаары
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.














