“Мекендешиме кат”: айылынан алыс кеткен мигранттар...

Рисунок: вокзал
    • Author, Алмаз Кулматов,
    • Role, коомдук ишмер

Таалай издеп, бак көксөп, кай бир максат көздөп айылынан алыс кеткен мигранттар тууралуу оюмду алгачкы жолу Би-Би-Си радиосуна кеп кылганыма беш жылдын жүзү толду.

Айлар, жылдар өттү деп,

Кабарсыз болуп кетти деп,

Катпаган балтыр баламды

Кимиси мерт этти деп,

Булуттан жоолук оронуп,

Ак чачың музга боелуп,

Көз жашың менен сай-сайды

Жуугандырсың, Ала-Тоо!

Эрмин деп сенден мен туулсам,

Эр деп мени сен туусаң.

Мени ким мерт этмекчи,

Камыкпагын, Ала-Тоо!

(Касым Тыныстанов, Ала-Тоо)

Ошол маегимде миграцияны универсал көрүнүш деп, мисалы Орусияда революция, анан атуулдук кандуу согуштун айынан орустар четке сай-сайлап агып, мекенин таштай качып, кечээки профессор Парижде көчө шыпырып, балеринасы Лондондо идиш жууп, генералы Брюсселде ресторан эшигин кайтарган көрпендеге айланып барып, сынбаган шагы калбаганын, бирок алардын көбү кайра намысына келип, орус эинин атагын чыгарганын айткан экемин. Байыркы доордо башталган элдердин улуу көчү (тарых илиминде "Великое переселение народов" деп аталат) токтобоптур. XXI кылымда кайталанып, бул ирет жаңжалы басылбаган өлкөлөрдүн, жакыр өлкөлөрдүн атуулдары бет келди самсыды.

"Замандашыма кат" жазсам мүлдө кыргыздан бирөө гана, а дагы тышта жүргөн акын Гургубай кызы Нарсулуу жооп кылган экен. Бирок замандаштырымдын көбү ошол катымдагы бир соболума ушул жылы күлүгү жок аламан жарышта добушу менен абийирин кошо сатып, шайлоо участкаларына күргүштөп ташылып жооп кайтарды.

Ички-тышкы миграциянын ареалы менен масштабын, себептерин, эмгек мигранттарынын жашоо шартын, алардын иденттүүлүгүн, кайтып келсе не болот, кайтпай калса не болот, бөтөн жерде ким болот деп дурустап акыл калчабаптырбыз. Ага чамабыз келе элек. Мекен силерге жетиштүү көңүл бөлө албады. Афинанын башчысы Перикл б.з.ч. 430-жылы Спарта менен согушта тышта курман болгон жоокерлеринин сөөгүн кемеге жүктөп келип ардактап жерге берген. Ошол аземде Перикл өз жарандарына кайрылып, "Афина өз атуулдары үчүн ар дайым жана баардык жерде кам көрөт, тирүүсүндө барктайт, өлсө сөөгүн кордотпойт" деген экен. Тышта каза болгон жердешибиздин сөөгүн тыңдап алып келе албайбыз. Ковид убагында иштеп жаткан мамлекеттер жерип, сыртка сүргөндө, жан айласы кылып Кыргызстанга кайткан боорлорубузду ара жолдо, ай талаага калтырып, үмүтүн үздүк. Мекенге болгон ишенимин кетирип, сезимин мокотуп, акча салганда гана бүлөсүнө керек, шайлоодо добуш үчүн керек буюмдай мамиле кылдык. Тыштагы боорлорубузга таш боордук мамилебиз алардын көңүлүн кайт кылып, шагын сындырды. Неге анттик? Анткени өлкө ичинде өз жарандарына ырыстуу кам көрө албган мамлекет тыштагы жарандарын коргой албайт. Башчылары караңгы, жоопкерсиздиги жок, абийирсиз мамлекет алсыз, эли кор болоорун тарых далилдеп турса да биз сабак албдык. А демек мындай жармач мамлекет ошол жарандарынын эсебинен күн көргөн жоопкерчилиги жок уюм, өз балдарынын жана өңгөлөрдүн канын соргон вампир сымал.

Рисунок: прощание

Азыр да кызыл чеке болуп талашып турабыз. Бастыра албай жол бузуп, башкара албай эл бузуп, ыркыбыз кеткенине көп жыл болду. Мамлекеттик башкаруу жаман эмес, мамлекетти башкара албагандар начар болгондуктан өлкөбүз ырыстан кол жууп, туурдан кушу, айылдын куту качып, жарандарыбыз камгак сымал тышка агылып туру. Кайран өлкө, кайран эл. Мигрант тургай мамлекет өзү камгакка, эл караңгы, түркөй, бейбаш топко, мамлекеттик бийлик таштай качма буюмга айланып, мыйзамдар мыйзам, нарк нарк, салт салт болуудан калбаса экен деп убайым тартаар заман, ойлончу кез.

Жарандык иденттүүлүк менен улуттук иденттүүлүк кандай катышта, эки аң-сзимдин кошулганы жери кайсыл, ажырымы кайда, мекендешибиз кимдин жараны, өзүн ким деп эсептейт, бөлөк мамлекетте жарандык алган кыргыз кыргыз бойдон калабы, анын баласы ким болот деген суроолорду тышта силер ойлогон чыгаарсыңар, балким. Ойлобой коймок белеңер. Биз, силердин ата мекендеги журтташтар, аны ойломок тургай, ич ара бийлик жана байлык талаштан кол бошобой, Ала-Тоо койнундагы, жер астындагы жана үстүндөгү оокатты иштетмек тургай ээ боло албай, ээлик кыла албай, акыл кемирээк, эрк жетпей турган кезибиз.

Тыштагы боорлорум, силер да, Кыргызстанды бир кезде мекендеген немистер, еврейлер, орустар, чехтер, армяндар, гректер, түркүн жердештерибиз биздин мекендештер. Койнунда өскөн кыргыз тургай, бир кезекте бизден кеткендер Ала-Тоону сагынбай койбойт. Биз да аларды барктап, баалап, биздин мекендештер дегендей мамиле кылуубуз абзел. Алар биздин бир бөлүгүбүз, боорубуз. Кеткендер не болду. Репатрианттар аталат алар барган жеринде. Биз аларды ким дешибиз керек? Мекендештерибиз, журтташтарыбыз дешибиз керек, албетте. Мекен колун сунса, алар бей жооп калтырмак беле. Кеп алардын гуманитардык жардамында эмес, сезиминде, сыйында, урматында, акыл салымында.

Мекендештерибиздин балдары жүргөн жеринде ким болуп чоңоет, биздин өлкөдө ким болот? Сырттагы мекендештерибиздин үчүнчү мууну, алар калтырган балдардын алды эр жетти, арты тороло баштады. Каныбек Иманалиевдин ырында таамай айтылган "күйөөсү тирүү туруп жесир, атасы тирүү туруп жетимдердин" саны канча экенин так билмек тургай, алар чоңойгон шартты билбейбиз. Эсепке алган, акыл калчаган киши жок ичибизде. ЮНИСЕФ Борбордук Азия өлкөлөрүнөн чыккан мигрант зайыптардын 59% өз балдарын мекенинде калтырганын сурамжылап тактаган. Болду. Калганын - билүүгө тийиш нерселерди аңдабайбыз, келечегин болжобойбуз.

тестиер бала

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ааламдагы кыргыздар жана кыргызстандыктар - баары асыл мекендештер, бир боорубуз экенин жадыбыздан чыгарбоо зарыл. Биз мекендештерибиз тууралуу баардыгын билишибиз керек. Билет десе эле мигранттардын жиберген акчасын эсептеп калабыз же ата-энеси таштап кеткен балдар ур-токмокко алынганда флэшмоб топ сымал эстемиш этебиз. Силердин үмүттү, максатты, тилектерди, бизден күткөн жардамды, силер жеткен ийгиликти, силерди кыйнаган нерселерди, силер жашаган турмушту толук тактаган изилдөө зарыл. Дайыма, олуттуу ойлонуу абзел. Мамлекет аны азырынча жасай элек. Мигранттардын маселелерин бизге караганда тыштагылар, эл аралык уюмдар жакшы билет. Бирок бир кезде Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң алгачкы болуп кирип, анын артыкчылыктарын кыпындай пайдаланбастан туруп, Евразия бирлигине айдалып кирген сыяктуу, эл аралык миграция уюмунун (МОМ) жана эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) жана башка глобалдык жана регионалдык институттардын пайдасын колдоно элекпиз.

Миграция универсал көрүнүш. Бул улуу көчкө, тынымсыз, учу-кыйыры жок агымга тушукпаган эл аз. Улам куугунтукка учурап, улам бир өлкөдөн качкан еврейлер, армяндар, немистер, орустар, кыпчактар, татарлар жана башка улуттардын өкүлдөрү барган жеринин багын ачып, ошол өлкөнүн жана өз улутунун даңкын чыгарып келет. Эӊ ири держава Америка Кошмо Штаттары мигранттардын өлкөсү.

Тыштагы мекендештерибиз сыртта мурда кем болуп келсе, эми алар барган жердин атуулдары менен теӊ болууга тийиш. Бир кездеги мандикер эми барган жериндеги коомдун татыктүү мүчөсү, колунан көөрү төгүлгөн устасы, атактуу музыканты, илимпозу, мамлекеттик кызматкери, юристи, врачы ж.б. Кыскасы, алакан жайып аш сурабаган, аягынан тайып ат сурабаган жарактуу инсаны боло алса гана бактысын табаар. Кудайга шүгүр, чет жердеги мекендештерибиздин ийгиликтери четинен билине баштады.

Жаратман эл экенибизди ак эмгегибиз, асылнарк дөөлөттөрдү жаратуу менен гана далилдей алабыз. Жакшы бала ата-энени сыймыкка бөлөп, жаман бала ата-эненин эл караган жүзүн жер караткан сыяктуу ар бир муун элдин жүзү, тагдыры, болмушу. Байыркы даӊктуу кыргыз кайтып келип тегине шек келтирген урпактары, жаманатты кылган биз үчүн мен андай эмес болчумун деп актана албайт. Элдин даӊкын эр чыгарат, журт кадырын атуул көтөрөт. Биздин ата-бабабыз буга чейин дүйнөлүк цивилизацияга өз салымын кошту. Жеӊип жана жеӊилип, ээ болуп жана ажырап, кеӊ аймакта ат ойнотуп, салтанат куруп, катуудан казаны калганча кырылып, түгөнүп барып куралган элбиз, башка чукак азыраак журтпуз. Ар бир кыргыз жараны кымбат, ар бир атуул саны арбын, мүдөөсү бекем улуттар менен атаандаш болмогу зарыл. Сыймыктангыдай жана сабак ала турган тарыхыбыз бар, көзүбүздү ала качып, жашыргыдай уят учурларыбыз жок. Ал улуу муундун эмгеги. Ар бир муундун өз миссиясы, аткара турган озуйпасы болот. Бирок да кийинки тарыхты кандай жаратабыз? Дүйнө бизден эмне күтөт? Биз дүйнөдөн эмне күтөбүз, кандай салым кошобуз, кай багытта өнүгөбүз? Кандай дөөлөт жараттык, кай баалуулуктар сиӊип жатат, эмнени чандык, нени кабыл алдык, эмнени тандык, эмнени моюнга алдык? Ким элек, ким болдук, эртеӊ ким болобуз? Мына ушунун баары бизди ойлонтууга тийиш татаал маселелер. Баарыбыз жана ар кимибиз акыл калчап, тереӊ ойлонуп, ишке ашыра турган озуйпа.

Атактуу Лермонтов бир кезде "Прощай, немытая Россия" деп ызалуу, ачуу жазган экен. Маанисин орус калкы, орус коому түшүндү жана изги жыйынтык чыгарды. Эми биз антип үшкүрүк атпасак экен, мекенден көңүл калып, муң-зарыбызды айтпасак экен. Анын ордуна кыргызы да, бир кезекте мекени болгон бөлөк улуттагы жердешибиз да Кыргызстан менен сыймыктанчы учур келет. Ал учурду келтирүү, ошондой заман жаратуу, орошон өлкө куруу биздин гана колубузда. Биздин ушул багыттагы аракеттерибиз ар бирибиз жана баарыбыз, өлкөбүз жана улут үчүн сыноо, улам келе бербей турган тарыхый шанс. Биздин эртеӊки барчылыгыбыздын зарыл шарты.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.