Замандашыма кат: эстүү жан элеӊ, сага жазып турам

Алмаз Кулматов

Сүрөттүн булагы, Rufat Ergeshov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

Барган сайын бири бирибизден алыстап бараткандайбыз, курдашым. Керексиз кепти көп айтабыз, ойго салган, оӊолоор жолго салчу сөзгө кулак салбай баратабыз. Ким катуурак же эртерээк кыйкырса, ошонуку эп деген заман да өтөт. Элге катуу күйгөн болуп, трибунадан жаагыбызды жанган менен, ошого жараша аракетибиз жок. Ушундай маалда айрым буулуккан ойлорумду кат кылып, сөз баккан, аркы-беркини баамдаган эстүү жан элеӊ, сага жазып турам.

Мамлекеттик бийликтеги жогорку кызмат орундарын ээлеген атка минерлердин, парламент депутаттарынын көпчүлүгүнүн интеллектуалдык деӊгээлинин төмөндүгү, билиминин тайыздыгы аларга үмүт арткан элди түйшөлтүп, намысына тийип, арына келтирип, өкүнүч-өксүгү аралаш түйшүк, жок, мүшкүл иш жаратып келгенине далай жыл болду. Бирок кайран эл болбой эле улам кийинки парламентке мурдагыларга караганда акыл-билим жагынан тайкыраактарын, бирок өлкө ичинде бийлик менен байлык талашта алдына киши салбаган кыйындарды шайлап келет. 90-жылдардын башында бир кызматкер өз айылында жазгы талаачылык жумуштарына даярдык начар экенин белгилеп, жетекчинин калган айылдардын абалы кандай деген соболуна "мындан ары мындан да жаман" деп жооп кайтарган экен.

Эркин Кыргыз Республикасы болгондон берки жетекчилерден китеп окуганы, билимин улам байытканы эки колдун манжасынан ашаарына көз жетпейт.

Шылтоосу - убакыт жок, жаттап алгансып "плотный график" деп кутулушат. Аа болуптур деп тарыхка кайрылып, эстеп, эми да парламент шайлай турган эл-журтка эстетип, өздөрүн "элита" атагандардын эсине салып, сага бир кеп салып бергим келди.

Иосиф Сталин фашизм кулачын жая баштаган кезде кубаттуу Германиядан башы ооруп, ар жагы Американын доосунан кутула албай, Европанын кысымын чектегенге чамасы аз, биягы Азия чалкеш болуп, тиягынан Жапония кычап, кыскасы тышкы проблемалар толтура, ички экономика андан алсыз, мына бүгүн-эртеӊ кубаттуу державалар менен кармашка баары бир аттанаарын билип, айласы алты куруп турган убакта деле китеп окуганга, кино көргөнгө, музыка укканга убакыт тапкан экен. Жок, ал жеке эстетикалык кумарын кандырыш үчүн же салаарга кушу жок, кылаарга иши жок, зериккенинен улам мейли адабият, мейли согуштук искусство, мейли тарых, мейли кен байлыктарды иштетүү же болбосо агрардык маселелер боюнча эски жана жаӊы китептерди окуганын биз документтерден улам даана билебиз. Эмкилердин СССР империясынын башчысынан да "графиги плотныйбы". Мисалы, Сталин Горькийдин чыгармаларын окуп, өз сунуштарын берген. Тээ 1929-жылдан тартып эле жылдар бою Максим Горький менен кат алышкан. Ал каттарда Сталин жаӊы жазылган адабий чыгармаларды, пьесаларды адабиятчыдан бетер талдап, пикирин билдирип турган. Ал Михаил Булгаковдун чыккан жана чыга элек чыгармаларын да окуп, аны жамандагандарга жооп кайтарып, пьесаларынын коюлушуна оӊ пикирин билдирген. Дмитрий Шостаковичтин музыкаларын талдай билген, андагы кээ бир либералдык ноталарды жазбай сезген. Бирок Шостаковичтин симфонияларын бийик баалаган. Сталин чыгармаларды идеологиялык маселе болгондуктан окуган же уккан дээр айрымдар. Албетте, эл эмнени окуп, угуп, көрүп жатканына кайдыгер болгон эмес. Адабият го мейли дейли, а Сталиндин профессионал лингвисттер же физиктер менен дискуссиясын, океанологдор же курал чыгарган инженерлер менен кадимки адистен кем эмес билим менен дискуссиясын, маектерин, алардын илимий докладдарына койгон визаларын (виза, резолюциялар туууралуу кызык окуяларды кийинчерээк айтам) кантип жокко чыгарабыз. Ошенткен күндө да кеп анын убакыт тапканы, талдаганга билими жеткенинде жатат. Сталин жаӊы түзүлгөн Кыргыз АССРинин өкмөтүн жетектеген жаш кыргыз жигити Жусуп Абдрахмановдун кол менен жазылган күндөлүктөрүн окуп, көк карандаш менен кээ бир жерлерин сызып, белгилеп, кол жазмага өз колу менен "Молотовго, Калининге, Кагановичке ж.б. Окугула, оюӊарды билдиргиле" деп резолюция койгон экен кайран киши.

Сталиндин кат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сталин күндөлүктү окуп чыгып, саясий бюронун мүчөлөрүнө күндөлүк менен таанышып чыгуу боюнча көрсөтмө берген

Уинстон Черчиллге 1953-жылы Нобель сыйлыгы премьер-министр Борис Жонсон жазгандай адабият боюнча - "тарыхый чыгармаларында мыкты чеберчилиги жана оратордук искусствонун ажайып үлгүлөрүн жараткандыгы үчүн" ыйгарылган. Черчилль сүрөт да тарткан. Анын картиналары эӊ кымбат сатылат учурда. Баса, теги бизге тууган Борис Жонсон да мэр кезинде жазган Лондон тууралуу китебин эң мыкты пролог менен баштаган - "О людях, которые сделали город, который сделал мир". Жусуп Абдрахмановдун да, Уинстон Черчиллдин да эч качан спичрайтери же жазмакер жардамчысы болгон эмес. Экөө теӊ докладдарын, макалаларын, сөздөрүн, китептерин өз колу өзү жазып, анан машинкага тердирген. Ушул экөөндө теӊ убакыт азыркылардыкына караганда арбын болчу, экөө теӊ иштебей эле китеп окуп же кагаз булгап жазып отурчу десе, ким ишенет?

Германиянын бириктирип, кубатту державага айланткан Отто фон Бисмарк тарыхый, адабий китептерди калтырбай окуган. Окумак тургай өзү да адабий псевдонимге жамынып, түркүн темада макалаларды жазган, коомдук пикир жараткан. Анын "Мысли и воспоминания" деген китеби дүйнөлүк саясат боюнча эӊ мыкты хрестоматиялык материал.

Американын эӊ популярдуу президенти Джон Фитцжеральд Кеннеди сенатор кезинде эле "Профили мужества" деген китебин жазган жана бул китеби адабият, журналистика тармагындагы эӊ атактуу Пулитцер сыйлыгына татыган.

Улуу муун жакшы билген Леонид Ильич Брежнев да окумал киши болгон. Мыкты режиссерлордун советтик цензура чыгарбай койгон атактуу кинолорун, мисалы Гайдайдын комедияларын Брежнев көрүп, жактырып, элге чыгарууга тапшырма берген. Эгерде Брежнев азыркылардай караӊгы бир пенде болгондо, далай киношедеврлер цензуранын жеми болмок да, кинематография эбегейсиз зыян тартмак.

Ушул атайы ар касы доордон, ар кай мамлекеттерден , мен мисал келтирген мамлекеттик ишмерлерде убакыт азыркылардыкына караганда арбын болчу, алар иштебей эле китеп окуп же кагаз булгап жазып отурчу деп кимиси айта алат. Айта албайт, анткени аларды билбейт дагы, а билбеген соӊ аты-жөнүн так, толук айта алышпайт. Жетекчилердин интеллекти менен абийири мамлекеттин өнүгүшүн аныктоочу күчкө ээ. Буга тарых далил.

Мына ушундай, курдаш.

Алмаз Кулматов.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.