“Ийинимди тосо албадым, бирок менден түңүлбө”: миграциядагы акын Толук Бек Байзак
- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Би-Би-Синин "Насыйкат" адабий түрмөгүндө узак жылдардан бери миграцияда жүргөн кыргыздын таланттуу акыны Толук Бек Байзак. Аны менен кабарчыбыз Айбек Абдылдаев маектешти.

Сүрөттүн булагы, Social media
- Толук Бек Байзак 1966-жылы Токтогул районунун Толук айылында төрөлгөн. 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин бүтүргөн.
- 1991-92-жылдары Кыргызтелефильмде режиссёр жардамчысы жана КТРКда редактор болуп эмгектенген.
- 1993-жылы Түркиянын ТГРТ телеканалына тиешелүү "Ихлас" фильм продакшн студиясында иштеген. Андан кийин узак жылдар бою Стамбул шаарында жашап, логистика багытында эмгектенди. Учурда Москва шаарында жашайт.
Би-Би-Си: Эмиграциядагы адабият деген түшүнүк бар эмеспи. Бирок анын тарыхы башка. Азыркы шарттагы миграциянын мүнөзү өзүнчө кеп. Аргасыз мекенин таштап чыгып кеткен мигранттар арасында интеллектуалдар, банкирлер, музыканттар, дарыгерлер бар. Анын ичинде акын-жазуучулар дагы жүргөнүн көптөр биле беришпейт. Сиз чейрек кылымдан бери өлкө сыртында жүрөсүз, чыгармачыл кишилерге миграция таасири кандай болду?
Т.Байзак: Мен мындан 28 жыл мурун өлкөмү таштап, миграцияга чыгып кеткен экемин. Бир империя кыйрап, анын урандыларында калган постсоветтик өлкөлөрдө иш мүмкүнчүлүктөрү болбой, болсо дагы жан бага албай калгандыктан, көптөгөн акыл эмгегинин өкүлдөрү, интеллигенция, чыгармачыл чөйрө сыртка чыгып кетишпедиби. Азыр биздин көпчүлүк мекендештер Батыш өлкөлөрүндө, Түркия же Орусия сыяктуу өлкөлөрдө эмгектенип келатышат. Мына ошентип 28 жыл мурун мекенден кетип баратып жазылган ырым бар эле. Ошону окуй кетейин:
Кош бол эми көрүшкөнчө
алсыз, жарды Мекеним.
Сени таштап көпкө дейре
алыс сапар кеземин.
Тилеп сенин тынчтыгыңды,
тилеп сага эсендик,
убайымдуу бул күндөрдө,
урматыңы сеземин.
Кеттим алыс, кейиш толгон
жүрөк менен кыялбай.
Жатканыңда жаш баладай
там туң басып туралбай.
Маанай чөгүп, ындын өчүп,
акыл эсиң жыялбай,
турганыңда
кайрат эркти тилейм сага
сүйүп туруп кудайдай.
Сага караан боло албадым,
бу капалуу күнүңдө.
Ийинимди тосо албадым,
бирок менден түңүлбө.
Биз кайтаарбыз жеңиш менен
күндөрдүн бир күнүндө,
ал анткени өзүң барсың,
жүрөктөрдө, сүйүүмдө.
Касиетин Ата журттун
уул эмесмин сезбеген,
алыс жерде өзүңү эстеп
сагынамын эскерем,
бирок ушул кыйын күндө
сага берээр, саа жөнөтөөр,
сүйүүм менен ырдан башка
эчтемем жок, эчтемем…

Андан бери деле эч нерсе өзгөргөн жок. Миграция ого бетер күчөдү деп айта кетсем болот. Миграциянын чыгармачылык чөйрөгө тийгизген таасири эми айтпаса да белгилүү. Анткени чыгармачыл адамдар мекен кусалыгын, мекен сагынычын башка чөйрөлөргө караганда жүрөк менен кабыл алып, сарсанаага көбүрөөк батышарын мен өзүмдөн улам билем. Кайда болсоң деле ит турмуш өтө берери белгилүү. Эч ким ачка калбайт. Бирок ошол мекенге болгон тартуу, ошол жан кыйнаган кусалык, ар дайым жан дүйнөгө тынчтык бербеси белгилүү. Баарын таштап барайын дейсиң, бирок бүгүнкү күндө чыгармачыл чөйрө кандай абалда болуп, кандай мамиле көрүп аткандыгын көрүп турасың. Миграциянын чыгармачылык чөйрөгө тийгизген эң терс таасири бул руханий депрессия. Алыста көп нерсени жоготууга туура келет. Жакындарыңды, жан дүйнөңдү, ишенимди... Белгилүү швед саясатчысы Харс Енсендин айтканы бар эмеспи: "Качан өлкөдөн улуттун эң мыкты өкүлдөрү врачтар, инженерлер баш болгон акыл эмгектеринин ээлери кетип калганда, бийлик башына базаркомдор, сүткорлор, спортчулар, артисттер, жада калса селсаяктар келе башташат",- деп. Мына бүгүнкү өлкөнүн абалы дагы эле ошондой. Бирок таптакыр эле миграциянын терс жактарын деле айтып жата берген болбойт. Дүйнөлүк адабият тарыхын карасак, эмиграция маселеси канчалаган атактуу жазуучуларды тартуулаган. Бунин, Набоков, Назым Хикмет, Бродскийге окшогон залкарлар деле эмиграцияда жүрүшүп, мыкты чыгармаларын жаратышкан эмеспи. Биздин башыбызга түшкөн бу көчмөн жашообуз, азаптуу миграциябыз деле кыргыз адабиятында мыкты таланттарды алып келерине ишенем.

Сүрөттүн булагы, Social media
Би-Би-Си: Түркиянын Стамбул шаары дүйнөнүн маданий чордону болуп, өткөн кылымдын 90-жылдары ошол жакта окусам, иштесем деп эңсегендер көп болду. Ошол жылдары сиз дагы Түркияга чыгып кеткен экенсиз. Сиздин "Истанбул" деген ырыңызды окуп олтуруп, миграциянын трагедиясын жазып салгандай туюлду. Эмне үчүн Стамбулдан Москвага кетип калдыңыз?
Т.Байзак: Өзүң туура баамдагандай, эгемендиктин алгачкы жылдары сыртта окуйм деген жаштарга кошулуп мен дагы Түркиянын Стамбул шаарына барып туруп калдым. Миграциянын оош-кыйышын, алгачкы кыйынчылыктарын ал жактан тартпай койгон жокпуз. Ошону менен бирге жаштыктын эң таттуу, эң кызыктуу жактарын да көрдүк. Стамбулда жашаган жылдар менин чыгармачылыгыма өз таасирин тийгизбей койгон жок. Ал жакта түрк адабиятынын эң мыкты өкүлдөрү менен да жолуктум. Көз карашым, тажрыйбам да кеңейди деп айта алам. Көптөгөн проза жана поэзия өкүлдөрүнүн чыгармачылыгы менен таанышып, котормочулук менен алектенип көрдүм. Буйурса ал эмгектин туундуларын кыргыз окурмандарына да жеткирем деген ойдомун. Стамбул өзүнүн көөнө тарыхы менен, кооздугу менен мени арбап, жети жыл руханий туткунда кармады десем болот. Ал таасирлерди өзүң билген "Истанбул" деген ырымда да берүүгө аракет кылдым. Көп нерсени таптым дагы, кымбат нерселеримди да жоготтум албетте... Стамбулдан кайтышыма үй-бүлөлүк жагдай гана эмес, социалдык-экономикалык абал да себеп болду. Анын үстүнө ошол жылдардагы экономикалык кризистер дагы таасир бербей койгон жок. Чоң шаарлар руханий очок гана болбостон, жеткен аёосуз, ташбоор, капиталисттик шаарлар экендиктерин да эстен чыгарбаш керек. Бирок кандай болсо дагы Стамбулду ар дайым сагынам. Кантсе да ал жерде кымбат учурларым, эскере турган элестерим калган.
Истанбул
Сага кер мурут кезде келгемин
Эми сакалдуу болгондо кайтамын
Сага жаштыгымы бердим
Сага мастыгымы бердим
Сага денемен бир кесим эт бердим…
Сага жанымын бир бөлүгүн калтырдым…
Муну да аз дедиң…
Жаз дедиң бир дастан, жаз дедиң
Сулуу болуп кулпундуң маңдайымда
Шербет болуп тамшанттың таңдайымда
Ээх, кексе Истамбул!
Жети дөбөңөн соккон шамал,
жети жолу айланып
Мармарага түшкөн сымал,
жети жолу мен да айланып,
дал жети жыл сенде калдым.
Көр оокаттын азабынан
көп максатым күм жам болуп
күйдүм-жандым.
Көп нерсени сенден таптым,
кѳп нерсеми жоготтум…
Сага ашык болгонуман
жаштыгымы короттум.
Ээх, кексе Истамбул!
Сенде калдым узак жылдар,
канча күлдүм кайгырдым.
Эчен жолу кеттим сенден,
бирок канча кайрылдым.
Мени тарткан магнит сымал,
көчөлөрүң, буйткаларың,
сепилдериң, көк тиреген мечиттериң,
анан дагы акын жандуу жетимдериң,
ташы топурагы алтын Истамбул, Истамбул…
Би-Би-Си: Өлкө сыртында жүргөн мекендештерден көбүрөөк патриоттук сезимдерди байкап жүрөбүз...
Т.Байзак: Мекенде жүргөнгө караганда сыртта жургөндө көбүрөк мекенчил боло баштайт окшойсуң. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, кусалык деген, сагыныч деген бар. Андан сырткары мекендин ар бир оош-кыйышы, жеңиши жана жеңилиши, кубаныч менен кайгысы жүрөктөн өтпөй койбойт экен. Бул абал эми бардык эле чөйрөгө тиешелүү болсо керек. Башкасын билбейм, мага абдан таасир берип, кыжалат кылат да турат. Убагында Чилинин белгилүү акыны Пабло Неруда да "Эмне болот менин байкуш Чилим?" деп тынчсыздангандай. Мисалы мени өзүмдүн тагдырымдан мурун мекендин тагдыры кызыктырат. Кандай болот келечегибиз? Отуз жыл болду? Миграция күчөгөндөн күчөп атат. Эгемен деген атыбыз эле барбы? Кантип толук кандуу эгемен боло алабыз деген суроолор кыйнайт да турат. Бул боюнча ырымда да айта кеттим эле.

Сүрөттүн булагы, Social media
Эгемендик, эх кайран эгемендик,
Эркиндик деп кыйкырдык,чебелендик,
Ээсиз элди ээрчиткен эрен чыкпай,
Эчен жылдар дүйнөнү тегерендик.
Курсак дедик күнкорсуз түзүмүңдү,
Көрсөк дедик көлөкөң, үзүмүңдү,
Бирок чиркин "чөөлөрдөн" башкасынан,
Ким көрдү экен пайдаңы, үзүрүңдү.
Кан жолдордо кан кустук, куйкаландык,
Кас жоолорго туш болуп уйпаландык,
Кандарыбыз баш болуп саткын чыгып,
Канча жерди соодалап, сыйпаландык.
Эчен кылым жоголбой жеңе келдик,
Эзип жааган жамгырдай себелендик,
Эсен болгун Ата Журт койчусу жок,
Эсен болгун эсилим Эгемендик!
Би-Би-Си: Кыргызстандыктардын "Москва кайрыктары" адабий ийрими тууралуу угуп калабыз. Миграцияда жүргөн өзүңүздөй чыгармачыл кишилердин бири-бири менен байланышы кандай?
Т.Байзак: Албетте, ири мегаполистерде ансыз болбойт эмеспи. Өзгөчө Москва сыяктуу үлкөн калаада андайлар көп. Алар өздөрүнүн жолугушууларын, ыр кечелерин уюштуруп жүрүшөт. Чыгармачыл жаштар ыр китептерин, альманахтарын чыгарышып, жазуучулар кеңешине мүчө болуп жатышат. Араларында таланттуу чыгармачыл жаштар өсүп келе жатышкандары кубандырат. Эл болгондон кийин кайда барбасын маданиятын, тилин, салттарын улап келатышкандыктары абдан жакшы нерсе. Ошондон улам көптөгөн жакшы саамалыктарга катышып калган учурлар да болуп калат. "Москва кайрыктары" аттуу адабия ийримдин бар экенин угуп жүрөм, бирок алардын адабий кечелерине катыша элекмин чынында. Чакырыша да элек. Бирок Москвада эмгектенип жүрүшкөн көптөгөн таланттуу акын кыз-жигиттер менен тыгыз байланышым бар. Араларында Нарсулуу Гургубай, Азамат Омош аттуу белгилүү болуп калышкан таланттар да жок эмес. Мүмкүнчүлүк болуп калса айда эки жолу жолугуп, ыр окушуп, чер жазышып калабыз. Иштен сырткары да ушундай жолугушуулардын болуп тургандыгы кубандырат.
Би-Би-Си: Соңку учурда Кыргызстанда адабият чөйрөсүндө жандануу байкалды. Аны коомдук сайттар аркылуу өзүңүз деле баамдап жатсаңыз керек. Миграциядa жүргөн талантуу кишилердин өзүнчө агымы келип, кыргыз адабиятына чоң жаңылыктарды алып келет деп ишенсек болобу?
Т.Байзак: Чындыгында акыркы жылдары адабиятка кызыгуулардын өсүп, тоңуп жаткан муздардын жылып жаткандыгы кубандырат. Мунун баарына өзүбүз күбө болуп жатабыз. Адабий сайттардын да ачылып иштеп аткандыгы жакшы нерсе болду. Булардын баары адабий атаандаштыкты пайда кыла тургандыгы талашсыз. Таланттуу жаштардын да тартылып, ар кандай адабий конкурстарга катышып жатканын байкап жүрөм. Мындай конкурстарды уюштуруп атышкан демилгечилерге ыраазычылык гана билдириш керек. Азыр мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Тилди жакшы билсең, дүйнөлүк адабий аренага да чыгууга болот. Буга сыртта жүргөн чыгармачыл чөйрөнүн салымы сөзсүз болот. Алардын бай тажрыйбалары, жасаган эмгектери, али өз баасын терең ала элек чыгармалары кыргыз адабиятын дагы да байытарына терең ишенем.
Би-Би-Си: Коомдук сайттар аркылуу чыгармачылыгыңыз менен жакындан тааныш кишилер сиздин чынчыл, жан дүйнөсүнүн абалын жазган акын деп билет. Бирок качан китебин чыгарат деп күтүп жүрүшөт. Эмнеге жазгандарыңызды топтоп, китеп кылбай жүрөсүз?
Т.Байзак: Чынын айтсам ушул жашка чейин адабиятка, өзгөчө поэзияга жоопкерчиликтүү эле карадым. Мени жана мага окшогон замандаштарымды убагында ошого тарбиялап салышкан экен. Ушул куракка чейин көптөгөн китептерди чыгарып салсам деле болот эле. Бирок жазгандарым жакпай жүрүп жылдар өтүп кетти. Өзүңө өтө эле сын көз караш менен караганга да болбойт экен деп калдым. Болбосо канча жолу китеп чыгарам деп чыгып, акыркы сааттарда айнып кетип аттым. Көр оокат да кедерги болду дегендей. Каржы болсо мүмкүнчүлүк болбой, мүмкүнчүлүк болсо каржы болбой, ушул убакка жетти. Менин чыгармачылыгымды баалагандарга чын жүрөктөн ыраазымын. Эми алардын ишенимдерин жокко чыгарбай, ушул күздө китеп чыгарсамбы деген үмүтүм бар. Аманчылык болсо ишке ашат деген ойдомун.
Би-Би-Си: Мекенге качан кайтасыз?
Т.Байзак: Биле албай баасын баркыңдын
Эчен жыл четте чарпылдым
Кымбатын билбей жүрөмүн
Колумда турган алтындын
Куш деле кайтат тууруна
Кайрылып бир күн табам жол
Кагылып сенден кетейин
Каралдым өлкөм аман бол!
Ырымда айтылгандай, ар качан мекенге кайтам деген тилегим бар. Жасайын деген иштерим да бар. Жаман да болсо максаттарым бар. Калган өмүрүмдү мекенге арнасам дегем аруу тилектерим да бар. Эгер ушул армандарымды аткарууга бир ылаажы же бир жардамдар болсо, эртең да барууга даярмын. Бирок баары эле келип каражатка, колдоого такалат экен. Мен деле мына отуз жыл үмүт кылдым. Мекенге биздин муктаждыгыбыз бар, анын бизге да муктаждыгы бар деген үмүт менен жашадык. Дагы эле болсо үмүт кылып келебиз. Балким эл башына чыныгы эрендер келип, бизди эртең деле чакырып алышар, иш менен камсыз кылышып. Бизге кичине эле таканчык болуп беришсе, иш беришсе, биз деле Архимед айткандай жерди аңтарып жибергенге күчүбүз жетет эле. Баарынан мурда aта мекенге керексиз болуп калгандан азап болбосо керек. Мени чынчыл акын катары баалап, мага ишенген окурмандарыма карыздармын! Алыкул акын айтмакчы, мен деле ырларыма калп айтпоого аракет кылдым. Мындан кийин да жалган айталбайт болушум керек. Болгону мени деле адам катары, пенде катары бир арман коштоп келгендигин жашыра албайм. Ошол арманымды ыр менен айтып берүүгө уруксат сурайм.

Сүрөттүн булагы, Social media
Чарпылдым айдыңында өмүрүмдүн
Чабыттап көктөмүндө көңүлүмдүн.
Чарчадым чындык көрүп чыркыраган
Чаң басып тээ түпкүрүн жүрөгүмдүн
Каржалган жылдар гана жазык болуп,
Кан жолдо жаштык гана азык болуп.
Канча эшик каккыладым, бирок баары
Калышты ар убакта жабык болуп.
Кыялдар мен ишенген жалган болуп,
Кишилер мен сыйлаган балбал болуп,
Кайрадан жанталаштым жашаганга
Көөдөнгө касиеттүү арман толуп.
Ак боз ат өмүр өтөт айланганы,
Арыйсың көр оокатка байланганы.
Карыткан адамдарды жылдар эмес
Карытат ишке ашпаган армандары.















